“Чоңдор иштебейт, жарытпайт” деген түшүнүк акыркы 20 жыл ичинде кыргызга терең сиңип, жууса кеткис болуп баратат. Ушундай нааразычылыктар баш калаабыздын башчыларына дайыма айтылып келген. Учурдагы мэр Иса Өмүркуловдун дарегине деле байма-бай айтылууда. Андыктан шаар башчысынын жанында күнү кечке жүрүп, бир күндүк иш убактысын кандай өткөрөрүн билели деп чечтик. “Ушундай сунуштар менен келген бир дагы гезитке макулдугумду берчү эмес элем, силердин өтүнүчтү кабылдабай коё албадым” деп жатып макул болду.
Шаар мэри кечинде канчада жатканына карабай, таңкы саат 6да турат экен. Эртең менен 7:30да жумуш ордуна келди. Мэриянын башка кызматкерлери келгиче күндүн планын карап чыгып, алар келгенде тапшырма берип, иш күнүн баштады.
Мэрдин кабинетине кирген адамдын сыйлуу жайдан орун алган бир канча сувенирлерге көзү түшпөй койбойт. Арасында буддисттерге тиешелүүлөрү да турат. Ырым-жырымдарга ишенет го деп сурасак, “айрымдарын чет өлкөгө чыгып калганда алып келгем, айрымдары белекке келген” деп жооп берди. Ырым-жырым демекчи, эгер алдынан кара мышык өтүп кетсе, “күнүм ийгиликтүү өтөт” деп тамаша иретинде жоруп коёрун, кыргыздын айрым ырым-жырымдарын кармана турганын айтты.
“Шаарга көрк берүү үчүн гүлдөрдү отургузганыбыз баарына маалым. Аларды кээ бир тургундар түбү менен жулуп кетип жатышат. Алар – өз шаарын сыйлабаган адамдар”.
“Бир кезде “жашыл шаар” атагы бар Бишкектин эчен жылды карыткан эмен бактарынын куурап жаткандыгы кейитпей койбойт. Анын себеби ушул күнгө чейин так аныктала элек. Азыр окумуштууларды, туура диагноз коюучу адамдарды чакырып жатабыз”.
“Түштөнгөнү үйгө эле келем. Ал эми кечки тамакка үй-бүлөм менен толук курамда чогулабыз. Үйдө катаал эмесмин. Өзгөчө ушул столдун тегерегинде күлкү көп болот”.
Мэрияга шаар тургундарынан ар кандай доо арыздар түшөт. Айрымы, чынында, карала турган маселе болсо, кээде подъезддеринин алды булганып калганын айтып арыздангандар да болот. Бул иш күнүндө шаар тургундары менен эки жолугушуу пландалыптыр.
“Небере деген балаңдан да артык жан экен. Жумуштан келип аларды көргөндө кадимкидей эс алып калам. Учурда 6 неберем бар. Тамдын дубалдарына сүрөт тартып ойношот. Жубайым экөөбүз тентек кылып жатышса да уруша албайбыз. Биздин көзүбүз мындай болсо эле ата-энелери тарбиялап киришет. Азыр Ысык-Көлгө эс алганы кетишкен. Сагынып, улам минтип сүрөттөрүн карап коюп отурам”.
“АТТАРЫМДЫ ӨЗ БАЛДАРЫМДАЙ ЖАКШЫ КӨРӨМ”
Иса мырзанын бир ышкысы бар. Ал – жылкылар. «Чарчаганда, нервдер чыңалып чыкканда ат минип эс алам» дейт. Жылкыларынын бир тобу айылда болсо, күлүктөрүн Бишкекте кармайт. Жыл сайын жайлоого барып бээнин сүтүн ичип, ден соолугун чыңдайт экен.
– Канча жылдан бери жылкы кармап келе жатасыз?
– Бала чагымдан бери эле мал-жандын арасында өстүм. Өзүм сатып алып, багып баштаганыма жыйырма жылдай болду. Арасында сойгонго жана сатканга ылайыкталган жылкылар көп. Азыр англис породасындагы жүздөй күлүгүм бар. Алар деле менин балдарымдай. Баарына аяр мамиле жасайм.
– Күлүктөрүңүздү ат чабышка саласызбы?
– Ооба, жакында эле бир күлүгүм Чолпон-Атадагы байгеден 3-орунду алды. Чабышка даярдай турган ишеничтүү саяпкерим бар. Ал 15 жылдан бери күлүктөрүмдү таптайт. Саяпкеримдин артынан алдыңкы орундарды багынтып, 20-30дай унаа утуп алганбыз.
– Дайыма утушка ээ болуп жүрүп, утулуп калганда жинденесизби?
– Албетте, дайыма күлүктөрүм жеңишке жетсе экен дейсиң. Бирок жеңилүү ызасын да тарта билиш керек. Андай утулуп калган учурлар деле болгон.
– Балдарыңыз атка, деги эле мал-жанга кызыгышабы?
– Улуу балам кызыгат. Малды союп, жиликтегенди жакшы билет. Кичүү балам кичинекей кезинде кызыкчу. Бир күнү сарайга алып келип атка мингизип койсок, ал мөңкүп кетип кулап түшкөн. Андан кийин такыр жолобой жүрүп, чоңойгондо гана ат мине баштады.
“МЕН КЕЛГЕНДЕН БЕРИ ЖЕР БАСЫП АЛУУ БОЛГОН ЖОК”
– Иса Шейшенкулович, сиз менен күнү кечке жүрүп, иш күнүңүзгө күбө болдук. Шаар үчүн кандай салым кошуп жатам деп ойлойсуз?
– Мэрден шаар тургундары, эң биринчиден, тегиз жол менен тазалыкты талап кылат. “Тазалыктын” кандай иштеп жатканын өзүңөр көрүп жатасыңар. Эртең менен көчөлөрдү шыпырып, жыйнап кетет. Бирок арабызда жүргөндөр эле кайра чачып салышат.
Жол маселесине токтоло турган болсок, баарыңарга белгилүү – экономикабыздын акыбалы начар. Жакында Түркия 35 миллион доллар кредит бөлүп берди. Ал акчага жолдорду оңдоп баштадык. Оңдоо иштери да бир күндүн ичинде бүтүп калбайт, убакыт керек. Ошондой эле мэр болуп шайланганымдан бери Бишкекте бир да чарчы метр жерди басып алуу деген боло элек.
– Эгемендүүлүктөн берки убакытты алсак, көпчүлүк шаар башчысынын артынан ыраазы кептер калган жок. Баарын «жеди-ичти» дешет. Айрымдары минтип камакка да алынып жатышат. Ушундай ойлор сиздин тынчыңызды албайбы?
– Мэр болуп дайындалгандан бери ушул ой менен жашап келем. Кайсы адам эле артында жаман сөз калуусун кааласын? Кийин адамдар Бишкекти аралап жүргөндө «ушуну Өмүркулов жасады эле» дегендей жакшы из калтыргым келет. Балдарым, неберелерим да Өмүркулов деген фамилияны сыймыктануу менен алып жүрүүсүн тилейм.
– Борбор калаабыздын тарыхындагы мэрлердин кимисиндей болгуңуз келет?
– Ушул убакытка чейин канчалаган мэрлер тарыхта калды. Алардын арасында 50-60-жылдардагы мэрлердин ишин аябай баалайм. Чындыгында, ошол мезгилдеги мэрлер борбор калаабыз үчүн жан күйдүрө иштеп, заводдорду куруп, миңдеген чарчы метр аянттарда курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Өзгөчө Сүйүндүк Юсупов, Ава Такырбашов, Абдразак Макенов, Октябрь Медеров, Апсамат Масалиев сыяктуу мэрлердин кылган иштери жагат.
Жумуш убактысы таңкы 7:30дан башталып, түнгө чейин созулган мэрдин бир күндүк иши мындай көрүнүштөр менен гана чектелбейт. «Кээде түштөнгөнгө да убакыт таппай калам» дейт. Шаардын чарба иштеринен сырткары өкмөттүн чогулушу, атайын сүйлөшүүлөр көп убактысын алат. Ал эми баш калаада майрам, ар кандай иш-чаралар өтүүчү күндөрдө дем алышсыз иштеп, кызматкерлердин бардыгын ишемби-жекшембисине карабай жумушка чыгарам дейт.
Айдай Асанбекова
politika@super.kg