КЫРГЫЗСТАНДА ЧУМАНЫН КАПТОО КОРКУНУЧУ БАРБЫ?

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сырт жайлоосунун Эңилчек жана Кайыңды коктуларынан чума илдетин алып жүргөн кемирүүчүлөр табылган. Бул кооптуу жугуштуу оору адамдарга жукпашы үчүн кандай иш-чаралар көрүлүүдө? Бул жаатында Республикалык карантиндик жана кооптуу жугуштуу оорулар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Бектурдиев жооп бермекчи.

– Кубанычбек мырза, чума илдетинин кемирүүчүлөрдө бар экендиги аныкталгандан бери бир топ күн өттү. Анын үстүнө азыр аң уулоонун сезону. Элдер да эс алууга жайлоого кетишүүдө. Чума адамдарга жукпашы үчүн кандай иш-чаралар көрүлүүдө?
– Быйыл 25-май, 2-июль аралыгында Ак-Суу районундагы Эңилчек жана Кайыңды коктуларынан кемирүүчүлөрдү текшергенде 4 суур жана бир келемиш сымалда чуманын козгогучтары (микроб) бар экендиги тастыкталган.
Биз чума (элде кара тумоо деп да айтылат) илдетин козгогучтар табылгандан кийин Мамлекеттик токой чарбачылыгы жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине суурларга аңчылык кылууга лицензия бербөө өтүнүчү менен кайрылдык. Ак-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чуманын алдын алуу боюнча эскертмелерди, баракчаларды таркатышты. Ошондой эле канча адамды эмдөөдөн өткөрүү керектигин такташты. Жазында чумага каршы эмдөөдөн өтпөй калган жайлоону турактаган малчылар, аңчылар, тери даярдоочулар, ветеринарлар, метеорологдор, сейсмологдор, геологдор, илимий экспедицияда жүргөндөрдү, чумага каршы иштеген кызматкерлерди, чек ара кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүп жатышат . Жайлоого келип-кеткендер катталып жатат. Эс алууга барган өзүбүздүн жарандарга да, туристтерге да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Бардыгы болуп бул ирет 113 адам эмделди. Быйыл жазында 238 адам эмдөөдөн өткөн.
Учурда биздин борбордун адистери Ак-Суу районуна коңшулаш Жети-Өгүз районунун жайлоолорун эпизоотологиялык (жаныбарлар арасында чуманын бар экенин аныктоо) изилдөө иштерин 12-июлдан бери жүргүзүүдө.
Караколдогу чумага каршы бөлүмдүн кызматкерлери чуманын микробу табылган аймакта эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. 15-июлда Бишкекке лабораториялык изилдөө үчүн 4 суур жана 1 чычкан алып келишкен. Жыйынтыгында, 1 суурдан чуманын микробу табылган.

– Чума билинбей башка жактарга таркап кеткен жокпу?
– Жок, чыккан жок. Бирок баары бир аң уулоо жана эс алуу кезинде абайлоо керек. Учурда абал көзөмөлдө.

– Адамзаттын үшүн алган чума оорусун, менин билишимче, кемирүүчүлөр алып жүрөт...
– Ооба, ооруну жаратылышта алып жүрүүчүлөргө кемирүүчүлөр (келемиш, чычкан, суур, сары чычкан, кош аяк жана башка) жана коён, төөлөр кирет. Оорунун коркунучуна бир мисал, 1348-1666-жылдарда Европада таралган кара тумоо 25 миллион адамдын өмүрүн алып кеткен.
Ал эми Кыргызстанда акыркы ирет чума оорусу 1983-жылы 1 адамда катталган.

– Оору адамдарга кандайча жугат?
– 3 түрдүү жол менен жугат. 1. Трансмиссия жолу менен. Башкача айтканда, кемирүүчүлөрдүн жүнүндө жашаган бүргө аркылуу. Бүргө оорулуу жаныбарды чагып, ооруну өзүнө жугузат. Мындай бүргө чаккан адам да, үй жаныбары да, кемирүүчүлөр да ооруп башташат.
2. Контакттык жол аркылуу. Оорулуу же өлгөн жаныбарды союп, терисин сыйрып жатканда адам ооруну терисиндеги кесилген же тытылган жери аркылуу жугузуп алат.
3. Аба аркылуу. Тактап айтканда, өпкөдөн кармаган түрүндө оору оорулуу адамдын чүчкүрүгү, какырыгы жана шилекейи аркылуу жугат.

– Дарылап айыктырууга болобу же?..
– Эгер адам убагында дарыгерге кайрылса, таза айыгууга мүмкүнчүлүгү бар.
Кокус дарыгерге кайрылбаса, анда 3-5 күндө көз жумуп кетет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
анарбек
2012-07-31 00:32:06
уужас коркутпагылачы
0
samirchik
2012-08-02 23:11:07
кемируучу деген эмне? суроттогу ошобу? бирок бизче (колдонуучу) кандай айтылат
0
Meris
2012-10-23 14:17:10
грызуны -
0
Meris
2012-10-23 14:17:59
тоо кемируучуго кирбейт - сут эмуучу кепшоочу, туяктууга кирет
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан