ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (16-июлдан 22-июлга) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Шашылыш чечим кабыл алуунун арты күтүлбөгөн, жагымсыз окуялар менен аяктап калышы мүмкүн. Андыктан кандай иш болсо да жети өлчөп, бир кесүүнү унутпаңыз. Өз оюңуздагыны көздөп, жакындарыңыз менен болгон мамилени да суутуп алуудан этият болуңуз. Апта соңунда мурда таарынышып кеткен адамдардын кол сунушу күтүлүүдө. Ошондой эле жашоого болгон көз карашыңызды жакшы жагына өзгөртө турган окуяга туш болосуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Көптөн бери дос катары мамиледе жүргөн адам сүйүүсүн арнап калышы мүмкүн. Шейшембиде капчыгыңызга акча түшүшү күтүлүүдө. Бейшембиде жамааттан бөлүнбөй, алар менен бир катарда болуңуз. Эгер өз кызыкчылыгыңызды көздөсөңүз, жыйынтыгында эч кимге жакпай четке сүрүлүп каласыз. Жума күнү үй-бүлөлүк иштерде чечим кабыл алууда улуулардын сөзү менен болсоңуз адашпайсыз. Эс алуу күндөрү майда чырлар орун алса, түшүнүү менен карап, бир пикирге келүүгө аракет кылуу кажет.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башы алыскы сапарга чыгууга кооптуу болгондуктан, баш тартканыңыз оң. Болбосо кийинки аптага жылдырыңыз. Кыялыңыздагы иштер аткарылып, ийгиликке жетишесиз. Аны менен катар бойдоктор өмүрлүк түгөйүнө кезигип, бакытка балкышат. Апта аягында жаңы идеяны ишке ашыруу үчүн көптөн күткөн маалыматка ээ болосуз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Соода жаатында ортомчулук аркылуу капчыгыңызды кампайтууга түзүлгөн мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербеңиз. Иш боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жемиштүү аяктайт. Иш ордун которууну көздөгөндөр үчүн да ыңгайлуу апта. Апта соңунда убактылуу ысык мамилеге азгырылуудан этият болуңуз. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, айыбыңыз ачылып, түгөйүңүз менен болгон мамиле сууп калышы ыктымал.

АРСТАН (23.07-23.08)
Көптөн бери кыймылсыз мүлк сатып алууну көздөп жүргөн тилегиңиз ушул аптада орундалышы мүмкүн. Жумуш жаатына келсек, активдүү иштебеген айрым кызматкерлер иш ордунан айрылып калуу коркунучу бар. Дүйшөмбүдө чечкиндүү болсоңуз, ишиңиз жемиштүү болмокчу. Апта ортосунда сабырдуулугуңузду көрсөтүп, пикир келишпестикке жол бербеңиз. Ишембиге жолугушуу белгилебей эле койгонуңуз оң. Чакырган адамыңыз келбей, убактыңыздын текке кетерин айтышат жылдыздар.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Дүйшөмбүдө жакындарыңыз ич ара чырдашып кетсе, алгач иштин чоо-жайын билип, калыстык менен чечүүгө аракет кылсаңыз, баркыңызды бекемдеген болосуз. Ал эми бейтааныш адамдардын чырына аралашуудан алыс болуңуз. Шейшембиде айрым кызматкерлер кызматынан жогорулашы мүмкүн. Бейшембиде эски тааныштарыңыздын бирине күтүүсүздөн кезигесиз. Эс алуу күндөрү курч, учтуу буюмдарды колдонууда этият болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада көптөн бери чечилбеген маселелер оң жагына чечилет. Жаңы иш баштайм дегендер керектүү кеңештерди алып, андан соң гана ишке киришкени туура. Болбосо катачылыктар кетип, ашыкча чыгым тартып калуусу мүмкүн. Апта ортосунда кийин маселелер жаралбасын десеңиз, документ иштеринде так болуңуз. Дем алыш күнү алыскы туугандардыкына конокко барууга даярдана берсеңиз болот.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Бул аптада жеке жашооңузга байланыштуу чоң өзгөрүүлөрдүн болушу күтүлөт. Шейшембиде ден соолугуңузга өзгөчө көңүл буруу керек дешет жылдыздар. Апта ортосунда бойдоктордун жашоосунда жаңы таанышуулар орун алмакчы. Айрымдары болочоктогу өмүрлүк түгөйүн да таап калышы мүмкүн. Аптанын соңку күндөрүн дос, тааныштар менен бирге эс алууга жумшайсыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Аптанын башында акча тартыштыгынан улам пландалган иштер бүтпөй, маселе жаралышы күтүлөт. Шейшембиде маселени чечүүгө жакындарыңыз кол сунуп, маанайыңыз көтөрүлөт. Шаршембиде мамлекеттик мекемеге документ иштери боюнча баш багууга туура келет. Жума күнү айымдар көптөн күткөн буюмуна ээ болушмакчы. Жекшембиде ден соолугуңузга зыян келтирип албайын десеңиз, спирт ичимдиктеринен баш тартканыңыз оң.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада мурда таарынышып же чырдашып кеткен адамдар менен иштешүүгө туура келет. Эски таарынычтарды кечирип иш кылсаңыз, жыйынтыгы экөөңүздөргө тең ийгилик алып келет. Пайда табуу үчүн жаңы иштерге акча сарптоодон качпаңыз. Жыйынтыгы жемиштүү болмокчу. Бирок бул иштерди башка бирөөгө тапшырсаңыз, пайданын ордун чыгым басышы мүмкүн.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Аптада пландалган иштерди толугу менен бүтүрүүгө шашыңыз. Убакытты туура бөлүштүрүү зарыл. Иш аткарууда башкалардын айтканына көңүл бурбай, өзүңүздүн пайдаңызга караңыз. Шаршембиде тамак-аштан ууланып калууңуз мүмкүн. Шашылыш курсак тойгузууга ашыкпай, азыктардын чыгарылган убактысына көңүл буруу кажет. Жума күнү азгырган калпыс иштерден алыс болуңуз. Болбосо маселе жаратып аласыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө үй-бүлөдөгүлөргө каражат сарптайсыз. Бирок акчаны үнөмдөөгө аракет кылбасаңыз, артында акча тартыштыгы жаралат. Бейшембиде эңсеген тилектериңиздин бири орундалышы күтүлүүдө. Жума күнү электр приборлорун колдонууда сак болуңуз. Аптанын соңунда жеке жашооңуздун багытын өзгөртөр жагымдуу окуя орун алмакчы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 506, 13-июль-19-июль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан