Бардыгыбыз пендебиз, «жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт» дегендей, жаңылыштык баарыбыздан кетет. Бирок ошол бир жаңылыштык бүтүндөй бир өмүрдүн өксүгүнө айланып кетпегени оң. Ушундан улам Дамира аттуу айымдын баянын жарыялоону туура таптык.
«БАШЫМДАН ӨТКӨН ОКУЯ БАШКА КЫЗ-КЕЛИНДЕРГЕ САБАК БОЛСУН»
– Тагдырымдан катуу жаңылдым. Окуяны мендей болуп ишенчээктигинен жабыркаган кыз-келиндер үчүн баяндап бергим келди. Мен 2008-жылы Кубанычбек аттуу адам менен “Интизар” кафесинен таанышып калгам. Кийин анын достору, менин курбуларым болуп, жакшы мамиледе болуп кеттик. Ал менин жумушума келип, жанымда ар нерселерди сүйлөп отура берчү. Мен ага “менин күзөтүмдө келбе, күйөөм бар, кызганат” десем, “ой, унутуп калган турбаймынбы” деп койчу. Бир жолу так күйөөм отурган убакта келип калып, акыры жолдошум кызгана баштады. Жолдошум экөөбүз ылайыктуу жер таап күркө ачсакпы деп жүргөнбүз. Кубанычбек ал кезде Аламүдүн Райондук кеңешинин депутаты эле. Ага “бир жерден ылайыктап күркө койгонго жер алып бербейсизби?” десем, “жердешим болгондон кийин жардамымды аямак белем?” деди. Мен сүйүнүп жолдошума айттым. Ага ишенип сураган акчаларын бердим. Анан күркөнү коюп иштете баштадык. Бир күнү жердин токтомун алып келип мага көрсөттү. Көрсө, аны өзүнүн наамына жаздырып алган экен. Себебин сурасам, “эми мен депутат болгондон кийин берди да. Карапайым адамдарга жер бериш кыйын, мен сага “крыша” болуп турам. Бир аз иштегенден кийин кайра өзүңө каттатып берем” деп калды. Ал ортодо жолдошум кызганып, “же күркөңдү иштет, же мени менен жаша!” деген талап койду. Мен болсо көп каражат коротуп ишти баштап алгандан кийин аны таштай алган жокмун. Экөөбүз акыры ажырашып тындык. Эки балам башында атасы менен кетишкен, кийин кайра өзүмө алдым.
«ҮЙ-БҮЛӨСҮ БАР ЭКЕНИН КЫРСЫК БОЛГОНДО БИЛДИМ»
– Кубанычбек экөөбүздүн мамилебиз ысып, жашап калдык. Ал “мен да аялым менен ажырашып кеткем, Учкунда өзүнчө жашайм. Балдар үчүн эле кээде барып турам” дечү. Жакшы күндөр баштан өттү. Бир күнү эле аны машина коюп кетип, телефон чалып калышты. Мен угуп эле Бишкек шаардык 4-ооруканага жандандыруу бөлүмүнө алып бардым. Буту сынып, башына кан уюп калган экен. Жанында жүрсөм “сен кете бер, азыр аялым келет” деди. Ошондо гана алданып жүргөнүмдү, кимдин ролунда экенимди сездим. Бирок канчалык ыза болсом да, мен ошол учурда аны таштап кете алган жокмун. “Үй-бүлө деген чакан мамлекет. Барктуу ата боюнча кала бер, мен сенин үй-бүлөңдү буза албайм” десем, “сен экөөбүз баш кошобуз” деп туруп алды.
Күркөнү кичине иштеткен соң бөйрөгүм ооруп ооруканага жатып, “иштетип тургула” деп иниме бердим. Өзүм иштебей калып карыздарым көбөйүп, ата-энемден алган акчаны кайтарып берейин деп банктан акча алуу үчүн үйдү күрөөгө койдум. Ошол кезде Кубанычбек машинасын күрөөгө коюп, карызга 1000 доллар берген эле. Банктын акчасын төлөй албай үйдү саттым да, ата-энемдин, банктын акчасынан, Кубанычбектин 1000 долларынан кутулуп, калганына шаардын четинен эки бөлмөлүү үй алдым.
Кубанычбек күркөнү менин атыма каттатам деген сөзүнө турган жок. Аны иштетип жаткан иниме барып “кеткиле, бул жер меники” деген экен. Бизге айтпай өзүнүн наамына жазылган менин күркөмдөн баш тартып салыптыр. Ал кезде Кубанычбек Кыргызстан Улуттук электр тармагында иштей баштаган. Мага мурда “светтин акчасын төлөбөй эле кой, мен жаап коём” дечү. Ага ишенип жүрө берип, кийин 20 миңден ашуун акча төлөдүк. Ошого карабай эле мага келе берди. Кошуналарымдын көзүнчө жаман сөздөрдү айтып, тынчтык бербей баштаганынан акыры Свердлов РИИБине арыз да жаздым. Кубанычбектен кутулуш үчүн “башка бирөөгө турмушка чыкканы жатам” деп койдум. Ошондон кийин мага келгенин токтотту. Мен ушул адамдын азабынан үй-бүлөмдөн да, үйүмдөн да, акыры күркөмдөн да ажырадым. Баарын кеч түшүндүм. Бул жашоодо жалгыздыктан өткөн жаман нерсе жок экен. Убагында туура эмес кылганымды түшүнүп, жолдошумдан, ата-энемден, балдарымдан кечирим сурагым келет...
Ыйлаган эженин абалын түшүнсөк болот. Бирок аркандын экинчи учу да бар эмеспи. Андыктан маалыматтардын чын-төгүнүн билүү үчүн жогоруда аты аталган каарман – Кыргызстан Улуттук электр тармагынын диспетчердик жана технологиялык башкаруу каражаттарынын борбордук кызматынын башчысы Кубанычбек Сманкулов мырзага кайрылып, төмөнкүдөй жооп алдык:
«МЕНИ ЖОГОТКОНУ ҮЧҮН УШУНДАЙ КАДАМГА БАРЫП ЖАТАТ»
– Дамира сиздерге көп туура эмес маалыматтарды айткан экен. Туура, экөөбүздүн ортобузда чындап эле мамиле болгон. Убагында жарандык никеде жашап жүрдүк. Бирок кийин ортодогу мамилени ал бузду. «Башка кишиге турмушка чыгам» дегенинен мен андан алыстагам. Аны түшүнүп жатам, жашоодо мени жоготкондуктан, ошол жоготууга чыдай албагандыктан ушундай жолго барып, мени жамандап жатат.
Күркө тууралуу айта турган болсом, жер тилке гана менин наамыма жазылган. Бирок Дамира жер үчүн мага акча төлөгөнү жалган. Ал эми күркө Дамираныкы, мен аны эч кандай талашкан жокмун. Убагында ага көп жардамдарды бердим. Ортодогу мамиле үзүлгөн соң ага менден эмне керек, билбейм?..
Аялым бар экенин ал башында эле билчү. Азыр деле аялым, бала-чакам менен жакшынакай эле жашап жатам.
Эки маектешимди угуп көрүп, жалгыз чындык – ортолорунда болгон мамиле экенин түшүндүм. Күнүмдүк сезимге азгырылуу жогорудагыдай көптөгөн үй-бүлөнүн очогун өчүрөт. Бул окуяны окуп, жаштар турмуш чындыгынан сабак алышар...
Асхат Субанбеков
koom@super.kg