МЫКСЫЗ КУРУЛГАН МЕЧИТ

Ысык-Көл облусунда учурда 120дан ашык мечит бар. Алардын ичинде Каракол шаарындагы Ибрагим ажы мечити эң байыркы мечиттерден болуп саналат.

Шаардын башкы көчөлөрүнүн биринде жайгашкан борбордук мечит 1904-жылы Ибрагим ажынын демилгеси менен курулган. Ошол убакыттан тартып негиздөөчү Ибрагим ажынын ысымын алып келет. Мечиттин салыныш таржымалы тууралуу Каракол шаарынын имамы Рустам Ыбыкеев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул мечитти Кытайдын күчтүү архитектору Чжоу Сы 20га жакын усталарды алдырып келип, кытай долбоору менен салышкан. Кытайда дал ушундай формада салынган төрт канаттуу 2000-2500 кишилик, Казакстанда 500 киши баткандай мечиттерди кезиктирүүгө болот. Мыгы жок салынган дегендин мааниси – ашталган.
Кадимки кара кышка самын аралаштырып жууруп, кылдаттык менен куюп тургузушкан. Карагайларын тоодон эле алып келип, бутагы жок, түзүн тандашып, кургатышып, кадимкидей тизип, анан табына келгенде аштап салышкан. Мечит 42 жыгач тирөөч менен кармалып турат.

КАМПА, МУЗЕЙ, АНАН МЕЧИТ
Совет бийлигинин убагында, тактап айтсак, 1929-жылдан 1947-жылга чейин мечит кадимки түшүм сактоочу кампа катары пайдаланылып келген. Андан соң тарыхый музей катарында да катталгандыгы бар. Ал эми 1947-жылы имарат кайрадан мечитке берилген.
Азыр шаардын борбордук мечити болгондуктан, мусулмандар намаз окуганы эле эмес, башка себептер менен да көп кайрылышат. Маселен, нике кыйдырганы, ооруган жерине дуба окутканы, маркумду акыркы сапарга узатууга карата окулган жаназа же болбосо адамга азан чакырып ат коюу өтүнүчү менен да кайрылгандардын саны арбын.
Аталган мечит 250-300 киши баткыдай ылайыкташып салынган. Ошого карабастан, 50 жыл илгери мечитке баш баккандардын саны бирин-экин гана болсо, бүгүнкү күндө жаш курагына, улутуна карабай намаз окугандардын саны арбын экендигин көрүп кубанбай койбойсуң. Айрыкча жума күнү бул борбордук мечитке мусулмандар өтө көп санда келип, мечиттин ичине батпагандар намазды сыртына дагы окууга туура келет. Намаз окуу үчүн жеке эле шаар тургундары эмес, айылдардан да келишет. Шаарга келген ар бир чет элдик меймандар сөзсүз түрдө аталган мечитке келип, дуба окуп же жөн гана суктанып кетишет.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
bazan
2012-07-23 10:32:24
алланын керемети
+1
erke85
2012-07-23 12:19:00
Бир кылымдан ашса дагы Кудайдын кудурети менен турат да!!
+1
Агата Кристи
2012-07-24 16:23:44
Бекеринен мечит Алланын жакшы коргон уйу деп айтылбайт да
+1
Knt
2012-07-28 22:15:31
sonun!surottorunon koburook koiup koisonor bolmok!
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан