ЭМЧЕГИМДИ КАРМАТПАСАМ ЧОҢОЙБОЙ КАЛАБЫ?

– Менин сүйлөшкөн жигитим эмчектеримди катуураак кармалап ырахаттангысы келе берет. Макул болбой койгонумда «эмчектериңди карматпасаң, анда чоңойбой калат» деп мени ишендирүүгө өтөт. Мен болсо ага ишенээримди же ишенбесимди билбейм. Анын үстүнө турмушка чыга элек болгондугумдан, эмчегимди кармалатсам рак оорусуна чалдыгып каламбы деп корком... Женя, Сокулук.

– Биринчиден, кармалоодон улам эмчек өсүп кетпейт. Антсе да кармалоо бийкечте оорутууну жаратпоосу керек экендигин жигиттер эстерине алуусу зарыл. Эмне дегенде денесин орой кармалаган жигитинен кыздар чочулап качып калышат. Мындай учурда назик мамиле зарыл. Экинчиден, кармалоо рак оорусун чакырбайт. Ошондуктан, коркпой эле койсоңуз болот.


МЕНДЕН БЕЛ СУУНУН БӨЛҮНҮП ЧЫКПАГАНЫ ЭМНЕСИ?

– Жакын досум “балдарда бел суу 11-12 жашынан пайда болот. Менин бел суум да алгач жолу сыртка 11 жашымда чыккан” дейт. Ал эми мен 14 жашка чыксам да менде бел суу деген нерсе жок. Ушундан улам досум калп айтып жатабы же менде баары жайында эмеспи деп сурайын дегем. Улук, Талас.

– Негизи, эркек балдарда бел суунун (эрендик) бөлүнүп чыгуусу 13-14 жашка туура келет. Бирок, организмдин жеке өзгөчө­лүгүнө карап, кээ бирөөлөрдүн эрендиги 10 жашынан бөлүнүп чыга баштаса, кээ бирөөлөрдө бул кечирээк, 16-17 жашынан башталат. Ошондуктан, кабатырланбай турганыңыз оң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан