ЮРИСТТИН КЕҢЕШИ

Суроолорго “Абдрахманов и Ко” юридикалык фирмасынын юристи Назира Абдыракманова жооп берет.

«КАЙНИЛЕРИМ ҮЙДҮ БОШОТ ДЕП КОРКУТУШУУДА»
– Менин 4 балам бар. Күйөөмдүн каза болуп калганына 5 жыл болду. Балдарым менен күйөөм экөөбүз тургузган үйдө жашайм. Үйдү өзүмө каттатып алгам. Бирок акыркы убактарда 3 кайним биздин үйгө көз артып, тартып алууга аракет кылып жатышат. Келип “үйдү бошоткула. Эркиңер менен кетпесеңер, өлтүрөбүз” деп чатак салышат. Бир ирет ошондой чатакта бойго жеткен кызымдын мурдун сындырышты. Эмне айла кылып, алардын басмырлоосу менен чатагын тыйдырам? Үйдөн кокус ажырап каламбы деп корком.
Жамиля, 42 жашта, Сузак.

– КРнын Жарандык кодексинин 222-беренесине ылайык, сизге менчик ээси катары өзүңүздүн мүлкүңүзгө ээлик кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугу берилген. Андыктан сиз арыз менен участкалык милицияга кайрылып, балдарыңыздын жана өзүңүздүн укугуңузду коргой аласыз.

«КҮЙӨӨМ БИР ТУУГАНДАРЫНЫН ПЕНСИЯСЫН АЛА АЛАБЫ?»
– Менин кайнагам (45те) менен кайним (40та) экөө тең туулгандан майып. Экөө кайнатамдын үйүндө, ошонун колунда. Кайненем алар менен чогуу турбайт, ал кызынын колуна кетип калган. Кайнатама да, кайним менен кайнагама да каралашкан биз. Күйөөм иштеп, бизди – өзүнүн бүлөсүнөн тышкары аларды да багат. Кайнатам дайыма ичет. Майып балдарына чыккан пенсияны өзү алат да, досторуна арак алып берип жок кылат. Ушундан улам “кайнатамдын ордуна майыптардын пенсиясын күйөөм ала тургандай кылып документтештирсе болобу?” деп сурайын дегем.
Гаухар, 40 жашта. Кара-Балта.

– Бир туугандарынын пенсиясын алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 200-беренесине ылайык, сиздин жолдошуңуз атасынан нотариус аркылуу ишеним кат алуусу тийиш. Анда агасы менен инисинин пенсиясын алууга кайнатаңыз күйөөңүзгө ишеним кат жазып берет.

«БАГЫП АЛГАН КЫЗЫМДЫ КҮЙӨӨМДӨН АЛА АЛАМБЫ?»
– Күйөөм экөөбүз 9 жыл бирге жашап, ажырашып кеттик. Ортодо эркелээр балабыз жок болгондуктан, аргасыз кайнагамдын кызын кичинесинен багып алганбыз. Ажырашкан соң кыз менде калган. Жакында күйөөм мен жок кезде үйгө келип, кызды алып кетип калыптыр. “Эми кызды мага бер, мурун паспортум жок болсо, эми алдым. Аны өзүмө жаздырып алайын, туубасам да, тутунган кызым эмеспи” десем, күйөөм макул болбой жатат.
Айтып кетчү нерсе, учурунда күйөөм экөөбүз нике күбөлүк алган эмеспиз. Менин паспортум да жок болчу. Ошентип, керектүү документтер болбогондуктан, кызыбызга да күбөлүк жаздырган эмеспиз. Эми кызды мыйзам боюнча кантип өзүмө алам?
Гүлзада, 43 жашта,Токмок.

– КРнын Үй-бүлө кодексинин 130-беренесине ылайык, сиз бала асырап алууну каалагандыгыңыз тууралуу арызыңыз менен асырап алынуучу жашаган жердеги үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмгө кайрылсаңыз болот. Же болбосо сотко доо арыз менен кайрылыңыз.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө кырсыкка кабылып, күнөөкөрдү жазалагысы келсе, айрымдар «кимге кайрылуу керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Юристтин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан