Өкмөттүн 17-июлдагы жыйынында “Облустардагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү” тууралуу токтом кабыл алынды. Ага ылайык, эми өлкөдөгү 7 облус административдик орган катары жоюлат. Буга кошулуп губернатор деген кызмат орду да жоюлмай болду. Көк үй бул токтомдун долбоору парламентте кабыл алынып, өлкө башчысы кол койгон “КРнын Өкмөтү тууралуу” мыйзамын ишке ашыруу максатында иштелип чыкканын айтууда.
Өкмөттүн Аппарат башчысынын орун басары Айгүл Рыскулованын айтымында, мурун губернатор президент менен өкмөткө баш ийип келген болсо, эми өкмөттүн облустардагы жаңы дайындалчу ыйгарым укуктуу өкүлдөрү түздөн-түз Өмүрбек Бабановго баш иймекчи. Демек, облус кожоюндарын Өмүрбек мырза дайындайт. Өкүлдөргө координация, мониторинг жана көзөмөлдөөчү милдет жүктөлөт.