Зарема Асаналиева: «ЖАНЫМДА МЕН ИШЕНГЕН ЖОЛДОШУМ БАР»

“Боз салкын” тасмасындагы айтылуу Анаранын образын чагылдырган жаш актриса Зарема Асаналиеванын “мен алыска турмушка чыккым келбейт, өз айылымдын тегерегинде калсам экен...” деген сөзү бар эле. Чындыгында эле Зареманын ошол тилеги орундалып, өзүнүн эле жердешине турмушка чыгып, ак жоолукту бекем байланып келиндик доорго аттанды.

– Кандайсың, Зарема? Турмуш жолуна аттаныптырсың, бактылуу бол!
– Рахмат.

– Турмушка чыкканыңа бир ай болуп калыптыр, ушуга чейин коомчулуктан неге жашырып?..
– Чынын айтсам, элге жарыялоого чолоом деле тие элек. 15-июнда турмушка чыккам. Ошондон бери эле келин көрүп келгендерден колум бошобойт. Анын үстүнө жаңы келин болгондо өзгөрө түшөт экенсиң. Көп нерседен тартынасың дегендей. Бир жолу гезиттен телефон чалышканда жакшы эле айтайын дедим, бирок тартынып койдум.

– Бөлөк үйгө көнүп кетүү деле бир топ кыйын болуп жатса керек, анын үстүнө шаарда бир канча жылдан бери жашап калбадыңбы...
– Таптакыр эле башка жакка түшүп калгандай болдум. Башында кысынып жүргөм, азыр кичине көнүп калдым. Өзүң айткандай, айылда төрөлүп, айылда эле чоңойсом да, шаардын ар кандай жеңилдиктерине көнө түшкөн экем.

– Таң атпай туруп уй саап, самоор кайнатып жатасыңбы?
– Жо-ок, уй кармабайбыз. От жакканды унута түшүптүрмүн, конок келгенде казанга тамак бышырганда от жага албай эле жүдөп жатам. Мурдагыдай түшкө чейин уктамай деген жок.

– Кел, жигиттен жолдошуңа айланган мырза тууралуу сөз кылалы.
– Жолдошумдун аты – Кубан. Өзүм менен тең, 25 жашта. Кесиби боюнча юрист, бирок учурда жеке ишкердик менен алек болуп жүрөт. Кичинекей чагынан баштап күрөш менен машыгыптыр. Азыр иштерине байланыштуу токтотуп койгон. Үйдө көп медаль, дипломдору бар.
Кубан экөөбүз эки жарым жыл сүйлөштүк. Убакыт-сааты жетип, бири-бирибизге толук ишенгенде баш кошуу тууралуу чечим чыгардык. Эки тарап бири-бири менен таанышып, анан кыргыз салты менен үйдөн алып кетишти. Негизи, бой жетип калганда эле алыс жакка турмушка чыкпасам экен дей баштагам. Ошол себептен да болуш керек, өзүмдүн туулуп-өскөн жерим – Каракол шаарынан көп алыс эмес Ак-Суу районунун Ак-Суу айылына келин болуп түштүм.

– Кыргызча алып кетсе, заманбап тоюңа да күбө болобузбу?
– Буюрса, ушул айдын соңунда же келе жаткан айдын башында белгилейли деп жатабыз. Тоюбуз Караколдо өтөт.

– Кыялыңдагы үлпөт көйнөктү таап койдуңбу?
– Албетте, ал биринчи орунда да.

– Калың жагынан күйөө бала сен жакты капа кылган жокпу?
– Жок, капа болуулар болбоду.

– Жаш келинге ар тараптан сыноо жарыяланат эмеспи. Сен деле абысындардын “экзаменинен” өтсөң керек?
– Кубан үч бир туугандын кичүүсү. Кайнежем жана кайнагам үй-бүлөлүү. Очор-бачар болуп калышкан. Эми абасынымдын "экзаменинен" жакшы эле өттүм окшойт. Жумуштардын баарын эле колумдун келишинче аткарып жатам.

– Үйдүн кичүүсүнө турмушка чыккан экенсиң, кайнене- кайнатаны багуу Кубан экөөңөрдүн колуңарда турбайбы?
– Кайнатам жок. Кайненемди мурдатан эле кайнагам карап, чогуу жашап келишиптир. Биз бөлүнүп, өзүнчө жашайт окшойбуз.

– Өзүнчө бөлүнүп жашоо сенин карьераңа байланыштуу эмеспи?
– Актрисалык кесибимди уланткым келет, бирок жолдошум эмне дейт билбейм. Азырынча менин карьерамды үй-бүлөлүк кеңешке салып көрө элекпиз. Жолдошум экөөбүз кыз-жигит болуп жүргөндө ал менин кесибиме түз эле көз карашта болчу. Азыр деле ошол оюнда болуш керек. Жолдошум каршы болбогону менен, кайын журт деген бар, аларды да ойлошум керек. Ошентсе да жеке менин оюм, ушунча окуп, актрисалык кесипке чыйыр жол салып алып, ошол бойдон токтоп калгым келбейт.

– Эгерде жолдошуң, кайын журтуң актрисалык кесипти жыйыштыр дешсе, аны таштоодо кыйылат экенсиң да?
– Эми аны алдыдагы жашоо көрсөтөт. Алдын ала көрөгөчтүк кылып, "мындай болот, тигинтем, минтем" деп айтпай эле турайын.

– Жакынкы аралыкта сен эңсеп жүргөн тасмага тартылууга сунуш түшүп калса эмне кыласың?
– Турмушка чыгарга бир жума калганда бир тасмага сунуш түшкөн. Тартуу иштери сентябрь айында башталат экен. Бул тууралуу үйдөгүлөргө айта элекмин.

– Жоолукту баса байланып оокат жасап, азырынча чыгармачылыктан алысмын дечи...
– Айтпа. Жоолук башымдан түшпөй калды, чачымды эртең менен бир көрөм дебейминби.

– Жаңы келин болуп келгенде кызыктуу окуяларга кабылат эмессиңби. Сенде да болуп жатабы?
– Ии. Көлдө келин келген кишинин баарына эле жүгүнө бермей салты бар. Ал эмес, байбиче болгондо деле жүгүнгөндөр болот. Бир жолу Кубандын курбу кызы келиптир. Шашып кетип эле жүгүнүп жиберсем, ал да эмне дээрин билбей туруп калды. Кээде ушинтип жүгүнбөй турган адамдарга жүгүнүп, жүгүнчү адамдарды унутуп койгон да учурлар болуп жатат. Кээде эртең мененкисин кайнагама жүгүнгөндү унутуп калып, кечке кыйнала берем.

– Турмуш арабасына чиркешкенден кийин жолдошуңдун сага билинбеген кыял-жоруктары ачыла баштаса керек...
– Албетте. Менин бир байкаганым, эгер уктап калса, ойготуу кыйын экен. Араң тургузуп жатам. Азырынча мындан башка өзгөрүүлөрүн деле байкаган жокмун. Негизи, мүнөзү аябай жакшы. Улам өзгөрүлүп турган адамдардан эмес. Мага дагы бир мүнөзү жакты, улуу адамдарды, айрыкча ата-энени өтө барктап, кадырлайт экен. Эгерде ата-энеге ушундай мамиле жасаса, анда ал адам аялына да ошондой мамиле кылат деп коюшат эмеспи. Ушул мүнөзүнөн жазбаса экен деп тилеп жатам.

– Ачылбаган нерсе демекчи, жолдошуңдун сага чейин сүйлөшкөн кыздарын да кыйнап сурап жатсаң керек?
– Ха-ха. Жолдошум мага чейин бир кыз менен сүйлөшүптүр. Анын сүрөтүн да көрүп алгам.

– Айтчы, турмушка чыгуунун жаман жактары бар бекен?
– Ар бир нерсенин эки тарабы болот да. Менимче, анча-мынча казан-аяк кагышпаган үй-бүлөлөр болбойт болуш керек. Турмушка чыгуунун эң жаман жагы эле ушул го дейм. Мындай нерсе биздин үй-бүлөдө деле болушу мүмкүн, бирок аз эле болсо экен деп Кудайдан суранып жатам. Ал эми эң жакшы жагы – жаныңда сен ишенген, арыз-муңуңду айта турган жакын адамыңдын пайда болушу.

– Келин көрүү салтынан мурун актрисаны көрүүгө элдин аягы суюлбай жатса керек...
– Кээ бири күбүрөп-шыбырап "Боз салкындагы" кыз эмеспи?.." деп калышат. Базарга барып калсак, артыбыздан "Боз салкын", "Боз салкын" деп жатышат, айтор.

– Учурда экөөңөр бири-бириңерди эркелетип эле турган чагыңар да. Жолдошуңдун кандай эркелетүүлөрүнө бөлөнүп жатасың?
– Ал мени Зайка дейт. Дагы көп эле сөздөр менен эркелетет, анын баарын менин эле кулагым уксун, жакшысы. Мен аны “жаным” деп эркелетем.

– Ушинтип эркелешкен, кол кармашкан бойдон өмүр сүргүлө. Маегиңе чоң рахмат!
– Сиздерге да рахмат!

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
fanatka19
2012-07-23 13:20:18
Бактылуу болгула.мага менин эле кулагым уксун дегени жакты
0
elvira.n.89
2012-07-23 20:23:06
fanatka19, Ал сөзү мага дагы жакты, туура айтат.
Бактылуу болушсун!
0
redbull4ik
2012-07-23 18:54:35
эже жезде бактылуу болгула.
0
venadina
2012-07-23 21:31:38
Бактылуу болгула!
0
melashka
2012-07-23 23:03:27
бактылуу болгула
0
asemkiz
2012-07-24 10:37:15
Тааныбайт экемин, кинодо татынакай эле, азыр ону бузулуптур го, коздору чекчейип кетиптир....
0
redbull4ik
2012-07-24 10:42:13
asemkiz корот элем сени куйоого тийгенде козундун чекчейбегенин. негизи биз кыргыздар озубуздун башыбыздагы тоону корбой бироонун башындагы чопту коро беребиз.
0
montana
2012-07-24 16:34:13
аябай жакшы жооп бериптир, мен Зареманы ушундай кыз деп ойлогон эмесмин, кобунчо артисттердин кобу кайсар болушат го, а Зарема болсо токтоо, так, электен откоруп анан жооп бериптир, бактылуу болгула!
0
maksat87
2012-07-24 19:08:39
oo bul balani karakolduktar jakshi taaniyt. bir kancha jolu oturup chikkan mesniy avtoritet))
0
aiperishka_
2012-07-24 21:35:23
кармашкан колунар бекем болуп бактылуу болгула!!!
0
Kg_boy3239
2012-07-25 12:30:33
бактылуу болгула
0
bosmos7
2012-07-25 17:20:38
Бактылуу болгула !!!
0
aroka_07
2012-07-26 05:08:41
Бактылуу болгула менин жердештерим !!!
0
Asemokakg
2012-07-26 14:03:22
эч качан кармашкан колунар узулбосун
0
lapusya
2012-07-28 18:49:44
бактылуу болгула!
0
mamalakk
2012-07-29 23:49:18
Бактылуу болгула!
0
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан