АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: «Атамбаевди биз сатып кеткенбиз...»

Алмаз Шаршенович премьерликке барарда оппозиция кандай ойногону, көрө албаганы таза кызык, эй! Эл буларга ишенип жүрсө, а лидерлериң көшөгө артынан ыркырашып. Мындай иттиктин бетин Азике ачып келет...

Президенттик шайлоо 23-июлга белгиленди. Дайым эки тарап болуп тирешип келген бийлик менен оппозиция учурда шайлоого карата кызуу даярдыкта. Оппозиция көпчүлүктүн алдында “шайлоого бир гана талапкер менен барабыз!” деп сөз берди. Бирок бул кептин өтөсүнө чыга алышабы? Ушул суроонун тегерегинде баш катырып отуруп, “Учур” гезитинин бетине жарык көргөн кызыктуу макалаларга туш болдук. Аны менен окурмандарды да тааныштырууну туура таап, көчүрүп жарыяладык.

– Азимбек Анаркулович, Алмаз Атамбаев өкмөт башчылыгына барганда сиз жана башка бир топ оппозициячыл саясатчылар өкмөт курамына барууну макулдашыпсыздар. Эмне болуп Атамбаевдин өкмөтүнө бара албай калдыңыз?
– Тарых үчүн чындыкты айтып коюшубуз керек. Куловдун "Бириккен фронту" апрель митингин баштаганда Бакиев биздин талаптардын бири болгон коалициялык өкмөттү түзүүгө макулдугун берди да: "Айткыла, премьер-министрликке оппозициядан көрсөткүлө. Мен коюп берейин. Ал келип өкмөттү түзсүн",- деди. Ошондо биз реформачылар деп жүрчүбүз го, ошолор барып Атамбаевге: "Сен өкмөт башына отуруп бер. Өзүң баргандан кийин оппозиция өкүлдөрүнөн: "Ата Мекенден", "Асабадан", "Ар-намыстан", өзүңдүн партияңдан, башка саясатчылардан ал. Өзүңдүн өкмөтүңдү түз, алар менен бирге бийликти колдогондор болсун",- дедик. Бирок биринчи Алмаз Шаршенович макул болгон жок. Биз: "Эртең мененкиге чейин ойлон. Эгер эртең менен отказ берсең, "Реформа үчүн!" кыймылынан башка кандидатура карайбыз",- дедик.
– Эгер Атамбаев барбаса, кимдердин аты аталмак эле?
– Ошол эле Сариев, Эсенамановду карап көрмөкпүз. Башкы максатыбыз – коалициялык өкмөт түзүп, президентти өкмөттүн ишине аралаштырбоо эле. Атамбаев эртең мененкиге чейин ойлонуп, "мен макулмун" деди. Анан "Реформа үчүн!" кыймылынын лидерлери Атамбаевди президентке жө­нөттүк. Ал макул экенин айтып, өкмөт башы болуп бекиди. Анан ал киши бизге, ар бир партияга: "Келгиле, өкмөт курамын түзөлү",- деп кайрылды. Мен да "Асаба" партиясынан бир топ кишинин тизмесин бердим.
– Өзүңүз да бар белеңиз?
– Жок, мен башкы прокурорлуктан кеткенде эле "мен Бакиев менен эч кандай кызматка барып, иштешпейм" деп айткам. Ошол үчүн принцип­ке туруп, Отунбаева баш болгон бир топ адамдын тизмесин бердим. Ар кимди деңгээлине жараша акимдикке, губернатордун орун басарлыгына, вицеликке көрсөтүп. Кийин да Атамбаевден: "Эй, досум, кана биздин балдардын иши?"- деп сурап жаттым. Ал: "Мен Роза Исаковнаны вице-премьерликке кел десем, келбей жатат",- деп айтты. Мен билем, Атамбаев бизден башка дагы көптөгөн саясый партияларга кайрылган. Бирок алар "Атамбаев менен иштешпейбиз" деп баш тартышкан. Көрө албай. Ошондон кийин Атамбаев аргасы кеткенде өз партиясынан үчөөнү министр кылды. Ошондо оппозицияга: "Эй, Бакиев “коалициялык өкмөт түзөлү” деп жатса, Атамбаевди биз өзүбүз сатып койбодукпу",- деп айттым. Анан Бакиев Атамбаевге "оппозиция сени укпайт турбайбы" деди да, өзүнүн адамдарын кайра апкелип алды.
– Демек, Атамбаев оппозицияны эмес, оппозиция Атамбаевди жарга такап кеткен турбайбы?
– Аныгында ошондой болду. Кийин Атамбаевди "саткын" деп бет тырмаарлыкка чейин баргандар да чыкты. Эгерде биз ошондо Атамбаевди "подставлять" этпей, коалициялык өкмөттү түзүп, ноябрь Конституциясынын нугуна келип, биримдикте туруп алганыбызда азыр ЖКга "Акжол" партиясы келбейт беле? Бийлик өзү билгениндей Конституцияны оңдой албайт эле. Биздин күчсүздүгүбүздөн, ынтымак-ыркыбыздын жоктугунан, бири-бирибизди саткандыгыбыздан азыр бийлик билгенин кылып жатат.

Маектешкен Кубаныч Зайнидинов, "Аалам" гезити, №42, 25.04.2008-ж.
«Учур» гезитинин №07 (18)-санынан алынды

Алмаз Атамбаев, Социал-демо­краттар партиясынын лидери:

«Мен премьерликке Байболов менен Сариевди сунуштагам»

Алмазбек Атамбаев береги кызыктуу документтин сырын ачууну чечти. Ал оппозициянын лидерлери тарабынан 2007-жылдын 20-мартында иштелип чыккан, президент Курманбек Бакиевдин алдына 21-мартта коюлган талаптар боюнча документ экен. Оппозиция өкүлдөрү тарабынан Алмаз мырза премьер-министр болордун астында түзүлгөн. Ушул күнгө чейин оппозициялык маанайдагы бир катар саясатчылар да, кээ бир ММКлар дагы “Алмаз Атамбаев жогорку кызмат сунуш кылган президенттин сунушун кабыл алып, оппозицияны сатып кетти” маанисинде сайрап келген. А бул документ анын барган кадамдары оппозиция лидерлеринин чечими менен талаптарына негизделгендигин айкындап турат. Ага ишенбесеңиз, коюлган кол тамгаларды эле карап көрсөңүз болот.

– Алмаз Шаршенович, өткөн мае­ги­ңизде премьер-министрликке барардын алдында оппозиция лидерлери менен кеңешкениңизди айткансыз. Аны менен бирге эле Өмүрбек Бабановдун сиз менен акылдашпай туруп кызматка кетип калганына кейи­гени­ңизди билдирдиңиз эле. Бирок бир катар маалымат агенттиктери жана гезиттер “2007-жылдын мартында өкмөт башчылыкка барарда эч ким менен кеңешпей туруп кетип калды” деген макалаларын жазып чыгышты. Деги кимге ишенсе болот?
– Ооба, дээрлик эки жылдан бери бир катар ММКлар жана оппозициядагы айрым менин досторум мени саткын катары көрсөткөн ушундай ушактарды таратып келишет. Мени “Бакиев менен жашыруун сүйлөшүп алып, премьер-министрлик креслого сатылып кетти” деп айтып жүрүшөт. Бирок чындыгында баары тескерисинче.
– Кандайча?
– 2006-жылдын жазы менен кү­зүндө митингдерди уюштурган «Ре­форма үчүн!» легендарлуу кыймылы көптөрдүн эсинде болсо керек. Бул кыймылдын тең төрагалары Өмүрбек Текебаев экөөбүз болгонбуз. Кулов өзүнүн «фронтун» ачкан кезде биздин кыймыл бөлүнүп баштаган. Фронтко дароо эле Мелис Эшимканов, Кабай Карабеков сыяктуу саясатчылар өтүп кетишкен. Тилекке каршы, Мелис Эшимканов фронтко кошулууга «Реформа үчүн!» кыймылынын тең төрагасы Өмүрбек Текебаевди дагы ынандырган. Мындан бир аз мурда эле 2006-жылдын 3-ноябрында Кулов парламентте: «Кыймылдын лидерлери – бийликти күч менен алууга аракеттенгендер. Аларды кылмыш жообуна тартыш керек»,- деп айтып, кийин бизди сурак берүүгө сүйрөшкөн эле. Дискетгейт менен байланыштуу окуя баарынын эсиндедир. А биз болсок 2-ноябрда да Куловду өзүбүздүн лидерибиз деп эсептеген элек да. Митингдер башталган күнү кечке чейин күтүп, “мына азыр чыгып биз менен бирге экенин айтат” деп. Анын адамдары митингдерди уюштурууга жардам берип жүрсө, буга кантип ишенбейсиң? Бирок ал дайымкыдай эле эки тарапка ойноп жаткан экен. Ноябрь митингдеринен кийин президент полномочиелеринин көбүн премьер-министр менен парламентке бергенден соң 2006-жылдын декабрында Кулов өзүнүн отставкасы менен байланышкан оюнун баштаган. Анын жыйынтыгында биз ноябрдагы Конституциябызды жоготуп алдык. Таң калганым, үч ай өтпөй оппозициянын бир катар лидерлери баарын унутуп, Куловго кайрадан чуркап барышпадыбы. Бул жерде Мелис Эшимкановдун адамды ишендирүү талантынын күчтүү экенин белгилей кетүү керек. Ага карабай оппозициянын ичинде Куловдун анык жүзүн билип, ага ишенбегендер да бир топ болчу. Ал бийликке кайра жетүү үчүн массалык провокация даярдап жатканын биз билген элек. Аны реформа менен демократия кызыктырбасы айдан ачык болчу. Мына ушундай кырдаалда 2007-жылдын 20-мартында «Реформа үчүн!» кыймылынын Кеңешинин жыйыны менин кеңсемде өткөн.
Бул жыйындын максаты «Реформа үчүн!» кыймылынын президентке болгон талаптарын иштеп чыгуу эле. Себеби эртесинде, 21-март күнү мага президент менен жолугушуу жана оппозиция менен бийликтин чогуу иштешүүсү жөнүндөгү платформаны талкуулоо сунушталган. Анан, албетте, чогулуп кийинки кадамдарыбызды талкуулап алуу үчүн «Реформа үчүн!» кыймылынын Кеңешинин бардык мүчөлөрүн чакыргам.
– Бул жыйында кыймылдын кайсы лидерлери болду эле?
– Жыйында «Ата Мекен» партиясынан Өмүр­бек Текебаев, Өмүрбек Абдрахманов, Асия Сасыкбаева жана Чолпон Жакупова болгон. Азыркы «Ак шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев дагы активдүү катышкан. Буга чейин аталган Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов, Өмүрбек Бабанов жана Эдил Байсаловдор да катышкан эле. Андан сырткары, иштелип чыккан сунуштар телефон аркылуу Кубатбек Байболов, Муратбек Мукашев, Рая Кадыровалар менен да макулдашылган. Бизди оппозициянын аксакалы Дооронбек Садырбаев дагы колдогон эле.
– А эмне үчүн талаптарды талкуулоого дал ушул адамдар катышкан?
– Себеби алар «Реформа үчүн!» кыймылынын Кеңешинин мүчөлөрү болгон да.
– Анан жыйында кандай чечим кабыл ал­дыңыздар?
– Президент менен сүйлөшүүгө ала бара турган 8 пункттан түзүлгөн талаптардын тизмесин талкуулап, бекиттик. Негизги талаптардын бири конституциялык реформанын талабы болчу. Биз ошон үчүн биргеликте иш жүргүзгөн жумушчу тобун, коалициялык өкмөттү түзүүнү каалаганбыз. Бул эки пунктту президент 24-мартка чейин аткарышы керек эле. Мындан башка дагы сунуштар болгон, бирок жыйынтыгында эң маанилүүлөрүн гана калтырып, калганын кагаздан чийип салууга туура келген. Калган 8 пунктту баары бир добуштан колдоп чыккан. Кол коюуга келгенде Өмүрбек Текебаев фронттун билдирүүсүнө кол койгонун айтып, биздин талаптарга кол коюдан баш тарткан. Бирок талаптарды талкуулоого активдүү катышкан.
Ошентип, кыймылдын атынан сүйлөшүү­лөрдү жүргүзүп, эгер президент биздин шарттарга макул болсо, анда чогуу кызматташууга макулдук берүү милдети мага жүктөлгөн.
– Бакиев сиздердин талаптарыңыздарды кандай кабыл алды?
– Мен 21-март күнү президент менен жолуктум. Биз эки саат бою сүйлөштүк, талаштык-тартыштык. Бирок жыйынтыгында ал биздин бардык талаптарыбызды аткарууга макулдугун берди. Экөөбүз келишимди жигитче кол алышуу менен бекиттик. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, президент сөз менен эле макулдугун айтып койбой, иш жүзүндө келишимди аткарып баштаган. Ал эми биз кечээ эле макулдашкан оппозиция лидерлери койгон кол тамгаларынан, сөздөрүнөн капыстан эле баш тартып коюшкан. Кала берсе себебин дагы айтпай туруп баш тартышкан.
– Эмне үчүн мындай болду деп ойлойсуз?
– Азыр эми баамдаганыма караганда, президент премьер-министрлик кызматты башкаларга эмес, мага сунуштаганы кээ бир оппозиция лидерлерине жаккан эмес окшойт. Баса, мен премьер-министрликке Кубатбек Байболов менен Темир Сариевди сунуштагам. Анткени ал кезде өкмөт башчы менин айылдашым Исабеков болчу. Бирок президент Исабековго администрациядан жогорку кызмат берүүнү убада кылып, “оппозициядан премьер болуп сен кел” деп болбой койду. Ал эми Текебаевди болсо жөн гана мага каршы кылып коюшту. Ага фронтчулардын бири мен жөнүндө ыплас ушактарды айтып бергенин жакында эле Өмүрбектен уктум. Текебаевдин ишенчээктигинен жана эмоционалдуулугунан пайдаланып кетишти. Алардын ою ишке ашты. Мындай ыплас иштерди Текебаевге гана эмес, башкаларга да колдонду го деп ойлойм.
Албетте, кыймылдын экинчи жарымы мени колдоп беришти жана бул үчүн мен аларга ыраазымын. Ошону менен катар эле мени менен чогуу бийликке барып, жоопкерчиликти чогуу көтөрүүгө алардын да духу жетпей калды. Бирок бул үчүн аларды жемелеген туура болбой калат. Ошол убакта граждандык согуш жыттанып жаткан эле.
– Эмне үчүн бул жөнүндө буга чейин бир жолу дагы айткан жоксуз? Ушул убакытка чейин сиз жөнүндө ММКлардан кресло үчүн сатылып кеткениңизди жазып, айтып келишти го...
– Ушул убакытка чейин менин оппозициядагы кечээки досторум болгонун болгондой айтып беришер деп келдим. Бирок өткөн жылы бир маегинде «Атамбаев оппозицияны саткан жок, биз аны саттык» деп Азимбек Бекназаров жалгыз эрдик кылып айтты. Калгандары унчукпайт. Оппозициянын өткөн жылкы Курултайында кээ бир шумкарлар менин дарегиме залдан жаман сөздөрдү кыйкырып жатышканында, оппозиция лидерлери адилеттик үчүн чыгып, бардык чындыкты айтып беришер деп өзгөчө үмүттөндүм эле. Бирок, тилекке каршы, айрым партиялардын лидерлери, тескерисинче, жылмайып жыргап отурушту. Албетте, өкүнүчтүү болду. Жакында ММКлар мага кайрадан жалаа жаап баштагандан кийин кандай болгонун мен өзүм айтып берүүнү чечтим. Албетте, чындык ачуу болот, ага болгон реакция дагы ар түрдүү болушу мүмкүн.
Ушул убакка чейин унчукпай жүргөнүмө башка бирөөгө негизсиз көлөкө түшүрүүнү каалабаганым да себеп болгон. Кимдир бирөөнү таарынтып алгым келген эмес. Бирок эл чындыкты билиши керек да.
– Ушул маектен соң сизге кайра асылуулар башталарынан коркпойсузбу?
– Мен Кудайдан гана корком. Албетте, жалаа жаап жатышканы оор жана өкүнүчтүү. Кээде бычактан да катуу жаралаган калп, ыплас сөздөрдү айтышат. Бирок калптын өмүрү кыска. Аны менен бирге жалаа жабуу – чоң күнөө. Ал үчүн Кудай алдында жооп берүү керектигин эске салып койгум келет. Биз ушуну унутпасак.

Лейла Саралаева
«Учур» гезитинин №07 (18)-санынан алынды

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан