Өмүрбек Андарбеков: «ЫПЛАС ЫРЧЫЛАР КӨБӨЙДҮ»

Ома аттуу ырчы сахнаны аттаары менен эле катуу чыккан. Болгондо да чет жерлерге барып кыргыздын желегин желбиретип. Бирок негедир Бакиев бийлигин жыйыштыргандан кийин эле Ома жаңы ыр жаздырбай, сахнага көп чыкпай калды. Учурда уюштуруу иштери менен алек болуп жүрөт.

– Салам, Ома, кандайсың? Сени таң атпай эле спорт залынан таптык. Канча жылдан бери машыгасың?
– 8 жашымдан бери күрөш менен машыгам. Мен өзүмө ушул күрөштүн негизинде кандайдыр бир эркектик сапаттардан жүктөп алдым десем болот. Башында апам мени бийге берип салган. Бир жылча бийге барып жүрдүм. Балдар «биздин атаман бийчи» деп шылдыңдай беришкенинен, намыстанып спортко ооп кеткем.

– Ырчылыкты токтотуп спортчу болоюн деген оюң бар го?
– Чыгармачылык менен алек болгон адам башка эч нерсе менен алагды болбошу керек экен. Ал эми мен учурда көп иштер менен алек болуп, чыгармачылыкка 100 пайыз дитимди коё албай жаткандыктан аксап жатам.

– Чынында, бир туруп уюштуруу иштери менен чуркап жүрсөң, бир туруп абройлуу бир топ сынактарда кадырлуу калыстар тобунун катарында отуруп каласың. Ушундай сыйлуу жерлерге сени ким чакырат?
– Мен ойлойм, абдан бактылуу адаммын деп. Өзүм жаш болсом да, «калыстык кылып бер» деген чакырууларды көп эле алам. Муну чыгармачылыгыма болгон сый-урмат деп эсептейм. Мындай чакыруулардан улам кыргыз маданиятына кандайдыр бир тиешем бар экен деп сыймыктанам. Андан тышкары жаш таланттарга жардам көрсөтүп, чет мамлекеттерге чейин алпарып жатам.

– Арсен, Айбек, дагы?
– Омар, Мирбек Атабеков, Ралия жана башкалар.

– Омар, Арсен, Айбек, Мирбек жана сени «өздөрүн элита ырчылары деп эсептешет» деп калышат. Ушул чынбы?
– Мен өзүмдү элита же элита эмесмин деп айта албайм. Ырчыларды чыныгы эмгектин артынан такшалган жана эмгеги жок пиардын артынан чыккан ырчылар деп бөлө алам. Ал эми жогоруда аты аталган ырчылар күнүнө алты сааттан ырчылык менен машыккан жигиттер.

– Сен Көркөм кеңештин мүчөсүсүң. Бул тууралуу эл «өзүнүн мыкты ырлары деле жок, анан Эл артисттерин кантип сынайт?» деп айтып жүрүшөт...
– Менин Көркөм кеңешке мүчө болуп калышымдын бир себеби – ушул күнгө чейин фонограмма менен ырдап көрбөгөнүм. Аппаратуранын жаман же жакшы сапатына карабастан, жалаң жандуу ырдап келем. Анан да дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарга катышып жүргөндүктөн, биздин чөйрөгө да жаңылык кошот деген максатта чакырылгам десем болот. Негизи, мени сынактарга чакырганда ырымдын көп, аздыгына карабайт. Болгону, «үндүү балдар келишет, ошолорго калыстык кыл, алардын диапозонунун кенендигин, деги эле чыгармачылык жааттагы мүмкүнчүлүгүн карап бер» дешет. Эң негизгиси, мени «дүйнөлүк сынактарга көп катышып, тажрыйбалуу болуп калды» деп да чакырышат. Учурда бул кеңештин иши токтоп турат. Себеби көп каршылыктар болду. Бул бир чети. Экинчиден, азыр ыплас ырчылар көбөйдү.

– Ыплас дегениң эмнең?
– Ыплас ырчы деп үнүн компьютердин жардамы менен жасатып алып ырдагандарды айтып жатам да. Менин бул сөздөрүмдөн соң, балким, кээ бирлер ырчылык өзүнүн иши эмес экенин сезип, токтотушар.

– Анда ошондой ыплас ырчылардын бирин көзгө сайып көрсөтө аласыңбы?
– Жок, мен бул же тигил деп айта албайм.

– Бакиев бийликтен кеткенде сенин «башымды ийип уялдым» деп айтканың бар. Ошол кездеги бийлик берген 3 бөлмөлүү үйдө жашап жатасыңбы?
– Ооба, ошол үйдө эле турам. Эми «Бакиев үй берген» деп айтып жүрүшөт. Бирок мен ойлойм, ошол кезде кайсы президент болбосун, өзүнүн атынан эмес, элдин атынан белек кылмак. Себеби Америка жактан олжолуу келген кыргыздардан биринчи мен болдум окшойт. Ошол кезде башымды ийип уялганымдын себеби – «кыргыздар бири-бирин атып жатышат» деген кабарды Европада жүрүп укканымдан.

– Баса, ошол медалдарды сатып алган деп шек санагандар да чыкты эле...
– Кандай ушак кептер айтылбасын, чындык бешенемде турганда мен эч нерседен кам санабай жашоомду уланта берем!

– Ак үй, Көк үйдө жөлөп-таяган бирөө болсо керек, ээ? Жалаң гана мамлекеттик деңгээлдеги концерттерден байкап калам?
– Негизи, мен мамлекеттик иш-чараларга сөзсүз катышам. Себеби мамлекеттик концерттердин бюджети аз болот. А мен андайда дайыма «мага гонорар төлөбөй эле койгула, андан көрө башка ырчыларга меникин кошуп көбүрөөк кылып бергиле» деп айтам.

– Оо, анда сенин бир «жирный» акча тапчу булагың бар окшойт?
– Бизнесим бар дегенден алысмын. Мурда суу башы мыкты болчу, анан төл башы, кийин мануфактуранын ээси кыйын болчу, ал эми азыр маалыматы бар адам мыкты. Ошондуктан бүт тармакта маалыматым болгондуктан, кандайдыр бир иш-чараларды уюштура алам. Ошого байланыштуу ырчылыктан сырткары да кирешем бар.

– Кел эми, жеке жашооң тууралуу кеп кылалы. Бойдокчулуктан тажай элексиңби?
– Отузга чыгып калдым. Буга чейин туугандардын көбү эле «Өмүрбек, 25ке чейин үйлөн, анан кыз тандап каласың» деп калышчу, бирок мен бул сөздөргө көп көңүл бурчу эмесмин. Азыр болсо «үйлөнгөнгө жараша мыкты үйлөнүшүм керек» деп жатам.

– «Жакшы кызды эшиктен издебе, үйдөн кара» дешет экен. Буга кошуласыңбы?
– Ооба, атамдын иниси «сен дискотека-кафелерден өзүңдүн болочок жубайыңды таппайсың. Ал үчүн маршрутка троллейбустарга түшүп жүр, чыныгы ыймандуу кыздар ошол жакта болот» деп бир тамашалаган.

– Анан коомдук транспортторго түшүп көрдүңбү?
– Жок, автобус, троллейбустар болбосо да, кандайдыр бир шарттар менен болочок жубайыма акыры жолугам деп ишенем.

– Жоодар көзгө эрте жолук. Маегиңе рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өмүрбек Андарбеков: "Ыплас ырчылар көбөйдү"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
kirpik
2012-07-31 00:00:50
аласын алжайтып отуруп алганын
0
Murok
2012-07-31 11:10:40
kirpik, жарыпсынго,корушсун а так дегенго э.!ой боорумай!
0
Kg_boy3239
2012-07-31 06:29:50
анысы менен ишинер не озунун иши да
0
tattukyz
2012-07-31 06:31:53
ayabai semiriptir ))) yrchy degen bardyk jagynan jakshynakai bolush kerek da bul jonele yrcgy emes kolokosu menen ele jurot ))))
0
AGAT
2012-07-31 11:45:15
ELIMA91 - коомдук адепке туура келбеген сөзү үчүн 50 күнгө банга!
0
erke85
2012-07-31 17:15:09
Азаматсын! Ушул баланын адамгерчилигин, суйлоо манерасын аябай сыйлайм! Бактылуу босун!
0
Jama15
2012-07-31 21:55:04
Omurbek baike sizdei adamdar menen syimykmanabyz! Siz Kyrgyztandyn syimygysyz! Jashtarga ulgu bolyp kelez. Adamgercheliktyy, ashkan akyldyy insansiz. Jashoodon irahat alyp jashanyz. Men sizdi syilaim jakshy korom. Jipara koz chantyryp kalsanyz meni estep koiynyz.
0
Jama15
2012-07-31 22:34:02
tirkelgen surottordu kantip alsa bolot. Usul bettegi aitilachi?
0
cosmopolit
2012-08-01 00:51:55
Суйлогону орду менен экен...Чыныгы-Мырза го...
0
Tazash
2012-08-01 02:51:43
бой которосуз мактанчааксыз ырларын угуп эле журом канаттандырарлык эмес.Ильяз сизден жаш бирок жакшы ырдайт.Фонограмма ырдап эле журдунуз элегооо байкесии Атай молодец тубаса талант.
0
Medina_solnyshka
2012-08-01 14:16:54
Ар ким ар кандай ушак айта берет. Оманын даражасына жетип алгылачы айланайындар! Акча берсенер да чакырбайт калыс болуп бер деп
0
tatakozy
2012-08-01 19:05:56
ООО супер инфо расса суроо бериптир (какшыктагандай кылып)я шоке )))) Но жигит молодец.
0
zema
2012-08-02 13:25:44
жугургондуку эмес буюргандыкы)эпетесен аласын дейтко...
0
joran
2012-08-02 18:41:06
ушул ырчы такыр жакпайт!
0
Galley.94
2012-08-03 03:44:24
uwul yr4ynyn bir da yryn ukan emesmin i magada jakpait
0
KGFRAU
2012-08-05 11:08:36
Бул ким? Ырчыбы? Кыргыздар койгулачы, эки ыр ырдаса ырчы деп...дагы анын бироосу элдик ыр,озу чыгарса куйдурмок экен. Бул-озу "ыпластардын" бироосу. Акчасы гана кобуроогу болуш керек. Ыр бар го Лампочкасын, андан кийин чыраксын, андан кийин тутунсун деген, ошол жарашат буга.
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан