Мамлекеттик жогорку даражадагы чин-мартабаларды мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге берүү иштерин чечүүчү жана президентке сунуштоочу комиссия бар. Мына ошол комиссия тарабынан даярдалган кызык бир документ үстүбүздөгү аптада коомчулукка маалым болду. Аталган комиссия президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен түзүлүп, Президенттик аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев төрага болуп бекитилген. Курамында депутаттар да бар. Мына ошол комиссия бир нече мамлекеттик кызматкерге жана Жогорку Кеңештин 80 чакты депутатына генералдык наамга тете "Мамлекеттик кызматтын II жана III даражадагы мамлекеттик кеңешчиси" чиндерин берүү боюнча документ даярдап, президентке сунуштамакчы болуп жатыптыр.
Мамлекеттик кызматтагылар беш-алтоо экен, макул, алар тууралуу кийин сөз кылалы, бирок чин алмакчы болгон депутат акелердин тизмеси бизди таң калтырды. Баары жүрөт... Арасында Исхак Пирматов, Улан Чолпонбаев, Динара Исаева өңдүү ысымдар бар. Бакыйган орган болгон Башкы прокуратура “коррупциялык боз системдер аркылуу мамлекеттик казынага 258 миллион сом зыян келтирген” деп көзгө сайып айтып жатып да Исхак Пирматовду кылмыш жоопкерчилигине тартууга депутаттардан уруксат ала албады эле, эми ага генералга тете чин беребизби?
Ысымы кримавторитет Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышта айтылуучу, Жогорку Кеңештин босогосун аттаганына 2 жыл болуп-боло элек Улан Чолпонбаев мамлекетке эмне кызмат өтөдү экен? Кыргызды канча миллиондогон сомдорго “сындырып” туруп качып кеткен Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева Кыргызстандын кайсы көйгөйлүү бурчун тиреди эле, ийини менен? Ушундан көрө канча жылдап маани-мазмундуу ырлары менен элдин жан дүйнөсүн байытып келген, мукам үнүн жалпы кыргыз сүйгөн Токтобүбү Черикчиева өңдүү таланттарыбызды баалап-барктап, сыйлык берип салбайбызбы, кандай дейсиздер, Ак үйдөгүлөр?