17-июлда Бишкекте Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “Гүлдөсүн Кыргызстан!” аттуу икебана (гүлдөрдү жасалгалоо боюнча япон искусствосу) боюнча көргөзмө болуп өттү. Аталган көргөзмө 2-3-августта Бишкекте өтө турган кыргызстандыктардын “Мекендештер” форумуна арналган.
Көргөзмө Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде "Роза Отунбаеванын демилгеси" Эл аралык коомдук фонду жана КРнын Өкмөтү уюштуруп жаткан кыргызстандыктардын "Мекендештер" форумунун алкагында өтүп жатат. Ошондой эле 1-август күнү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда “Мекендештер” форумунун катышуучуларына арналган классикалык концерт болуп өтөт.