«Эл FM» радиосунун эркетайы Расул үйлөнүптүр» деген сөздү эл арасынан уга баштадым. Эмесе, чын-жалганын өзүнөн сурап көрөлү.
– Расул, алгач куш бооң бек болсун!
– Рахмат.
– Биринчи эле качан үйлөнө койдуң дейинчи?
– М-м... 7-апрелде баш кошконбуз. Ала качып кеткем. Күн суук болуп калган кезде той берели дедик. Себиби экөөбүз тең ысыкты жактырбайбыз. Ноябрда тоюбуз болот. Былтыр Розанын эжесинин тоюнда таанышканбыз. Мен тамада болгон элем, бир туугандарына сөз кезегин бергенимде, Роза чыгып сүйлөгөн. Ошондо жактырып калгам.
– Тамада болуп жүрүп, кыздар менен таанышканга жетишкен экенсиң да...
– Ооба. Биздин сүйүү тойдон кийин эле уланып кеткен. Роза Базар-Коргондун кызы, а мен Баткендин уулумун.
– Розаны өзүңө каратууда ди-джейлик даражаң жардам бергендир...
– Жок, мен ага «Эл FMде» иштейм деп айткан эмесмин. Мен радиодо жадырап күлүп, шаңдуу отурганым менен, жашоодо аябай чорт кыялмын. Менин мүнөзүмө чыдаган кыздар болгон эмес. Розага да жагынып, жакшы кеп айтпагам. Кыздардын келбетине кызыкчу эмесмин, менин жаман жактарымды көтөрө алган жубай издечүмүн. Кыздарга жалаң гана жаман жактарымды көрсөтүп, терс адаттарымды айтчумун, “мен ушундай адаммын, менин үй-бүлөм ушундай” деп. Анын баарын Роза көтөрдү.
– Үйлөнгөнүңдү неге жашырып жүрдүң?
– Айткым келбеди. Жашырдым. Эми 23кө чыктым. Ачык айтууну чечтим. Мурда мени кесиптештерим «Расултай» деп чакырышчу, угармандарым да «Расултай» деп аташат. Анан мен “эми мен Расул тай эмесмин, Расул ат болуп калгам, үйлөндүм” десем, радиого келген СМСтердин арасына “чын эле үйлөнүп алдыңызбы?” деп ыйлаган быйтыкчаларды жиберишет.
– Бактылуу болгула.
Уулбү Каныбекова
osh@super.kg