“Кыргызгаз” ишканасы билдиргендей, июль айынан тарта Кыргызстандын түндүгүндө жашагандар үчүн ГАЗ КЫМБАТТАП, м3 на 14,72 сомдон төлөшөт. Буга чейин бул нарк 14,64 сом болчу.
Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев “Республика” фракциясынын лидерлигинен бошотулуп, ордуна депутат АЛТЫНБЕК СУЛАЙМАНОВ шайланды.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков ЖОЖдордогу эң жогорку КОНТРАКТ 5 МИҢ ДОЛЛАР Борбор Азия университетинде экендигин билдирди.
Жогорку Соттун судьялык кызматына жарыяланган сынактын 1-туру аяктап, 72 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ.
Бишкекте ШВЕЙЦАРИЯНЫН ЭЛЧИЛИГИ АЧЫЛАТ. Швейцария Бюросунун Кыргызстандагы коом менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Турсунай Чодурова элчиликти ачуу 2012-жылдын аягына пландаштырылганын билдирди.
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 17-июлдан 23-июлга чейин эмгек өргүүсүнө чыкты.
14-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн 6 адам моторлуу кайык менен баратып оодарылып кетип, алардын ичинен 5 жаштагы КЫЗ ООРУКАНАДА КАЗА ТАПТЫ.
2012-жылдын 6 айында Ысык-Көл облусунда 9 МИЛИЦИЯ кызматкерине 7 кылмыш иши козголгондугун облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.
Өкмөттүн регламентин бузгандыгы үчүн өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Юруслан Тойчубековго СӨГҮШ ЖАРЫЯЛАДЫ.
“Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү сот залына барып бүтүп калууда”,- деп билдирди башкы прокурор АИДА САЛЯНОВА.
Прокурордун өтүнүчү жана жактоочу Султан Баратовдун ден соолугуна байланыштуу депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча СОТ ИШИ ДАГЫ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ.
УКМКнын жетекчиси Шамиль Атаханов билдиргендей, 2012-жылдын 6 айында коррупция боюнча 163 КЫЛМЫШ ИШИ козголуп, алардын 23ү сотко өткөрүлүп берилген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Sagy
2012-07-23 13:17:59
“Кыргызстанда коррупция
менен күрөшүү сот залына
барып бүтүп калууда”
Туура. Сотко жеткиче кээси буу сымал коздон кайым болсо, кээси авторитетин корсотуп тылтыйып коюшат. Атамбаев бир конул буруп койсо кана?
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.