СУЛАЙМАНОВ ЧЫН ЭЛЕ КАЧТЫБЫ?

Убагында каалаганын кылган чиновниктердин жооп берчү күнү эми келди окшойт. Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев 17-июлда экс-башкы прокурор Эльмурза Сатыбалдиевге жана экс-министр Нурлан Сулаймановдун кылмыш иштерине аралашкан-аралашпагандыгы иликтенип жатканын кабарлады. "Ата Журттун" депутаты Нурлан мырза "Транспорт жана коммуникация министрлигин жетектеп турган убакта уурдап-тоноого катышкан" деп шектелүүдө. Ал эми Эльмурза мырзага "2010-жылдын 7-апрелинде Ак үйдөн 3 миллион акча алып чыгып кеткен" деген айып тагылууда. Иликтөө иштери аяктаса, бул иш башкы прокурор Аида Салянованын колуна өткөрүлүп берилмекчи. Жогорку Кеңеш 2 айлык каникулга чыккандан кийин “Сулайманов чет өлкөгө качып кетиптир” деген кеп тараган. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, учурда Нурлан Сулайманов тергөөгө келбей жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Stalker-007
2012-07-23 16:48:12
Жуттар партиясы коррупционерлерди чогултуп алып, анан элим, сенин созун учун чуркап журобуз деп сулогондо просто куйуп эле кетем да...
0
nastya
2012-07-23 20:34:57
Ак уйдон бир эле Сатыбалдиев жебеди окшойт эле милиондорду.Интернетке чыкпады беле ким кайда акча болуп аткандары неге алар тергелбейт экен.
0
Alisher_1984
2012-07-25 13:41:19
Сариев дагы жеген миллионду, отурат бийликте уялбай!!
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан