БАҢГИ ДҮЙНӨ

Кокаин, гашиш, героин жана башка баңги заттары канчалаган адамзатынын өмүрүн кыйып жатса, айрымдарга бул кирешелүү бизнес болуп саналат. Дүйнө жүзүндө баңги зат өндүрүү боюнча Ооганстан Мароккодон кийинки экинчи орунда турат. Ал эми Кыргызстан аны Евразияга таратуунун негизги транзиттик коридоруна айланганы баарыга маалым.

Баңги затынын жаралуу тарыхынан

Баңги затынын жаралуу тарыхын химия илиминин пайда болушу менен байланыштыруудан алыс болушубуз керек. Анткени маалыматтарга караганда, баңги затынын колдонула башташы таш дооруна барып такалат. Ошол кезде эле апийим жана гашишти колдонушкан делет. Биздин доорго чейинки 3000-жылдары Борбордук жана Түштүк Американын индеец урууларынын таш бетине тартылган тарыхый эстеликтеринде алгачкы адамдардын кока дарагынын жалбырагын чайнап жаткан сүрөттөрү да сакталып калган («кокаин» сөзү кока дарагынын жалбырагынан улам чыккан). Диний булактарда да баңги заты тууралуу маалыматтар кездешет. Буга мисал катары Ной пайгамбардын мас болуусу жөнүндөгү баянды карап көрсөк болот. Анда ар кандай чөп-чарларды колдонгон адамдын психикасынын өзгөрүүсү айтылган. Ошондой эле Жакынкы Чыгышта биздин кылымга чейинки III-IV кылымда “кубаныч даны” аттуу нерсе өзгөчө баалуу болгон. Изилдөөлөргө караганда, ал апийим делинет. Ал эми биздин доорго чейинки 2700-жылы Кытайда кара куурайдан даярдалган чайды ичишкен. Ошол кездеги император Шен Нунг өзүнүн кол алдындагыларга андай чайды сергектикти жана активдүүлүктү күчөтүүчү суюктук катары колдонууга буйрук берген экен. Ошондой эле муундардын оорусуна каршы колдонулган. Негизинен, баңги заттарын дары катары колдонуу ар бир мамлекеттин эле тарыхында бар. Мисалы, өзүнүн жүрүштөрүндө жана саякаттарында Марко Поло бул нерседен чыгыш да артта калбаганын айта кеткен.

Коркунучтуу да, кирешелүү да...

Учурда Кыргызстандын абактарында баңги заты менен кармалгандардын саны арбын. Деги эле баңги заты тууралуу кененирээк маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасынын Баңги заттарын көзөмөлдөө агенттигине кайрылдык.
Бул мекемеде эмгектенип келе жаткан тергөөчү Үсөнбек Камбаралиев бизге кенен маек куруп берди.

– Алгач сурообузду баңги заттары менен күрөшүү кызматкери үчүн кандай талаптар керектигинен баштасак...
– Баңги заттарын көзөмөлдөө өтө коркунучтуу жана абдан кылдат мамилени талап кылган жумуш. Негизинен, биринчи эреже болуп ички туюмдун күчтүүлүгү, алдын-ала сезе билгендик эсептелет. Экинчиден, ар кандай кырдаалдарга даяр болууну жана мобилдүүлүктү талап кылат. Мисалы, бизге майрам күндөрүндө да иштөөгө тура келет. Жакында эле 24-мартта биздин агенттиктин Ош облусундагы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан эки чоң операция ийгиликтүү аяктады. Ош облусундагы Молотов айылынан 53 жаштагы мекендешибизди 14 килограмм баңги заты (апийим) менен кармашкан. Учурда бул ишке тиешеси бар адамдар аныкталып жатат. Ошол эле күнү Жети-Өгүз районунан баңги заттарын сатуу менен алек болуп келген 36 жаштагы мекендешибиз 11 килограмм гашиш менен кармалган. Мына ушул эки кишиден эле кармалган баңги заттарынын баасын эсептеп чыкканда 1,9 миллион сомду чапчыган.
– Иш коркунучтуу да болсо керек...
– Албетте, күтүлбөгөн нерселер болуп кетиши мүмкүн. Кадимки эле “боевик” кинолордогу окуялар сымал.
– Негизи, сиздердин жумуштун «башкы каарманы» болгон баңги заттары биздин өлкөгө кандай жолдор менен келет?
– Биздин өлкөдө баңги заты өстүрүлбөйт. Бирок Ысык-Көл облусунда жапайы кара куурай (гашиш) өсөт. Муну “ручник” деп коюшат. Ал эми баңги заттарынын көбү бизге Ооганстандан алынып келинет.
– “Кыргызстан – баңги затын ташуу боюнча негизги жол” дегендин чын-бышыгы канча?
– “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” деп коёт эмеспи. Бизде баңги заттары менен жеке эле кыргыз жарандары кармалбайт. Мисалы, орусиялык, казакстандык, тажикстандык жана башка көп эле өлкөлөрдүн жарандары кармалат. Негизи, баңги затын соодалоо күч алган өлкөлөрдү “жашыл дүйнө” деп коюшат экен. Ал эми биздин аракетибиз – бул аттан алыс болуу.
– “Адамдан амал качып кутулбайт” дегендей, “баңги заттарын ташуунун бир укмуштай жолдору бар” деп эл ичинде айтылып калат...
– Чынында эле адам абдан амалкөй болот эмеспи. Ойго келбеген нерселерди жасашат. Муну мен бир мисал менен тастыктап берейин. Бизде 72 грамм героин, 164 грамм Ооган жеринен чыккан (чарс) гашиши менен Орусиянын жараны кармалган. Ал баңги затын ташуунун өзгөчө ыкмасын ойлоп тааптыр. Кылмышкер баңги заттарды кичинекей контейнерлерге бөлүп, аларды жутуп алып биздин өлкөдөн алып чыгып бара жатканда кармалган. Рентгенден анын ашказанында 74 баңги зат салынган контейнер бар экени аныкталганда гана кылмышкер өз күнөөсүн мойнуна алган. Мындай баңги зат ташуучулардын түрлөрү өздөрүнүн тилинде “жутуучулар” деп аталат. Ашказандары аркылуу ташышкан “кызматкерлерге” көп да төлөнөт экен. КМШ өлкөлөрүнүн укук коргоо органдарында бир “жутуучу” 1 килограммдан ашык героин ташыган маалыматтар бар. Ошону менен бирге эле баңги зат ташуучулардын өлүмү да аз эмес. Себеби кээде ашказандагы таңгактагы же контейнердеги баңги зат эзилип кетет. Мисалы, жакында ойго келбеген жерден кылмышкерлерди кармадык. 27-мартта борбор калаабыздагы цирктин чарбалык мекемесинен кылмышкер айымдар кармалган. Аларды кармоодо бир жолу колдонулуучу шприцтерден сырткары бычак, кадимки столдордун буттары табылган. Алардын көңдөй ичтерине героин салынып коюлган экен. Эгерде бул кылмышкерлердин иши байкалбай калганда алар 3,6 миллион сомду тең бөлүшүп жыргашып, ошол эле учурда канчалаган адамдардын өмүрүнө коркунуч жаралмак. Кармалган 6 килограмм героинден 60 миңден ашык “доза” жасалмак. Бул чети гана. Өлгөн адамдын денеси, аялдар жыныстык органдары менен ташыгандар да кармалган. Негизи, бул баңги заты коомго эң коркунучтуу нерсе, ошол эле учурда кылмышкерлер үчүн эң кирешелүү бизнес.

Баңги заты тууралуу

Ооба, баңги заты коомго коркунучтуу экени талашсыз. Бул дүйнө жүзүндөгү биринчи маселелердин бири. Ал эми бул жаатындагы кылмышкерлердин өлүмгө чейин барып жатканы чын эле кирешелүү бизнес экенин тастыктайт. Маектешибиздин “кирешелүү” деген сөзүн улай ушул эле агенттиктен баалар тууралуу сурап, баңги заттардын баасы ар кайсы жерде ар кандай экендигин билдик.
Эң эле күчтүү баңги заты болуп героин эсептелет. Бул упа жана тоголоктошкон түрдө келет. Муну сайынуу үчүн алышат. Бир килограммы Ооганстанда – 1000, Казакстанда – 6000-8000, Орусияда 12000-18000 доллар болсо, Кыргызстандын ар кайсы облустарында ар башка баада. Мисалы, Ош, Жалал-Абадда 2,500-3000 доллар, Бишкекте – 4000-5000. Андан кийин күчтүүлүгү боюнча апийим турат. Ооганстанда килограммы – 200-300, Казакстанда – 1000-1500, Орусияда 2500-3000 доллар. Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад облусунда – 500-700, Бишкекте 700-1000 долларга чейин. Гашиш негизги баңги заттарынын арзаны болуп эсептелет. Муну тамеки катары чегишет. Ооганстанда – 250-300, Казакстанда – 1500-2000, Орусияда – 2000-3000, Кыргызстандын Ош облусунда – 500-800, Бишкекте 800-1200 долларды чапчыйт экен.

Аталышы ар башка, заты бир

Баңги заттарынын ичинен кокаин түрдүү аталышка ээ. Башка баңги заттарына караганда кенен таралып, өтүмү да жакшы экендигинде.
Мисалы, булар эл арасында көп таралган аталыштары:
«Тальк», «снег», «кока», «леди», «антрацит», «беляшка», «кикер», «кокс», «марафет», «мороз», «нюхара», «нюхта», «рассыпуха», «серебряная пыль», «чума», «коксануть», «мел».
Ал эми героин “үч үч” (333), “үч беш” (555), үч жети” (777), “үч тогуз” (999) деген деңгээлдерге бөлүнөт. “Үч тогузду” (999) колдонгон адам жетинчи асманга учуп калат” деп коюшат. Булардын ичинен да “үч жети” (777) өтө популярдуу деп эсептелинет.

Статистикага кайрылсак

Кыргызстандагы баңги затына каршы күрөшкөн мекемелерден алынган 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча баш-аягы 13 тонна 711 килограмм 177 грамм баңги заттарынын түрлөрү колго түшүрүлгөн.

Баңги зат баалары

(килограммы доллар менен)

Героин

1000

2500-5000

6000-8000

12000-18000

Апийим

200-300

500-1000

1000-1500

2500-3000

Гашиш

250-300

500-1200

1500-2000

2000-3000

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан