Учурда базардан жаңы бышкан мөмө-жемиштин түрүн табасың. Алардын ичинен өзүнүн сулуулугу, жыпар жыттуулугу менен өзгөчөлөнгөн шабдалыны кимдер гана тамшанып жебейт. Бир тиштегенде ширеси чачырап...
Баарыбыздын сугубузду арттырган бул мөмө көп нерсеге даба экен.
ТАРЫХЫНАН
Шабдалынын качан пайда болгондугу тууралуу бүгүнкү күнгө чейин так маалымат жок. Айрым окумуштуулар анын мекени катары Иран өлкөсүн эсептешет. Ал эми айрымдары "бул мөмө алгач Кытайда өстүрүлүп, кийин гана Европа, Орто Азия өлкөлөрүнө тараган" деген кептерди айтып келишет.
Дүйнөдө шабдалы түшүмдүүлүгү жана өстүрүлгөн аянты боюнча алма жана алмуруттан кийинки 3-орунда турат. Бүгүнкү күндө анын 3 миңден ашуун сорту белгилүү. Кыргыз жергесинде анын “Майфиевер”, “Кардинал”, “Лола”, “Эльберта” сыяктуу сорттору көп өстүрүлөт. Шабдалы түктүү жана сыйдаң болуп экиге бөлүнөт. Бул эки түрүнүн тең пайдалуу касиеттери бирдей.
КАСИЕТИ КҮЧ ШАБДАЛЫ
Бышкан шабдалы кантка, калий, кальций, фосфор, темирге жана А, В, С, Р витаминдерине бай. Андыктан шабдалы бат-бат суукка уруна берген, ичи көп каткан, аз кандуулук менен жабыркаган адамдар үчүн табылгыс азык. Мындан сырткары бул мөмөнүн курамындагы заттар жүрөк кан тамырларынын иштешин жакшыртат. Ошондой эле бул мөмө заара кубалоочу касиетке ээ болгондуктан, бөйрөктөгү майда таштардан арылтат.
Шабдалынын мөмөсү гана эмес, анын данегинин да баалуу экендигин баарыбыз биле бербесек керек. Данегинин 50 пайызы майдан, 25 пайызы белоктон турат. Данеги ачуу жана таттуу болот. Таттуу данегин бадам сыяктуу жегенге болот. Ал эми ачуусу шарап, спирт ичимдиктерин жасоодо колдонулат. Мындан сырткары данегинен косметологияда кеңири колдонулган шабдалы майы алынат.
Шабдалы түгү аллергия жаратышы мүмкүн. Андыктан шабдалынын түгүнө аллергиясы барларга сунушталбайт. Курамында канттын өлчөмүнүн көптүгүнөн кант диабети жана семиздиктен жапа чеккендер да бул мөмөдөн баш тартышканы оң.
ШАБДАЛЫ МАЙЫ
Шабдалынын мөмөсү да, майы да косметологияда кеңири колдонулуп келет. Мисалы, анын мөмөсүнөн жасалган маска беттин терисин ар кандай зыяндуу заттардан тазалайт, жашартат жана серпилгичтигин сактайт. Ал үчүн шабдалыны эзип, бетке 15 мүнөт койгондон кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет майдан сүртүп коюу гана жетиштүү. Эгер тери майлуу болсо, анда шабдалынын боткосуна 1 чай кашык картошка крахмалын кошуп коюу оң.
Ал эми шабдалы майын чач, каш өстүрүүдө, бетке маска жасоодо, денеге массаж кылууда колдонуп келишет.
Жылуу шабдалынын майына таза чүпүрөктү малып, бетиңизге 10-15 мүнөт жапсаңыз, майда бырыштардан арыла аласыз жана териңиз жумшак, жылмакай болуп калат. Ошондой эле бул май менен макияжды да тазалоого болот.
Шабдалы майын эриниңизге сүйкөсөңүз, ал аны жумшартып, азыктандыргандан сырткары серпилгичтигин жогорулатат. Бул май менен колуңузга массаж жасоо менен териңизди азыктандырып, тырмактарыңызды бекемдей аласыз.
Шабдалы майы менен денеге жасалган массаж арыктоого жардам берет жана целлюлиттин алдын алат.
Шабдалынын гүлү да пайдалуу. Андан чай даярдап ичсеңиз, нервди тынчтандырып, жөтөлдү басат.
Ширелүү шабдалы
Керектелүүчү азыктар:
Даярдоо ыкмасы:
1. Шабдалыны таза жууп, ортосунан ажыратып, данегин алып салабыз. Кесилген жагын төмөн каратып, үстүнө кайнак сууну жаба куябыз. Муздагандан кийин кабыгын сыйрып, банкага тизебиз.
2. Сууга кумшекерди салып кайнатып, шабдалы салынган банкага куюп, капкагын жабабыз.
3. Банканы мискейге салып, 0,5 литрлик банканы 10, 1 литрлик банканы 12 мүнөт сыртынан кайнатабыз. Андан соң капкакты жапкыч менен бекитип коёбуз.
Мындай консерваланган шабдалы жегенге жана ар кандай таттууларды жасоодо керектелет.
Шабдалы пирогу
Керектелүүчү азыктар:
Толтурмасына:
Даярдоо ыкмасы:
1. Каймак майды эритип, ага кумшекерди кошуп аралаштырабыз. Эми жумуртканы, көбүрткүчтү жана унду салып камыр жууруйбуз.
2. Камырды жайып, табанын четине чейин чыгарып салабыз. Анан аны жарым саат муздаткычка салып коюу керек.
3. Эми толтурманы даярдоого киришебиз. Идишке каймакты, быштакты, кумшекерди, крахмалды салабыз. Буга жумуртканы чагып жана лимондун ширесин сыгып кошобуз.
4. Анан камырдын ичин бул толтурма менен толтуруп, үстүнө шабдалыны тизебиз. Пирогду 180 градуста ысып турган духовкада кызарта бышырып алабыз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg