“Лондон-2012ге” байланышкан жагымдуу кабар. Жеңил атлетчибиз Эржан Аскаров Эл аралык Олимпиада Комитетинин квоталык орундар программасы боюнча “Лондон-2012” Олимпиадасына жолдомо алды. Мындай жеңилдиктер олимпиадалык нормативди толтура албаган өлкөлөргө берилет. Эржан 800 метр аралыкка чуркоо боюнча намысыбызды коргомокчу. Ошону менен мааракелик ХХХ Олимпиада оюндарына барчу расмий делегациянын курамы 36 адамга жетти: 5 расмий өкүл, 14 спортчу, 11 машыктыруучу, 2 доктур жана укалоочу, журналист, калыс жана спарринг өнөктөш кызматтары боюнча бирден киши барат. Кыргыз туусу астында параддан 27 киши өтмөкчү.
Ал эми биз Олимпиадага аттанган спортчулар менен тааныштырууну улантабыз.
ИЛЬЯ ИГНАТЬЕВ
(Парус спорту), КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1992-жыл, 9-май
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Каракол шаары
Бою – 186 см
Салмагы – 83 кг
Буга чейин бир дагы Олимпиадага катышкан эмес.
Жетишкендиктери – Падышалык жарышта (2010, Таиланд) жана Эл аралык жарышта (2011, Катар) 4-орунду ээлеген.
ДАРЬЯ ТАЛАНОВА
(Сууда сүзүү), КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1995-жыл, 8-декабрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 173 см
Салмагы – 52 кг
Буга чейин бир дагы Олимпиадага катышкан эмес.
Жетишкендиктери – 2011-жылкы Дүйнө чемпиондугунун катышуучусу, КРнын көп жолку чемпиону жана рекордчусу.
ДМИТРИЙ АЛЕКСАНДРОВ
(Сууда сүзүү), Эл аралык класстагы спорт чебери, КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1992-жыл, 12-сентябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 185 см
Салмагы – 82 кг
Буга чейин Олимпиадага катышкан эмес.
Жетишкендиктери –Азия чемпиондугунун коло медалчысы (2009).
ЧИНГИС МАМЕДОВ
(Дзюдо), Эл аралык класстагы спорт чебери, КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1989-жыл, 19-июль
Туулган жери – Чу шаары, Казакстан
Бою –187 см
Салмагы – 90 кг
Буга чейин Олимпиадага катышкан эмес.
Жетишкендиктери – Дүйнө кубогунда (2011, Румыния), БАЭ Гран-Присинде (2011, Абу-Даби), Кытай Гран-Присинде (2012, Гиндао) жана Азия чемпиондугунда (2012, Өзбекстан) коло медаль тагынган.
ЮРИЙ КРАКОВЕЦКИЙ
(Дзюдо), Эл аралык класстагы спорт чебери, КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1992-жыл, 27-сентябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 182 см
Салмагы – 100 кг
Буга чейин Олимпиадага катышкан эмес.
Жетишкендиктери – Жаштар арасында Азия чемпиондугунда 3 ирет коло тагынган.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg