«Алтынчы күнү кечинде», «Насыйкат», «Өптүрүп койчу жүзүңдөн» деген ырларды визиттик карточкасына айландырган Гүлзина Мамаева биз менен маек курду.
– Саламатсызбы, маегибизди кичинекей Гүлзина эже тууралуу маалыматтан баштабайлыбы?
– Саламатчылык, жакшы болот. Эсимде, 6 жашыма чейин “р” тамгасына тилим келбей “таайынба мага, жайдайы кайа, өзгөйтсөң эми мүнөзүңдү...” деп ырдай берчүмүн. Аным улууларга кызык сезилип, кайра-кайра сурана беришчү. Менде да тартыныч деген жок, дароо созуп кирер элем. Мектепте такай майрамдарда ырдап жүргөм. Команда болуп жарышып калганда өзүм эле ыр чыгарып айтып салчумун. Мектепте окуп жүргөндө өткүр кыз болдум. Мугалимдер сыртка чыгып кетти дегиче доскага чыгып ырдап кирет элем.
– Ырга шык эмгектен келип чыктыбы же талантпы?
– Таятам аты чыкпаса да жамактап ырдаган төкмө акын, азыркыга чейин той-мааракелерде жамактап калат. Үйдө деле баары жакшы ырдашат. Жадакалса кичинекей бөбөгүбүздү бешикке бөлөгөндө жөн терметсең уктабайт.
– “Сен үчүн бир тамчы сууга чөгүп өлөм” деген сүйүү каттары сизге да келсе керек...
– Биз мектепти бала кыял менен эле бүтүп кетиптирбиз. Ар кандай кече болуп калса, жеңил бийге балдар чакырса да “экинчи келбей коём” деп бийлечү эмеспиз. Айылдагы мектебим 9 жылдык болгонуна байланыштуу кийин Винсовхоз деген жердеги Гагарин мектебине келип, 10-11-классты уладым. Ошондо бир бала кат жазса, дароо эле күйөөгө тийип кетчүдөй сезилип, аябай корккон элем. Анда ырдайм деген кыялым күч болуп, «Достук» деген ансамблге кирип алгам, көп деле балдарга көңүл бөлчү эмесмин.
– Ошентип чыгармачылыкка тартыла баштадыңыз...
– Ооба, бир жолу Каныкей Эралиева биз жакка концерт коюп келип калды. Ишенесиңби, ошондо концерттин башынан аягына чейин ыйлап отургам. “Мен чоң сахнага ырдап чыга албай каламбы?” деген ой мени ээлеп алган.
– Чоң сахнага чыкканда кандай сезимдер болгон?
– “Достукта” ырдап жүргөм. Бир күнү даярдыгы жок эле жер кыдырып, анан аягында менин айылыма гастролдоп барабыз деп калышты. Айылдаштарымдан сүрдөдүмбү, айтор, оозум кургап, эл жылмайып ырдаса, мен үңкүйүп кабагымды бүркөп алыптырмын. Андан соң 2002-жылы “Жалал-Абад азем түндөрү” деген чоң фестивалга катышкам. Максатым баш байгени утуу эмес болчу. Аттуу-баштуу ага-эжелер менен ырдаган чоң сыймык болгон. Анда да ийгиликтүү ырдап, гала-концертке чейин катышкам.
– Сизди колдогондор көп болдубу же бут тоскондорбу?
– Чынында, колдогонго караганда бут тосуулар көп болду. Жаңыдан чыгып келе жатканда артымдан сөз кылып, жаманатты кылгысы келгендер кездешти. Аны угуп, мен көп ыйлачумун. Санаалаш ага-эжемдер, ата-энем мени колдоп, “элге көрүнүп калган экенсиң, эл сени сөз кыла беришет. Ырдабайм десең, анда эшикти кулпулатып отуруп ал” деп күч беришчү. Ошентип жүрүп, азыр бышып калдым окшойт андай сөздөргө, көп көңүл деле бөлбөйм. “Мага бекер пиар болуп жатат да” деп күлүп коём. Кыргыздын канына сиңип калган турбайбы, эки адамдын башы бириккен жерде ушак сүйлөшөт экен. Адамдын жакшы жагын эмес, эгер ал чалынып кетсе, «жыгылып кетти» деп айтканды жакшы көрөт экенбиз.
– Ушак деп жатасыз, бул Акмат Бакиев экөөңүздөрдүн мамилеңиздерден улам чыкса керек...
– Акмат Бакиев – атамдын бир тууган инисинин жакын досторунун бири. Ал кичинемден бери ата-энемдин колунан чай ичип, катташып жүргөн киши. Элге таанылып калгандан кийин мени ар кандай чоң кечелерге чакырып ырдатып калчу, мени колдоп жүргөнү чындык. Бизде атактуу адам менен болсо эле, экөөнү сүйлөштүрүп, жадакалса балалуу кылып салат эмеспи. Менде да ошондой окуя болду. Мен балалуу болсом, бир күнү жетелеп чыкмакмын да, бала деген бир жерге катып койчу буюм эмес го. Башында буга аябай капаланып ыйлап жүрдүм. Атам “Акмат менин иним болот. Чындыкты эл билбесе, биз билебиз” деп сооротуп жүрдү. Апам ооруп жүргөн эле, бир күнү мени чакырып алып, «менин артымдан жүрүп чыгармачылыгыңдан алыстап кеттиң. Жеке концертимди берем» деп жүрдүң эле, ошонун үстүнөн чык» деп калды. Ошол сөздөн соң 2008-жылы Ош, Жалал-Абадда жеке концертимди бердим. Андан соң эле апам каза болуп, аза күтүү салтына ылайык, мен жоолук салынып, көк кийип калдым. Ошону эл көрүп, «концертин уюштуруп берди, эми мына, жоолук салынып жүрөт. Бул Акматка турмушка чыгып алган» деп сөз чыгарып жиберишиптир.
– Сөз айтып, балким, демөөрчү болом дегендер чыгып жаткандыр...
– Кыз бала эркектей эмес экен да, сүйгөн адамын үйгө ала качып келип отургузуп койгондой. Шашып, адамды билип-билбей турмушка чыгып алып, кийин төркүнүнө барганда мени тосуп алчу апам деле жок. Ал эми демөөрчү боюнча, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп калбадымбы.
Гүлжамал Бөрүкулова
jalalabad@super.kg