Өкмөттүн бул аракети ишке ашса, жакынкы арада Бишкектин көчөлөрүнөн МАИ кызматкерлерин көрбөй калабыз. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өкмөт жыйынында "2012-жылдын аягына чейин Бишкек шаарынын көчөлөрүндө бир да МАИ кызматкери калбасын. Бардык эреже бузуулар көчөлөргө орнотулган камерага түшүүсү керек” деп ИИМге катуу тапшырма берди. “Эгер ИИМ жетекчилиги бул тармакта реформа жасоону баштабаса, биз кескин чараларды колдонобуз. ИИМ экономикалык кылмыштар менен эмес, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү менен алектениши керек”,- деди.
Көчөлөргө видеокамера орнотуу боюнча тендер жарыяланган жана жыйынтыгы 10-августка чейин чыгат. "Көчөлөрдө МАИ кызматкерлери турбайт" деген кеп айдоочулар үчүн абдан жагымдуу кабыл алынууда. Анткени МАИ кызматкерлеринин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуусуна караганда болбогон шылтоолор менен айдоочулардан пара алуу атагы жалпыга белгилүү эмеспи. Ооба, МАИдеги мындай реформаларга каршы чыгып, терс пикирин айткандар да жок эмес. Бирок алар коопсуздук үчүн эмес, МАИчилер аркылуу толуп келген капчыктарына күйүп жаткандай элес калтырышууда.