Көрмөксөн боло албайбыз, Өзбекстан карыштап болсо да биздин аймакка жылууда. Ал ортодо биздин “чоңдор” Ак үй менен Көк үйдүн короосунан алыс чыга албай убара. “Чек ара маселесин чечпесек болбойт” деп канча сөздөр айтылганы менен, көзгө көрүнө турган жыйынтык жок. Чек ара көйгөйү курч экенин Ала-Бука районундагы ок атышуу кайрадан эскертти.
17-июль күнү Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Булак-Башы айылында кыргыз-өзбек чек арачылары ок атышып, кыргызстандык чек арачы Кадырбек Абдырасул уулу каза болду. Маалыматтарда биринчи болуп өзбек тараптын ок чыгарганы айтылууда. Булак-Башы айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган жолдун курулуш иштери башталганда Өзбекстан чек арачылары тоскоолдук жаратышкан. Буга бүгүнкү күнгө чейин так аныкталбаган чек ара маселеси себепчи болгон. Ал ортодо “Көк-Таш” чек ара заставасынан да “бул жерге жол курууга болбойт, анткени бул жол мамлекеттик чек арага кирбеген аймактан өтөт” деген эскертүү болгонуна карабастан, жол куруу иши улантыла берген. Көп өтпөй өзбек чек арачылары жол куруу ишин токтотууну талап кылып келишиптир. Ошентип, ортодогу мамиле курчуп, ок атышууга алып келген. Чатакта ок тийген чек арачы Кадырбек Абдырасул уулу жан берсе, жергиликтүү тургун Кубанычбек Адылов оор жарадар болуп, райондук ооруканага жеткирилди. Операция жасалып, абалы дагы эле оор бойдон экени кабарланууда. Такталбаган маалыматтар боюнча, өзбек тараптан да жаракат алгандар жана каза болгондор бар.
Окуядан кийин Өзбекстан бийлиги Кыргызстанды күнөөлөп, “бул – кыргыз куралдуу аскерлеринин бандиттик кол салуусу” деп атады. Окуянын таасириби, эртеси өзбек бийлиги УКК Чек ара аскерлеринин командири Руслан Мирзаевди кызматтан бошотту. Кыргызстандын Аскер прокуратурасы да бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Чатактын эртеси күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугушуу өткөргөн Өмүрбек Бабанов каза болгон аскер кызматкеринин жакындарына жардам бериле турганын айтты.