БИШКЕКТЕГИ БАССЕЙНДИН БААЛАРЫ ЖАНА СУУГА ТҮШҮҮ ЭРЕЖЕЛЕРИ

Суу адамды аптаптан сактап гана тим болбостон, маанайды көтөрүп, ден соолукту чыңдоого да жардам берет. Бирок суу тилсиз жоо экенин эстен чыгарбай, өмүрдүн коопсуздугун эске алып, сууда жүрүү эрежелерин да билүү керек. Эмесе, сууга түшүү эрежелери, ошондой эле Бишкек шаарындагы бассейндердин баалары жана даректери жөнүндө маалыматыбызга көңүлүңүздөрдү бурсак.

БАССЕЙНГЕ БАРГАНДА КЕРЕК БОЛУУЧУ НЕРСЕЛЕР:

  • Резина баш кийим;
  • Купальник, плавки;
  • Бутка илип алма бут кийимдер;
  • Сүлгү, самын, жышынгыч, шампунь;
  • Сууга түшүүгө ылайыкташкан көз айнек;
  • Айрым бассейндерде медициналык аныктама талап кылынат.

Мындан сырткары...

  • Териңизде карттанган же сырты ачык жаракат болбошу керек.
  • Бассейнге түшүүнүн алдында душка бир сыйра чайканып чыгуу зарыл.

Сууга түшүүдө...

  • Тамактанган соң 1,5 сааттан кийин сууга түшүү сунуш кылынат.
  • Сууга түшүүгө ылайыкталган жээктерде гана сууга түшүңүз. Себеби ал жерде кырсыктын алдын алуу, куткаруу кызматы жана каражаттар менен камсыздалат.
  • Сууда узак убакыт бою жүрүүгө болбойт, суук тийип калышы мүмкүн.
  • Эгер үшүп, денеңиз калчылдай баштаса, дароо суудан чыгып, кыска аралыкка, бирок ылдам чуркаңыз.
  • Сууга түшүү үчүн эң жакшы шарт – ачык, шамалы жок 25 градустан жогору температурадагы аба ырайы. Ошондой эле сууга түшүүнү 18 градус жылуулукта баштаса болот.

Бишкек шаарында сууга түшүп эс алуу үчүн бассейндерден тышкары «ГЭС-5», «Комсомол», «Пионер» көлмөлөрү да бар.


СИЗДИН КООПСУЗДУГУҢУЗ ҮЧҮН ЭРЕЖЕЛЕР

Сууга түшүүгө тыюу салынган учурлар:

  • Тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга;
  • Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда;
  • Үйлөмө матрац, баллон, дөңгөлөктүн камерасында жээктен алыс сүзүүгө (эгер ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу);
  • Көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө;
  • Чарчап турганда;
  • Күн өтүп кеткенде;
  • Кардыңыз ачып турганда;
  • Суусап турганда;
  • Оорудан жаңы айыкканда;
  • Спирт ичимдиктерин ичкенден кийинки абалда;
  • Үшүп, ичиркенип турганда;
  • Ачык суу айлампаларындагы температура 15 градустан төмөн болсо, анткени муздак сууда адам ичиркенип, эсин жоготуп алат жана өлүмгө дуушар болуп калышы мүмкүн.

Эгер кайыкта болсоңуз...

  • Кароосуз калган жана техникалык жактан бузук кайыктарды пайдаланбаңыз.
  • Мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз.
  • Сууда сүзүп баратканда бир кайыктан экинчи кайыкка отурбаңыз. Кайык оодарылып кетиши мүмкүн.
  • Караңгы киргенден кийин сүзүүчү каражаттарды (кайык, катер, катамаран) колдонбоңуз.

Кокусунан чөгүп баратсаңыз (тфү, тфү, анын бетин ары кылсын!):

  • Тынчтыкты сактап, кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.
  • Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылуу керек.
  • Бутуңуздун тарамышы түйүлүп калса, терең дем алып, башты сууга чумкутуп, денени бош таштап, суу үстүндө калкуу керек. Андан соң бутка күч келтирбей кол менен иштеп, сүзүү зарыл.
  • Эгер колуңуз тырышса, муштумуңузду түйүп, колуңузду эки тарапка дароо сунуп, муштумуңузду жазыңыз.

Чөккөн адамга биринчи жардам көрсөтүү

  • Жабыркаган адамды муздак жерге жаткырбоо керек. Ал дененин температурасынын тез төмөндөшүнө алып келет. Суудан чыгаргандан кийин терисин кургактап сүртүп, жылуу шейшепке ороо зарыл.
  • Эгер деми кысылып (асфиксия), клиникалык өлүм абалында болсо, дароо дарыгерди чакыруу керек.
  • Дарыгер келгенге чейин жабырлануучунун оозу-мурдундагы массаны (кум, чимкирик ж.б.) тазалап, жасалма дем алдырып баштоо зарыл.
  • Карын жана өпкөдөгү сууларды чыгаруу үчүн көмкөрөсүнөн куткаруучунун астына коюп, аркасынан далысын көздөй күч менен кагуу керек.
  • Эгер жаактары карышып, оозу ачылбай жатса, астыңкы ээгин ылдый түртүү керек. Ошондой эле кашык же таякчаны оозуна салып ачса болот.
  • Жабыркаган адамды куткаруу станциясына жеткиргенден кийин да реанимациялык иш-аракеттерди улантуу талап кылынат. Жасалма дем алдырууну убактысынан мурда токтотуп коюу каталыгы да көп кездешет. Мындай учурда дем алуунун ыргагы мүнөтүнө 40 жолу согуудан аз болсо, жасалма дем алдырууну улантуу зарыл.
  • Жабыркаган адамды грелка же жылуу бөтөлкө менен жылытууга болбойт. Бул кандын туура эмес айлануусуна шарт түзөт.
  • Адам сууга чөгүп кетсе, аны алып чыккандан кийин 6 мүнөттүн ичинде өмүрүн сактап калса болот.

Сууга түшүүнүн эрежелери тууралуу маалыматы менен бөлүшкөн ӨКМга ыраазычылык билдиребиз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
TaDi
2012-07-23 11:20:51
rahmat kenewinerge airyk4a tfu tfu degeninerge a9bai kuldum
+2
nasi
2012-07-24 17:17:30
TaDi, мендагы аябай кулдум
+1
№ 507, 20-июль-26-июль, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан