АТКАРЫЛБАГАН АМАНАТ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Күүгүм кирип келаткан сайын Айжамалдын жүрөгү катуу согуп, Саматка улам:
– Жеңем качан келет, мен коркуп жатам?
– Келет азыр. Эмнеден коркосуң, мен бармын го?
– Баары бир коркуп жатам.
Бирде тептегерек карагаттай көздөрү мөлтүлдөп жашка толсо, бирде баарын унутуп калып Самат менен талашып-тартыша ойноп кетет. Самат да ичинен өзү коркуп жатканы менен, карындашына жөлөк болуп, коркконун ага билдирбегенге аракеттенет.
– Айжамал, ыйлабачы. Жакында атам менен апам келет. Апам айыкса, биз эч качан минтип жалгыз калбайбыз. Экөөбүз экинчи ыйлабайбыз. Апам дайыма жаныбызда болот. Кел, андан көрө, Тумар жеңем айткандай, Кудайдан апамдын айыгып кетишин суранабыз. “Апаңарды сагынган сайын көзүңөрдү жумуп алып “апам эртерээк айыгып үйгө келсе экен” деп көп жолу кайталай берсеңер, Кудай силерди угат” дебеди беле...
Каргадай эки бала заңгыраган ээн үйдүн бир бурчунда бири-бирине жанашып, апасынын сакайып кетишин Кудайдан тилеп отурушту. Бул маалда Улан менен Тумар өздөрүнчө бакытка балкып турушкан эле:
– Айтпадым беле сага. “Ал күн алыс эмес, Кудай буюрган күнү бизге да наристе берет” десем болбой эле ыйлай бердиң. Эми мындан ары ыйлап өзүңдү өзүң кыйнабай, менин балам тууралуу да ойлоно жүр, ханышам!
– Куп болот, ханым! Сиздин айтканыңыздай болсун, ыйлабайм экинчи. Өмүр бою сиздин балдарыңызга кызмат кылып, ошолорду багып-өстүрүп, эрезеге жеткирип, ар бирин тууруна кондуруу менин милдетим болсун.
– Анда бул кызматыңа бүгүндөн калбай кириштим дей бер.
– Болуптур. Улан, мен кандай бактылуу аялзатымын, ээ? Сендей адамды жолуктурган бактыма ыраазымын!
– Рахмат, жаным! Мен дагы бактылуумун!..
Экөө бири-бирине ыраазычылыктарын айтып, өздөрүн толук кандуу бактылуу сезип көпкө отурушту. Болочок наристенин келечеги туурасында талкуулап, кандай ийримдерге барып, чоңойгондо кайсы өлкөдөн билим алып, кайсы кесиптин ээси болоруна чейин пландап жиберишти. Ал тургай анын бөлмөсүн даярдоого эртең эле киришүүнү чечишти.
Убакыт бир топко барып калганын, үйдө Самат менен Айжамал коркконунан ыйлап отурушканын Уландын “байкемдер келери менен эле экөөбүз өзүбүздүн үйүбүзгө кетели. Өзүнчө турмуш куралы” деген сөзүнөн кийин гана Тумар эстеп кетти.
– Улан, курудук. Үйдө... Үйдөгү балдар эмне болушту?!
– И-ий, баса. Алар таптакыр эстен чыккан турбайбы! Жүрү, кеттик!
– Окшошкон балапандарым десе. Көздөрүн алайтып, бул убакка чейин коркуп калышты го...
Экөө шашыла үйгө кирип, балдардын бөлмөсүн көздөй чуркашты. Бул маалда Самат менен Айжамал кучакташкан бойдон уктап калышкан болчу. Айжамалдын көпкө ыйлаганын, анын өпкөсү көөп энтигип жатканынан байкашты. Тумар да өзүн кармана албай көз жашы куюла ыйлап:
– Балапандарым менин! Мени кечиргиле?! Мен акмактык кылдым! Башыңарга ушундай күн түшүп, ата-энеңерден алыс калып, ансыз да жүрөгүңөр жабыркап турган маалда минтип кашайып силерди унутуп калганымды карасаң. Мени кечиргиле!- деп Айжамалды алдына алып отуруп калды. Айжамал да жеңесинин келгенин көрүп, кайра ыйлап кирди. Тумар “алда, шордууларым, ай! Силер да элдин балдарына окшоп өз энеңердин мээримине чөмүлө эркелеп жүрчү маалда минтип караңгыдан коркуп, бири-бириңерди сооротуп ээн үйдө жатасыңар. Ата-энеңер да силерди ойлоп санаасы тынбай отурушса керек. Турмуш жаштайыңардан силерди да, Жаныбек менен Жаннатты да катуу сынга алды. Эми жакшы жашоо алдыда деп ишенүүдөн башка аргабыз жок...” деген аянычтуу ойлордун курчоосунда көпкө отурду.
Бул убакта чындыгында эле Жаныбек менен Жаннаттын жүрөгү бир нерсени сезгендей улам-улам балдарын сөз кылып отурушкан. Жаннаттын эки сөзүнүн бири эле балдары болуп жатты:
– Экөө эмне кылып жатышты болду экен? Негедир экөөнү ойлосом эле жүрөгүм “зыр” этип кетип жатат. Тынчтык эле болсо экен...

(Уландысы кийинки сандарда)

Айнура Болот кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
kunaitan
2012-07-30 09:29:46
Ылайым жаратканым эне - баланы бири биринен ажыратпасын!
0
nazgul1981
2012-07-30 22:47:09
Менин да эки балам бар окуп алып аябай ыйлагым келди.
0
KG.aiba
2012-07-31 00:50:53
jakwy butso eken aiagy!
0
Fute22
2012-07-31 11:26:40
эне бала
0
Kantemir
2012-07-31 16:22:56
Узартып эле берсенер жакшы болмок. Эми дагы бир жума кутобузда. Айла жок урматтуу Супер-инфо.
0
Jyrgalbek
2012-08-01 00:39:27
Аткарылбаган аманат канча жумада бир чыгып жатат
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан