КУРМАНДЫКТАР – КУШ КАЛЕМДИН ЭЭЛЕРИ

Бийликтин төртүнчү бутагы болгон журналисттердин жашоосу кооптуу экени кимге сыр. Акыркы жылдары журналисттерге кол салуу кадимки эле көрүнүш болуп келүүдө. Кыргызстанда да куш калем ээлери арасында курмандыктар көбөйдү...

Жылдын алгачкы курмандыктары

Үстүбүздөгү 2009-жыл дагы бир журналистке кол салуу менен башталды. Жаңы жылдык майрам күндөрү азиат улутундагы белгисиз топ НТС телека­налынын журналисти Алишер Ташматовго кол салышып, анын кол телефонун жана документин тартып алышкан. Учурда бул окуя боюнча үч кылмыш иши козголду. Милиция бир нече версияны карап жатат. Анда кылмыш журналисттин профессионалдык ишине байланыштуу болушу мүмкүн экендиги каралууда. Албетте, көпчүлүк журналисттерге кол салуулар буйрутма мүнөзгө ээ. Себеби соттон утуп чыгууга көзү жетпегендер коркутуу ыкмасын тандап алышат. Бул кол салууда саясый негиз жок деп айтып келишет.

7-мартта ОшТВ телеканалынын журналист-оператору Бахадыр Кенжебаев катуу сабалган. Баш мээси чайкалган жана башка жараттары менен Кенжебаев Ош шаардык ооруканасынын травматология бөлүгүнө жаткырылган. Аталган телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевдин айтымында, 7-март күнү кечинде Бахадыр Кенжебаев Ош шаарындагы Зайнабидинов көчөсүндө бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр кол салып, катуу сабашкан. Бахадыр Кенжебаевдин өмүрүнө кол салууну телеканалдын эмгек жамааты анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырууда. «Анткени акыркы мезгилде башкы оператордун коррупция жана башка жаңжалдуу окуялар туурасында чагылдырган тасмалары айрым аткаминерлерди тынч уктатпай жатышы ыктымал» дешет.

“Досум, бычактап кетти мени...”

Март айында «Репортёр-Бишкек» гезитинин саясый баяндамачысы Сыргак Абдылдаевге кол салынды. 2009-жылы 3-март күнү Сыргак Абдылдаев “Репортёр-Бишкек” гезитинин кеңсесинен өз иштери менен чыгып кеткен. Аталган гезиттин редактору Турат Акимов бул тууралуу: «Аркамдан мени аңдып жатышат”,- деп Сыргак бизге ошол күнү эле айткан. Биз көңүл бурбай, тамашага айлантып койгон элек. Мурда УКК кызматкери болгондуктан, кесиби жагынан андай байкагычтыгы бар болчу. Бир сааттан кийин мен чалып: “Сыргак, интервьюң чала экен, бүтүр мунуңду”,- десем, “Эртең жасайынчы”,- деди. Анан 10 мүнөттөн кийин чалып: «Досум, мени бычактап кетти, сактап кал»,- деп дарегин айтты”.
Сыргак Абдылдаев оор абалда баш калаабыздын №4 ооруканасына түшкөн. Мээси чайкалып, эки колу тең сынган. Анан балтырына 21 жолу: оң жагына 12, сол жагына 9 жолу бычак сайылган. Дарыгерлердин айтымында, журналисттин өмүрүн ооруканага убагында алып келүү сактап калган.
Бул журналист да өз учурунда бийликти сындаган курч макалаларды жазган. Ал кыйла жылдардан бери Бишкектеги орус тилдүү эркин басылмаларда саясый, экономикалык, коопсуздук маселелерин козгогон аналитикалык макалаларын жарыялап келген.
Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө кол салуу Бишкектеги Тоголок Молдо көчөсүндөгү басылманын имаратынын жанында 3-мартта кечки саат 7лерге жакын болгон. Муну көрүп калгандар 20 мүнөттүн ичинде №4 шаардык ооруканага жеткиришкен. Бул тууралуу ал мындай деген: “Бычак менен 16 жолу профессионал адам гана ура алат. Ошондой бир көрсөтмө болгон. Белгисиз адамдардын тобу бирөөнүн буйругун гана аткарышты. Алар буйруктан тышкары эч нерсе жасашкан жок. Өткөн жылкы Алишер Саиповдун өлүмүнө күнөөкөр табылбагандай эле бул кылмыштын бети ачылбасына көзүм жетип турат. Мен болсом кезектеги курмандыкмын. Алар муну менен эле токтобойт”.
Сыргак Абдылдаевди бычактап кетүү боюнча кылмыш иш козголгону менен, күнөөкөрлөр табыла элек.

“Ар дайым чындыкты издейм...”

“Чындыкты сен айтпасаң, мен айтпасам, ким айтат?” дегендей, журналисттерге чындыкты ачык жазганы үчүн кол салынып, айрымдарынын өмүрү менен кош айтышкан кездери да болот. Алардын бири – кыргыз атуулу Алишер Саипов.
Алишер өзбек тилиндеги “Саясат” гезитинин башкы редактору, “Америка үнү” радиостанциясынын кызматкери, “Fergana.ru” маалымат агенттигинин кабарчысы болгон. Өзбекстан бийлигин сындаган “Саясат” гезитинде 2005-жылы Андижанда болуп өткөн кан төгүлүү, бийликтин кемчиликтери, өлкөдө болуп жаткан окуяларды жаап-жашырбай көрсөткөн. Алишер ошондой эле өзбек түрмөлөрүндөгү адам чыдагыс жашоону, Кыргызстандагы өзбек качкындары, президенттикке ат салышуу тууралуу таасын макалаларын жарыялаган. Бийликтин куйругун баскан Алишер талбай чындыкты издегени үчүн өмүрү менен кош айтышты. Бул окуя 2007-жылдын 24-октябрында саат 19да Ош шаарында болуп өткөн. Күбөлөрдүн айтуусунда, кара машинадан үч адам чыгып Алишерге ок чыгарышкан да, көз ачып-жумганча жоголуп кетишкен. Өлөрүнө эки күн калганда Алишер досторуна: ”Менин артымдан атайын кызматтын (спецслужба) адамдары ээрчип жүрүшөт. Ал тургай менин башым үчүн 10 миң доллар сайылганын телефон аркылуу айтышты. Бирок мен үчүн Кыргызстандан артык коопсуз жер жок”,- деп айткан экен.
Айрымдардын пикиринде, бул саясый буйрутма өлүм болгон. Бул тууралуу “бийлик башында тургандар буйруган” деген да сөздөр айтылып келүүдө. “Сен бийликке ачык нааразычылык билдиргенден коркпойсуңбу?” деген суроого Алишер: “Акыры башта бир өлүм. Эгерде мен унчукпасам миңдеген мекендештеримдин эртеңки күнү эмне болот? Мен ошондон корком. Акыйкатты акырына чейин чагылдырам”,- деген экен.

2008-жылы өз кызматын аткаруу учурунда дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн 95 журналист өлтүрүлгөн. Мындай маалыматты Женевада жайгашкан «Press Emblem Cоmpaign» басылмасы билдирген. Өлтүрүлгөн журналисттердин 75 пайызы чыр-чатактуу жерлерде каза болушкан. Бул айрыкча согуштук аракеттер болуп жаткан жерлерге тиешелүү. Ал эми Кыргызстанда “Журналист” коомдук уюмунун маалыматында, 2008-жылы иш учурунда журналисттерге беш жолу кол салынган. Көптөгөн эл аралык эксперттер “Кыргызстандын жетишкендиктеринин бири болгон сөз эркиндиги жыл өткөн сайын кыйынчылыкка учурап жатат” деген пикирди айтышууда.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан