Талас районунун Көк-Ой айылына актриса Шайыр Касымалиева “Жаза” спектакли менен барган. Бирок “эл аз келди” деген шылтоо менен спектакль 20 мүнөткө жетип-жетпей бүтүп калыптыр. Шайыр Касымалиева "Каныкейдин монологун" айтып, андан соң алпаруучу “балдар көп экен” деп оюнан чыгарып жомок айтып бериптир. Акырында “эл аз болгонуна байланыштуу, анын үстүнө сиздер дагы чарчап жатсаңыздар керек” деп көшөгөнү жаап салышыптыр. Эл "кайран 100 сом" деген бойдон актрисага нааразы болуп үйлөрүнө тарашыптыр.
Бул тууралуу жооп алуу үчүн актрисанын өзүнө кайрылганыбызда: “Биз менен чогуу бара турган артисттерибиздин бирөө барбай калгандыктан, жагдай ушундай болуп калды”,- деп жооп берди.