Өткөн аптада «Ата Журт» курултай өткөрүп, анда партиянын жетекчи органы жаңыланды. Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев партиянын төрагалыгына шайланды. Бирок “бул курултайга Ахматбек Келдибеков жана дагы бир катар белдүү депутаттары катышпады” деген күдүң кептер тарады. Андыктан аталган партиянын оош-кыйыштары тууралуу Камчыбек Ташиев менен кеңири маек курдук.
– Камчыбек мырза, «Ата Журттун» кезексиз курултайында сиз партия төрагалыгына шайландыңыз. Трибунага чыкканда эле партиянын катарында олуттуу тазалануулар болорун айттыңыз, маегибизди ушундан баштасак...
– «Ата Журт» партиясындагы акыркы өзгөрүүлөр коомчулуктун бүйүрүн кызытпай койбоду шекилдүү. Кезексиз курултайда төрага эле эмес, жетекчи органы да толук жаңыртылды. Партияны буга чейин Садыр Жапаров жетектеп келген. Тактап айтканда, Садыр Жапаров төрага, ал эми Ахмат Келдибеков экөөбүз партия жетекчилеринин бири катары жүргөнбүз. Ачык айтсам, акыркы мезгилде партиянын ишмердиги бир аз солгундап, биз, жетекчилер, депутат болгондугубуздан саясатка баш-отубуз менен кирип кеттик. Мына ушул кемчилдиктерди байкап, партиянын ишмердигин өркүндөтүү, күчтөндүрүү максатында мен парламенттеги фракция лидерлигин өткөзүп, бүт күч-аракетимди партияга жумшоону чечтим. Мурда биздин партияны үч киши жетектесе, мындан ары бир гана төрага жетектей турган болуп, башкаруу тизгинин, бардык жоопкерчиликти өз моюнума алдым. Cаясий кеңешке да 35 киши шайланып, курамы дээрлик жаңыртылды.
Саясий кеңеш негизинен 30-40 жашка чейинки активдүү жаштардан, республикабыздын бардык аймактарынан регионалдык баланс менен куралды. Буга чейин “эл тааныйт, министр, аким, губернатор же белдүү бизнесмен болгон” деп эле Саясий кеңешке кирип келишсе, бул ирет эл арасынан өсүп келе жатышкан жаш, жаңы ысымдарды киргиздик.
– Курултайга А.Келдибеков, М.Абдылдаев өңдүү «Ата Журт» фракциясынын депутаттары катышпагандыктарын эмне менен түшүндүрөсүз? «Ата Журтка» олуттуу жарака кеткенинин белгисиби?
– ЖКдагы «Ата Журт» фракциясынын бардык 28 депутатына чакыруу берилген. Көпчүлүгү азыр жайкы каникулга байланыштуу ар жакта эс алып жүрүшкөндүктөрүнөн келе алышпады. Айрымдары белгилүү да, белгисиз да себептер менен келишпеди. Бирок мындан эч кандай трагедия жасаган жокпуз. Партияда ички жаракалар жок эмес, бар. Буюрса, ошол жараканы бүтөйбүз же айрымдарына биротоло баа берип, партиялык тартипте катаал чараларды көрөбүз.
– Ахматбек Келдибеков «курултайдын өтөрүн да билген эмесмин, 100 киши катышкан курултай болуптур» деп айтып чыкты. Буга эмне дейсиз?
– Ахмат досумдун айткандарына айран таң калдым. Коомчулукка минтип калп айтууга эмне негиз болгону түшүнүксүз. Менин тапшырмам менен партиянын аппарат жетекчиси А.Кийизбаев Келдибековго кирип, курултай тууралуу кеңири маалымат берген. Бир күн калганда мен өзүм Ахмат менен сүйлөшкөм. Курултайга келерин, күн тартибинде эмне маселелер бар экенин сураган, мен түшүндүрүп айтып бергем. Андыктан Келдибековдун айткандарын анын жеке абийирине койдум.
– «Ата Журттун» депутаттары К.Осмонов, Ж.Жолдошевалар курултайдын өтүшүнө терс пикирлерин айтып чыгышты. «Аз гана делегат катышты. «Ата Журттун» мүчөлөрү көп, андыктан экинчи тараптагылар да өзүнчө бөлүнүп курултай өткөзүүсү мүмкүн» дешүүдө...
– Алардын айткандары негизсиз. Уюштуруу иштери гана карала турган болгондуктан, 250 делегатты чакырганбыз. Чакырылгандардын дээрлик 99 пайызы келишти.
Экинчи тарап эч кандай курултай өткөзө алышпайт. Анткени курултай партиянын уставында көрсөтүлгөн эрежелер так сакталганда гана мыйзамдуу болот, мыйзамды сактоого баарыбыз милдеттүүбүз. Эгерде ошондой айрым саясатчылар, депутаттар «Ата Журттун» терисин жамынып алып ар кандай сөздөрдү сүйлөй беришсе, алар партиялык тартипте жооп беришет. Мындан ары бизде жоопкерчиликсиз кадамдарга жол берилбейт. «Партиянын курултайына сөзсүз түрдө ЖКдагы фракциянын депутаттары катышыш керек» деп устав же мыйзамдарда көрсөтүлгөн эмес.
– «Ата Журттун» багыты, көз карашы мурдагыдай эле оппозициялык маанайда болобу же жумшарып, бийлик менен кайсы бир деңгээлде кызматташууларга барасыздарбы?
– Эң башкысы, биздин партия –мекенчилдердин партиясы. Демек, түпкү багытыбыз мекенчилдиктен тайбайт, тескерисинче, күчөтөбүз. Кайсы гана бийлик болбосун, биз бийликтин кемчилдиктерин көзгө сайып белгилеп, сындайбыз. Биринчилерден болуп Бабанов жетектеген өкмөттүн отставкасын талап кылып келгенбиз. Биздин тууралыгыбызды убакыт ырастап отурат. Бүгүнкү өкмөт элдин турмушун көтөрүүнүн ордуна, жакырлантып жиберди. Расмий статистика боюнча, экономикабыз
7 пайызга төмөндөп кетти. Мына ушулардын баарын көрүп, коалициядагы «Ата Мекен» фракциясы Бабановдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп чыкты. «Ата Мекендин» демилгесин коалициядагы башка фракциялардан да бир топ депутаттар колдоп, кол коюп беришти. Биз го оппозиция катары өкмөттү кетсин деп жатабыз, өкмөттү кураган коалициянын ишенбөөчүлүгү – өтө олуттуу айыптоо. Демек, өздөрү ушундай кадамга барып жаткандан кийин бүгүнкү өкмөттүн ишмердиги, кадыр-баркы абдан кейиштүү, кооптуу. Бул тынчсыздандырбай койбойт. Өмүрбек Текебаев кеч болуп калбасын деп демилгени өзү колго алды. Муну менен Өмүрбек Чиркешович кыраакы саясатчы экенин дагы бир жолу далилдеп отурат.
– Өкмөт отставкага кетчү болсо, баш бакандыкка негизги талапкер болоруңузду айтып жатышат. “Ташиев өкмөткө эмес, Бабановго оппозиция” деген пикирлер байма-бай айтылууда...
– Жеке өзүмдүн кызыкчылыгымдан улам өкмөттүн отставкасын талап кылып жаткан жерим жок. Өлкөбүздүн, элибиздин эртеңи туңгуюкка кептелип, жашообуз жардыланып бараткандыгынан улам өкмөттү бир катар аргументтердин негизинде сындап, кемчиликтерин айтып келе жатам. Менде премьер-министр болоюн деген ашыкча амбиция жок. Анткен менен элим, Ата Журтум үчүн пайдалуу иш жасап, кызмат кылгандан жалтаңдабаймын.
– «Ташиев Атамбаев менен жең ичинен сүйлөшүп алып Бабановду «согуп» жатат» деген пикирлерге кандай карайсыз?
– Мен эч ким менен жең ичинен сүйлөшпөймүн. Мүнөзүм да ага жол бербейт. Баарын ачык айткан саясатчымын.
– Президент Атамбаев менен мамилеңиз кандай? Премьерди сындап, президенттин ишмердиги тууралуу унчукпайсыз...
– Президент менен мамилем жакшы да, жаман да эмес. Президенттин ишмердигине олуттуу сын айтууга бир аз эрте. Кемчиликтери жок эмес, бар. Бир жыл болсун, жок дегенде. Анан агын ак, карасын кара дегенге эрким жетет. Анын үстүнө президент азыр экономикалык маселелерден оолак, укугу чектелүү. Азыр экономикага өкмөт жооптуу. Ошон үчүн өкмөттү сындап жатабыз.
– Бийликтин коррупция менен күрөшүүсүнө канааттанып жатасызбы?
– Эгер чындап эле бүгүнкү бийлик коррупция менен күрөшсө, анда «Кумтөр» маселеси башкача чечилмек. Садыр Жапаров жетектеген комиссиянын отчётунда «Кумтөрдөгү» үрөй учурган далилдүү фактылардын негизиндеги коррупциялык иштерди бийлик жандалбастап коргомок эмес. «Кумтөрдү» мамлекеттин карамагына алууга мамлекеттик бийлик өзү каршы чыкмак эмес.
– Камчыбек мырза, биздин гезит менен тыгыз кызматташып келесиз. Гезитибиз быйыл 10 жашка чыгып отурат. «Супер-Инфого» сиздин жеке пикириңиз кандай?
– Пикирим өтө жакшы. «Супер-Инфону» биздин Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда эң көп нускалуу гезит катары билем. Орусия, Казакстанда да биздин мекендештер сүйүп окушарынан кабарым бар. Силер дайыма калыс, объективдүү болгонуңар үчүн окурманыңар арбып келет. Ар бир ийгилигиңерге ичимден ыраазы болуп келем. Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султановдун мыкты менеджерлиги гезитти ушул даражага жеткирип отурат. Дагы да окурманыңар арбып, кадырыңар өсө беришине тилектешмин.
– Жакшы каалоолоруңузга рахмат! Ийгилик каалайбыз.
Айбек Нурадилов
politika@super.kg