Учурда майяларды, алардын айтылуу календарын жана маданиятын талкуулоо модада. Биз талкууга албай эле коюуну чечтик. Сиздерди кызыктырган суроолорго төмөнкү кызыктуу 8 факты жооп берет.
№1. МАЙЯЛАР БҮГҮН
Майя – жазуу, архитектура, искусство, математикалык жана астрономиялык системдери менен белгилүү Борбордук Америкадагы цивилизация (б.з.ч. 2000-жылы жаралып, гүлдөгөн доору 250-900-жылдарга туура келет). Байыркы майялардын урпактары катары сакталып калган майя эли гана эмес, Мексиканын, Гватемаланын, Гондурастын кээ бир элдери да эсептешет. Паленке, Чичен-Ица, Ушмаль, Тикаль, Киригуа, Копан, Хойя-де-Серен объектилери ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесин толуктайт. Ушул тапта майя цивилизациясынын өнүгүүсү жүргөн аймактар – Мексика, Гватемала, Белиз, Сальвадор, Гондурас өлкөлөрүнүн курамына кирет.
№2. НООРУЗДА КЕРЕМЕТ ОРУН АЛАТ
Талашсыз түрдө майялардан калган эстелик, мурастарга алардын пирамидалары кирет. Биздин заманга чейинки жеткендеринин ичинен эң белгилүүсү, Күн жана Ай пирамидаларынан турган Теотиукан комплекси эсептелет. Мексиканын Чолула аймагындагы пирамида дүйнөдөгү пирамидалардын эң алпы болуп саналат. Ал Египеттеги Хеопстун пирамидасынан да чоң. Майялардын пирамидалары жөнүндө кеп козгогондо Чичен-Ицадагы кереметтүү Кукулькан тууралуу айта кетпесек болбос. Жылына 2 жолу – жазында (21-март) жана күзүндө (21-сентябрь) күн менен түн теңелген күндөрү миңдеген адамдар анын тегерегине чогулушат. 17:00дө пирамиданын балюстрадаларында (кабаттарынын ортосундагы балкондордун тосмосу) күндүн нурларынан сүрөт пайда боло баштайт. Күн ылдыйлап баткан сайын сүрөт чоңоюп, тепкич менен чоң жылан сойлоп түшүп бараткандай көрүнөт. "Кукулькан" деген сөз майялардын тилинен "канаттуу ажыдаар" деп которулат.
№3. ИЧИН КЕСИП, ЖҮРӨГҮН СУУРУШКАН
Адамдарды курмандыкка чалуу майяларда салтка айланган. Курмандыкка чалуунун түрлөрү көп боло турган: дарга асуу, сууга чөктүрүү, ууландыруу, сабап өлтүрүү, тирүүлөй көмүү. Эң мыкаачы ыкмасы, ичин бычак менен жарып, согуп жаткан жүрөгүн сууруп алуу болгон. Курмандыктар көбүнчө согуш учурунда колго түшкөн башка уруунун өкүлдөрү болсо, өз элинин өкүлдөрү жана башкаруучу төбөлдөрү курмандыкка чалынган учурлар да кездешкен. Майялар ацтектер сыяктуу коңшу уруулар менен атайын кулдарды колго түшүрүү үчүн согушкан эмес. Майялардын заманбап урпактары ата-бабаларынын курмандыкка чалууларын бүгүнкү күндө да колдонушат. Албетте, адамдарды эмес, тоокторду курмандыкка чалышат.
№4. БАЛДАРГА ӨЗГӨЧӨ КАМ КӨРҮШКӨН
“Сулуулук курмандыкты талап кылат” деген кеп майялардан калгандай. Алар балдарынын кичинекейинен сулуу болуп чоңоюусу үчүн түрдүү аракеттерди жасашкан. Варвардык ыкмаларды колдонуудан да кайра тартышкан эмес. Мисалы, балдар күнүгө жүзүнө жалпак бет кап кийип жүрүүгө аргасыз болушкан. Жалпак бет алардын түшүнүгүндө сулуулуктун жана Кудайга жаккандыктын символу болгон.
№5. ЖАРААТТАРДЫ ТИГИП, ПРОТЕЗ ЖАСАЙ АЛЫШКАН
Майялардын медицинасы өз доору үчүн жогорку деңгээлде өнүгүп, маданият жана дини менен тыгыз байланышта эле. Медициналык билимге саналуу гана адамдар ээ болушкан. Мындайча айтканда, аларды шамандар деп койсок болот. Майялар жарааттарды тигүүнү, сыныктарга шак-шак коюуну билип, жадакалса нефрит менен бирюзадан протездерди жасаган тиш доктурлар жашап өтүшкөн. Бирок андай медицина коомдун калың катмарына кол тийгис болгон.
№6. САГЫЗДЫ БИЛИШКЕН
Майялар тиштерин таза сактоо үчүн сагыз чайнашканын тарыхчылар эбак эле аныкташкан. Сагызды алар чикозапоте дарагынын мөмөсүнөн даярдашкан. Чынында, майялардын тиштерине кам көрүүсү бекеринен эмес. Анткени алар шоколад сүйүүчүлөр болушкан: шоколадды алар Кудайдын тамагы деп эсептеп, суюк да, катуу да түрүндө ичип-жешкен. Болгондо да алар шоколадга кызыл калемпир кошуп жешкен.
№7. КЭЭДЕ "КОСМОСКО УЧУП" ТУРУШКАН
Майялар галлюциногендик заттарды колдонууну мыкты билишкен. Өзгөчө диний ырым-жырымдарда жана медициналык максатта. Кактустун айрым түрлөрү, козу карын, түрдүү чөптөрдүн негизинде ооруну сездирбөөчү, күчтүү галлюцинацияны пайда кылуучу ичимдиктер даярдалган. Кызыгы, андай заттарды майялар арткы тешик аркылуу киргизүүнү да билишкен. Айтор, ал мезгилде учурдагыдай көңүл ачуучу нерселер жок болсо, башка эмне кылышмак эле?
№8. БАЯГЫ ЭЛЕ АКЫР ЗАМАН
Майялардын учурда кызуу талкуу жаратып жаткан жетишкендиги – алардын легендарлуу календары. Алардын эң көп колдонулган Цолькин календарын алсак, анда 1 жылда 18 ай, ар бир айында 20 күн болгон. Алардын календары үстүбүздөгү жылдын 21-декабрында үзүлөт. Ага таянсак, дал ушул күнү улуу 5 миң жылдык Ягуардын доору бүтүп, акыр заман башталат. Окумуштуулар 2012-жылдын 21-декабры чындыгында астрономиялык жактан маанилүү экендигин аныктап чыгышты. Бул күнү Жер, Юпитер, Марс жана Сатурн бир сызыкка тизилип, Күн алардын борборунан орун алат. Мындай кубулуш миңдеген жылдарда бир кайталанат. Ошентип, заманбап адам цивилизациясы аталган сейрек кездешүүчү көрүнүштү биринчи жолу башынан өткөрөт. А мүмкүн, өткөрө албайт...
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg