Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп 2 жыл иштеген Чубак ажы Жалилов арызын жазып, кызматтан кетти. Бул коомчулукта, айрыкча дин кызматкерлеринин арасында катуу талкуу жаратты. Анын ээрден кулашы тууралуу кептер акыркы күндөрү көп айтылып, ортодо альтернативдүү муфтият да түзүлгөн болчу. Муфтий өзү “ден соолугума байланыштуу жана мусулмандардын биримдиги үчүн кеттим” деп жар салганы менен, “аны жогорку жак кетүүгө мажбур кылды” дегендер да бир топ.
Кыргызстан Дин башкармалыгынын Уламалар кеңеши анын ордуна муфтийдин милдетин аткаруучу кылып Рахматулла Эгембердиевди шайлады. Муфтияттын уставына ылайык, анын муфтий катары кызматка толук кандуу киришүүсү 2012-жылдын аягында өтчү курултайда чечилет. Серепчилердин баамында, ал курултайда Уламалар кеңеши кайрадан Чубак ажынын талапкерлигин көрсөтүшү мүмкүн.