Жайдын келиши менен атактуулардын үй-бүлөсүндө толуктоолор боло баштады. Алардын катарын ырчы Нэна менен бийчи Бакыт Байсариев да толуктап отурушат. Бакыт 14-июль, Нэна 16-июлда уулдуу болушуп, кубанычтарында чек жок. Эки наристе тең 3 килограмм 800 грамм салмакта төрөлүп, азыр ден соолуктары жакшы. Келечекте жаңы төрөлгөн “жигиттердин” бири ырчы, бири бийчи болуп чыксын дейбиз!