ЖАНЫБАРЛАР ДАРЫЛАЙТ

Кыргыз эли байыртадан эле коопсуздугу, ар кандай дарттардан арылуу үчүн айрым жаныбарлардын сактоочу күчүнө ишенип, ырым-жырымдарды кеңири колдонуп келген. Мындай ишенимдердин айрымдары бүгүнкү күндө да колдонулуп келет.

ЭШЕК СҮТҮ
КӨК ЖӨТӨЛГӨ ДАБА
Эл арасындагы “балдары турбаган аялды эшектин терисинин үстүнө төрөтөт” деген маалымат кызыгууну туудурат. Бул ырымдын эки себебин айтып келишкен.
Биринчиси, эшектин чыдамкайлык, ооруга оңой менен чалдыкпагандык сыяктуу сапаттары менен байланыштуу. Башкача айтканда, баланын жаны да ошондой бекем болсун деген ниетте жасалат.
Экинчиси, эшек арам жаныбар деп саналгандыктан, анын терисине түшүп булганган бөбөктөн ажал иренжисин деп жасалчу.
Эл арасында көк эшектин сүтү көк жөтөлгө даба катары колдонулат. Ошондой эле терини жашартуучу касиетке ээ деп айтылат.
Айтылуу Клеопатра жумасына бир жолу эшектин сүтүнө жуунуп тургандыктан, анын териси жапжаш жана мыкты болгону тууралуу маалыматтар бар.
Акыркы убактарда орус диетологдору да “арыктагысы келгендер эшектин сүтүн ичиши керек” деп айтып чыгышты. "Анткени эшектин сүтүнүн курамында май аз, ошол эле кезде керектүү заттар бар" деп да түшүндүрмө беришүүдө.

ҮЙГӨ ЫНТЫМАК ЧАКЫРГАН КУРКУЛДАЙДЫН УЯСЫ     
Куркулдай – сейрек кездешүүчү куш. Уясын жүнгө, пахтага окшогон жумшак нерселерди чырпыкка кошуп согуп, дайыма дарыянын жээгинде өскөн талдардын бутагынын уч жагына салат. Ушундай ыкмасы менен ал куш балапандарын жыланга алдырбай багып, торолтуп учурат.
Элдик медицинада дал ушул канаттуунун уясы ар кандай ооруларга шыпаа болуп келет. Анын уясы заарасы чыкпай тутуккан ооруга, ревматизм, калтыратма, тамак ооруларына миңден бир дары деп эсептелинет. Мисалы, калтыратма оорусунда уядан бир үзүм үзүп алып, аны түтөтүп, оорулууга жыттатышат. Ревматизм жана шишик ооруларына болсо, аны жылуу сууга салып, ооруган жерге басуу керек.
Элдик ишенимде куркулдайдын уясы ынтымак чакырат деп айтылат. Үйүнөн ырк кеткен бүлөлөр бир “эшиктүү” уяны таап, үйүнө сакташса, үйгө ынтымак орнойт деген ишеним бар. Эл арасында “ургаачы куркулдай менен эркеги ынтымактуу жашаса бир эшиктүү, ыркы жок болсо эки эшиктүү уя салат” деген кептер айтылат. Ошондой эле бул чымчык жаны тынбаган мээнеткеч, камкор болгондуктан, анын уясын "ишим оңолуп, жолум ачылсын" дегендер жанына салып жүрүшөт экен.

БҮРКҮТТҮН ӨТҮ
КУТУРМАНЫ АЙЫКТЫРАБЫ?  
Эл ичинде "бүркүт бар жерде шайтан-шабыр болбойт. Илгери кыргыз боз үйдө жашаган мезгилде аял киши төрөй албай, кара басканда бүркүт алып келип капшытка кондуруп койсо, аял жеңил төрөгөн. Ал наристе да тың чыгып, кийин айылдын мыктысы болчу" деген кептер айтылып келет. Бүркүттүн өтүнүн дартка даба жактары да бар экени айтылып, айрымдар бүгүнкү күндө аны кургатып колдонушат. Алсак, гайморити кармап калгандарга бүркүттүн өтүн эзип, таноого тамызып койсо, бул илдеттен арылары белгилүү. Жаңы төрөлгөндө ымыркайды бүркүттөй курч, элге сөзү өткүр болсун деп ырымдап, бүркүттүн өтү менен оозантышкан. Кутурмага чалдыккан жана талма оорусу бар адамга бүркүттүн өтүн берип айыктырса болору тууралуу эл ичинде кеп бар. Ал эми бүркүттүн тырмагын "бөөдө кырсыктан, жамандыктан коргойт" деген ишеним менен бешикке, үйгө, унаага илип алышканын баарыбыз эле көрүп жүрөбүз.

ИТТИН ЖҮНҮНҮН ПАЙДАСЫ
Кыргыз эли итти, өзгөчө сары итти ар кандай жамандыктан коргоочу касиетке ээ деп ишенип, анын жүнү менен тиштерин тумар катары пайдаланышкан. Алсак, балдары турбай чарчай берген ата-энелер жаңы төрөлгөн баласынын кулагын көзөп, иттин жүнүнөн өткөрүп коюшкан. Иттин тиштерин да бөбөктүн кийим-кечесине тигишчү. Эгер үй-бүлөдө бала чарчап калса, андан кийин төрөлгөн ымыркайга көйнөк кийгизерде алгач иттин башына салып ырымдашчу. Бул көйнөк ит көйнөк деп аталган. Мындай көйнөктү көптөгөн небере-чөбөрө көргөн байбиче өлүм алдында көкүрөгүнө коюп жатып үзүлсө, аркы дүйнөдө сурак бербейт деген ишеним болгон.
Эгерде келиндин маалына жетпей ара төрөп койгон учуру бир нече жолу кайталанса же катары менен боюнан түшсө, “өнөкөткө айланып кетти” деп тынчсызданып, көп күчүк тууган канчыктын үстүнөн ырымдатып үч жолу ары-бери аттатышчу экен. Бул, биринчиден, аялдын дарты итке өтүп кетиши үчүн жасалган. Экинчиден, уй, кой, жылкы сыяктуу малдын бала салып койгону көп эле болчу көрүнүш. Ал эми итте андай маселе дээрлик болбойт. Ошондон улам иттин андай касиети келинге жуксун үчүн жасалган.

Эскертүү! Бул ырым-жырымдарды, дарылоонун түрлөрүн колдонордон мурда сөзсүз элдик дарыгерлерден, табыптардан кеңеш алууну унутпаңыз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
abdumalik
2012-07-24 03:07:32
Superinfo бир аз реалдуу жазсанар болмок...
Шариатта кандай карайт, медицина кандай, тактап, толуктоо керекпии.?!
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан