МАКСАТ НАМЫСКА ЖАРАДЫ

Орусиянын курамындагы Саха мамлекетинин Якутск шаарында болуп өткөн 5- эл аралык “Азия балдары -2012” спорттук мелдеште Кыргызстандын намысын дагы бир азамат коргоп келди. Каракол шаарынын 16 жаштагы тургуну Максат Токтобаев 34 мамлекеттин спортчуларынын арасынан 5-орунга ээ болуп, кубанычы коюнуна батпай турган чагы. Республика боюнча мелдешке онго жакын адам катышып, алардын ичинен Максат Токтобаев спорттун самбо түрү боюнча алдыңкы орунду багындырып келди. Эске сала кетсек, ал Каракол шаарындагы облустук “Алга” спорт мектебинде тарбияланып, машыгып келет. “Мындан ары да бул баладан үмүтүбүз чоң”,- дейт Каракол шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Улан Кыдыров.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
smbek
2012-07-26 17:26:27
Алга!!!
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан