СОГОНЧОК НЕГЕ ЖАРЫЛАТ?

Согончоктун жарылуусу – жазында же жайында болуучу абдан жагымсыз көрүнүш. Баскан сайын оорутуп эле тим болбостон, жайкысын ачык бут кийимдерди кийүүдө ыңгайсыздык жаратат. Ал тургай канап кетиши да ыктымал.

СОГОНЧОКТУН ЖАРЫЛУУ СЕБЕПТЕРИ

  • Нымдуулугу азайып, тамандын териси өзүнүн серпилгичтигин жоготсо.
  • Бөйрөк, калкан без оорулары менен ооруганда. Мында согончок жыл бою жарыла берет. Демек, сөзсүз дарыгерге барып көрүнүшүңүз керек.
  • Таман тери оорусуна дуушар болсо.
  • Семиздиктен улам (бут ашыкча салмакты көтөрө албай, согончок жарылат). Канчалык кам көрсөңүз деле натыйжасыз болушу ыктымал. Андыктан арыктоо зарылчылыгы келип чыгат.
  • Организмге А жана D витаминдери жетишпегенде.
  • Ысык аба ырайынын, ыңгайсыз бут кийимдин, чаңдын, көлдүн туздуу суусунун, кумдун таасиринен улам.

АЙЫКТЫРУУ ҮЧҮН...

  • Күнүгө көбүргөн самындуу ысык сууга бутту салып, 10 мүнөт кармаңыз. Андан соң таза чайкап, кремден сүртүп коюңуз.
  • Чийки картошканы же пиязды майда тиш­түү сүргүчтөн өткөрүп, целло­фан­дын бетине шыбайсыз. Аны таза жуулган со­гончогуңузга жаап, сыртынан бинт менен ороп, байлап коюңуз. Аз дегенде 2 сааттан кийин гана чечүү керек.
  • Жатарда капустанын жалбырагын жанчып, жумшартып алган соң согончокко жаап, сыртынан байпак кийип алыңыз. Байпакты эртеси эртең менен чечиңиз.
  • 1 стакан сулу акшагын сууга ботко кылып бышырып, ага 2 аш кашык зайтун же жүгөрү майын аралаштырасыз да, аны целлофандын бетине сүйкөп, согончогуңузга жабасыз.
  • Сүргүчтөн өткөрүлгөн сабиз менен балды теңме-тең өлчөмдө аралаштырып, жарылган жерге жаап коюу кажет. Маска жатарда колдонулуп, эртең мененкиге чейин калтырылат.
  • Жарылган жерди помидордун ширеси менен сүр­түүгө да болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aitu94
2012-07-23 12:53:22
Jakwi kenewter raxmat
0
Датка кыз
2012-07-23 18:03:06
5 кенешти 3 жолу жасадым, согончогумда жылыш болуп жатат.
0
MaksCharbak85
2018-05-11 11:51:12
Датка кыз,кунуго жасап жатасызбы? Наски кийеби?
0
Jildizka
2012-07-23 18:37:53
Рахмат пайдалуу кенештерди жазганыныздарга.
0
nazymkul1995
2012-07-24 16:51:59
Көптөгөн кеңештерди бергендигиңиз үчүн ырахмат.
0
jan89
2012-07-26 01:01:29
Кенештериниз учун чон рахмат.
0
kanym24
2012-07-27 04:22:54
Жардам болбойт териси кургактарга
0
almasha
2012-07-27 14:03:09
Эн негизгиси жайы кышы дебей наски кийип журсо ошол дагы чон жардам... Барок, биринчи жардам бул тазалык...таза алып журсо согончок жарылбайт дагы кургабайт дагы
0
MA-GQ
2012-07-27 18:31:48
Аябагандаааай керектуу маалымат экен!
0
010288
2012-07-28 19:03:48
кенешиниздер мага пайда болду.чоон рахмат.
0
Sava87
2012-07-29 20:27:20
en jakwysy jelezka menen
kyryp juup jylkynyn maiy menen mailap koiso tez onolot
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан