Ырчы Жеңишбек Айтиевдин Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго болгон "сүйүүсү" күчөп кеткен окшобойбу, айтор, мэрге арнап "Эл камын ойлогон Мелис мырза" аттуу ыр жазып жатат. "Чындыгында, Мырзакматов келгенден кийин гана Ош шаары өзгөрүлдү. Жолдор салынып, эстеликтер тургузулууда. Ошондуктан ага арнап ыр жазып жатам",- дейт бир кезде "атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага?.." деп ырдаган ырчы мырза.