ЖЕҢИШБЕК НАЗАРАЛИЕВ: «Ар бир үйбүлөгө жүз миң сомдон...»

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын коомчулугун гана эмес, биздин жакынкы кошуналарыбызды да президенттик шайлоо кызыктырып жаткан учур. Анткени Президенттик шайлоо ушул жылдын 23-июлуна белгиленди. Оппозициянын талаптарына карабай, президент шайлоого барабы же барбайбы так жообун бере элек.

Белгилүү нарколог Жеңишбек Назаралиев көз карандысыз байкоочу жана коомдук ишмер катары өлкөдө болуп жаткан окуяларга көз салып турары анык. Бул инсан өлкөбүздөгү окуяларга карата өз оюн билдирди.

– Саламатсызбы! Менин биринчи суроом саясат эмес, дүйнөлүк каржы каатчылыгына байланыштуу болмокчу. Бул каатчылык адамдардын психикасына канчалык деңгээлде таасирин тийгизет деген ойдосуз?
– Мындай каржылык татаал мезгилде коомчулукта социалдык маселелер күч алат. Бул нерсе мыйзам ченемдүү. Адамдарда депрессия, коркуу, уйкусуздук пайда болуп нерв системалары бузулат. Өнөкөт дарттар күч алат. Үйбүлөлөр ажырашу­­уга дуушар болушат. Мунун баары адамдардын алкоголь ичимдиктерин жана баңгизаттарды колдонууларына түрткү болот.
– Мындай кырдаалда адам кантип “адам” деген улук атын сактап калса болот?
– Экономикалык жана психикалык глобалдык маселелерден арылып кетүү кыйынга турат. Бул маселеге тунук акыл менен карасак, илдетке чалдыккан адамдын жакындары аны сактап калуу үчүн болгон аракеттерин жасоого тийиш.
– Ичимдикке, баңгизаттарына көз каранды адамдар ал илдеттен арылуу үчүн сиздин медициналык борборуңузга кайрылышат. Ушул оор дарттан толук арылтып берүүгө кепилдик бере аласыздарбы?
– Биз 20 жылдык эмгек тажрыйбабызда 16 миң оорулууну аракечтиктен жана баңгизатты колдонуудан арылтып чыктык. Өткөн жылы “Биз үчүн абийир баарынан кымбат. Ошондуктан пациент илдеттен толук арылып кетпесе, акчасын кайтарып беребиз” деген негизги багытты тандап алдык. Муну менен баары түшүнүктүү болду го дейм.
– Сиз 2005-жылы өлкөдө болгон бийлик алмашуунун башында тургандардын бири элеңиз. Кийинчерээк президенттикке ат салышып, ал эми шайлоого чукул калганда талапкерлигиңизди алып салдыңыз. Эмнеге аягына чейин барбадыңыз?
– Ал кезде президенттикке талапкерлер арасында түндүк-түштүк болуп бөлүнүүчүлүк күчөй баштаган. Бул жарандык согушка алып келиши ыктымал эле. А мен болсо доктор катары “Согуш болбосун!” деген ураан менен талапкерлигимди коюп, эки оттун ортосуна туруп бердим. Кыргыз эли бир пикирге келгенден кийин талапкерлигимди алып салдым.
– Сиздин көз карашыңызда эмне үчүн Бакиев-Кулов тандеми өз максатына жетпей калды? Болбосо КМШ аймагында биринчи тандем болбоду беле?
– Биринчиден, эки лидердин бири-бирин анчалык жактыра бербегендигинде. Бири түштүктүн дыйканы, экинчиси түндүктүн көчмөнү болуп ой-жүгүртүүлөрү, көз караштары ар башка болгондуктан. Экинчиден, "сая­сый бир көз караштагы, бир ишке жан дили менен берилип элдин кызык­чылыгын алдыңкы орунга койгон элитанын жоктугунан" деп ойлойм. Мындай элита Кыргызстанда пайда боло элек.
– Тандем жөнүндө сөз болуп кетти. Айтсаңыз, Орусиянын Медведев-Путин тандеми канча убакыт өмүр сүрөт деп ойлойсуз?
– Бул тандем Д.Медведевдин биринчи мөөнөтү аяктаганга чейин өмүр сүрөт. Тагыраак айтканда, 5 жыл. Андан ары эмне болот? Аны убакыт көрсөтөт. Бул тандемди мен жогоруда айтып өткөн Орусиянын түптөлүп калган элитасы түзгөн.
– Кыргызстанда саясый кырдаал курчуп баратат. Жакында Жогорку Кеңеш 23-июлду Президенттик шайлоо күнү деп жар салды. Бул чечимди кандай кабыл алдыңыз?
– Бул нерсе баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Президент “убакыт” деген маанилүү факторду өз пайдасына чечкиси келип жатат. Биринчиден, 2010-жылдын жаз айларында өлкөдөгү кырдаал өтө эле татаалдашып кетиши мүмкүн. Экинчиден, Орусиянын берген насыясы. Мынча чоң акча башка чөнтөктөргө кетип калабы деп коркот. Үчүнчүдөн, июль айында калк арасында саясый активдүүлүк төмөн болот. Ошого байланыштуу административдик ресурстарды колдонууга ыңгайлуу. Төртүнчүдөн, шайлоонун шашылыш түрдө өтүп жатышы убакыт жактан оппозициянын мүмкүнчүлүгүн чектеп калат. Анткени оппозицияда өз талапкерин элге алып чыгууга жана аны чыныгы лидерге айлантканга убакыт жетпей калат.
– Ал эми Бириккен Элдик Кыймылдын “Шайлоого К.Бакиев катышпасын, болбосо 20-апрелден баштап мөөнөтсүз митингдер башталат” деген чечимин кандай баалайсыз?
– Кандай десем?.. Мамлекет артка карай баратат. Эл ачка, жумушсуздук, свет жок, салыктар көтөрүлүп инфляция бардык жерде жортуп жүрөт. Криминалитет өсүп, коррупция жетер чегине жетти. Оппозиция лидерлери куугунтукталып, өлкө полициялык жандармерияга айланып баратат. Мындай кырдаалда президентке ыңгайсыз абал туулат. Анткени элибиз бир түстүү ыңкылапты башынан өткөрүп, адилетсиз режимге көпкө чыдабасы анык. Оппозиция болсо мунун баарына каршы туруп, бийликтин катачылыктарынан пайдалангысы келип турат.
– Эми жакынкы күндөрү мамлекеттеги абалга кандай прогноз бересиз?
– Эч бир жакшы нерсе айта албайм. Менимче, К.Бакиев оппозициянын кээ бир талаптарын канааттандырып, шайлоого барат. Бирок бул сапар оппозиция момундук кылып туруп бербейт. 2007-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин бийликтен түңүлүп калышты. Бүгүн бийликке каршы күчтөр президенттин бир дагы сөзүнө ишенбейт. Оппозициянын биринчи кадамы шайлоону үзгүлтүккө учуратып, К.Бакиевсиз кайра шайлоо өткөрүүгө жетишүү болот. Эгер оппозициядагы жалгыз лидер түндүктөн болуп калса түндүк-түштүк маселеси келип чыгып, кырдаалды ого бетер курчутуп, жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Экинчи жагдай болсо, эгер Кыргызстан жана Орусия биргеликте Вашингтон менен Ганси авиабазасы боюнча бир сөзгө келип америкалыктар Бишкекте калса, анда баары К.Бакиевдин пайдасына чечилиши мүмкүн. Бүгүнкү күнү Кыргызстан – Орусия, АКШ, Кытай жана Евробиримдик катышкан “соода аянтында” турат. Өлкөбүздүн сырткы саясаттагы тагдыры ушул соодалашуунун жыйынтыгына байланыштуу болот. Кыргызстан жогорудагы державалардан да көз каранды экени жалпыбызга маалым эле болуп калды го. Баары апрель башындагы Д.Медведев менен Б.Обаманын жолугушуусунан кийин чечилет деп ойлойм.
– Сиздин оюңузча оппозицияны ким жетектөөгө татыктуу?
– Мындай карасаң башкаруучулар көптөй эле, бирок ошол эле учурда эч ким жоктой туюлат.
– Эмнеге?
– Анткени оппозиция ичинде чыныгы биримдик, тилектештик жок. Ушул кезге чейин бир лидерди аныктай албай келишет. Убакыт болсо аз калды. Жалгыз чыгуу – утулуу. Көпчүлүгү муну түшүнүшпөйт. Баары эле өз кызыкчылыгын ойлошот. Оппозиция арасында жалган лидерлер, популисттер бар. Басымдуу бөлүгү дүйнөлүк глобалдык кырдаалды түшүнө беришпейт. Өз ара пикир келишпестиктен улам келечектеги өлкө башкаруучулар команданы аныктай алышпай, Акаев менен Бакиевдин каталарын кайталашат. Бир дагы партиянын жакынкы 10-20 жылдагы мамлекетти өнүктүрүү программасы жок. Болсо да ал элге жеткен эмес. Бир гана бийликти эңсеп турушат.
Ал эми оппозиция өкүлдөрүнөн лидерликке татыктуу деп СДПКдан чыккан лидер Б.Бешимовду айтар элем. Билимдүү, туруктуу, мурдагы дипломат, Кыргызстандын саясый аренасындагы жаңы, таза өкүл. Бул адам түштүктөн болгондуктан, түндүк-түштүк кагылышуусунан коркпой эле койсо болот.
– Бийлик тараптан Бакиевге мураскер чыгат деп ойлойсузбу?
– Жок, мураскердин чыгышы бийлик үчүн кооптуу. Анткени коомчулукка бир адамды алып чыгып, даярдоого убакыт аз. Кыргызстан менен бир нече саясый-экономикалык келишимдер түзүлүп койгондуктан, бул жерде Орусиянын да ролу чоң. Орусия үчүн К.Бакиев гана туура талапкер.
– Жеңип чыккан өлкө башчысына биринчи кандай кеңеш айтар элеңиз?
– Жумушсуздук, жакырчылык менен күрөшүү менен өлкө ичиндеги оор кырдаалды оңдоону айтмакмын.
– Кандай жол менен?
– Ар бир үйбүлөгө 100 миң сомдон бөлүп, чакан ишкана түзүп, мамлекет өзү 51 пайыз акциясына ээ болсо, бөлүнгөн акчалар абага чачылып кетпеси үчүн бир лидер үйбүлө 10 үйбүлөнү контракттык негизде бириктирсе чогулган акча 1 миллионго жетет. Бул акчага бир конкреттүү тигүү цехин, фермерчиликти, кичи заводду ишке киргизсе болот. Көпчүлүк иш менен камсыз болмок. Эли аз биз үчүн мындай долбоор 1 миллиард 250 миллион АКШ долларын түзөт. Мынча сумманы донор мамлекеттерден алса болот.
– “Алмактын бермеги бар” дегендей, бул акчаны кайра донор өлкөгө ким кайтарып берет?
– Акчаны мамлекет өз кирешесинен кайтарып берет.
– А салыктарчы?
– Мамлекет өз партнёрунан салык албайт. Мындай колдоого элибиздин 99 пайызы муктаж.
– Кызыктуу маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Тимур Асанов,
www.312kg.ru

Которуп даярдаган Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан