Өткөн саныбызда Клара Алибекова сырларын төгүп, ичиндеги бугун айтып интервью берген эле. Сөз арасында уулун жалгыз тарбиялап келатканын айтып, мурунку жолдошу, баласынын атасы ырчы Байыш Момунов экөөнүн ортосундагы болуп өткөн мамилелери тууралуу кеп козгогон. Гезит чыгары менен Байыш Момунов кабак-кашын түйүп бизге чамынып келди. "Мен Кларага үйлөнүп чоң жаңылышкам. Алды-артын карабай, оюна эмне келсе айта бериптир. Жакшы адам эч качан устаты менен кайым айтышпайт. Айчүрөк эже менен деле жакшы адам болгонунан урушпаса керек" деген сөздөр менен Кларанын эски чырларын чукуп кирди. Анын арасында "Кларанын маегин эмнеге гезитке чыгардыңар?!" деген нааразычылыгы да бар. Бизге Байыш менен Клара бирдей эле ырчылар. Маекке чакырганыбызда каарманыбыз эмнени элге айткысы келсе, ошону баяндап берет...