ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (30-июлдан 5-августка) чейин

КОЙ (21.03-20.04)
Апта башында өз алдыңызча чечим чыгарып иш кылуу катачылыкка алып келет, андыктан иш билги адамдан кеңеш сураганыңыз оң. Шаршембиде каржылык абалыңызды жакшыртууга шарт түзүлөт, колдон чыгарбаңыз. Жума күнү кандай чөйрөдө болсоңуз да, сабырдуу болуңуз. Апта соңунда чыгармачыл адамдарды ийгиликтер күтөт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Аптада оттон жана электр тогунан этият болуу керек. Дүйшөмбүдө узак сапарга аттануудан баш тартууну жылдыздар сунушташат. Шаршембиде сапатына эмес, арзанына карап буюм сатып алып, кийин өкүттө калышыңыз мүмкүн экендиги эсиңизде болсун. Бейшембиде ийгиликтен куру калбайын десеңиз, чечкиндүү болуңуз. Апта аягы жагымдуу сезимдер менен коштолмокчу.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Кимдир бирөө берген белектен баш тартканыңыз оң, себеби сизди жаман иштерге түртүү үчүн жасалган аракеттер болушу мүмкүн. Шейшембиде орун алган майда чырларды ырбатпай, сабырдуулук менен чечүүгө умтулуңуз. Бейшембиде жалган жалаанын курмандыгы болуп калышыңыз ыктымал. Өзүңүздүн ак экениңизди далилдөөгө тырышыңыз. Жекшембиде көздөгөн максатыңызга жетүү үчүн чечкиндүүлүк талап кылынат.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Билимиңизди өркүндөтүп, тажрыйба топтоого ыңгайлуу учур. Ар кандай иш-чараларга катышып, биле элек нерселерди билүүгө аракет кылыңыз. Бул келечек үчүн өтө маанилүү. Жеке жашооңузда мурдагы сүйүүңүзгө кабылып, жан дүйнөңүздүн тынчтыгы бузулуусу мүмкүн. Дүйшөмбүдө жолуңузда тоскоолдуктар жаралышы ыктымал. Жума – жаңы иш баштайм дегендер үчүн ыңгайлуу күн. Ошондой эле айрымдар акчалай сыйлыкка ээ болушмакчы.

АРСТАН (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө кандай маселе болбосун, сиз тарапка чечилмекчи. Шейшембиде маанилүү иштерди бүтүрүү үчүн иштерди пландап, убакытты туура колдонууга аракеттениңиз. Апта ортосунда жакын адамдарыңыздан жагымсыз кабар келиши мүмкүн. Жума күнү өзүңүзгө материалдык же моралдык зыян келтирип албайын десеңиз, ашыгып кадам таштабоо керек. Жекшемби күнү үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири менен чырдашууга жол бербеңиз, анткени чоң чырга айланышы мүмкүн.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Эски тааныштардын бирине жолугушуңуз ыктымал. Сүйүү жаатында болсо, өчкөн сезимдердин оту кайрадан тутануусуна жол бербеңиз. Аптада башка бирөөнүн ишин бүтүрүүгө жоопкерчилик алуудан качыңыз, иш соңуна чыкпай, убара болуп каласыз. Бейшембиде жаныңыздагылар менен кеңешип иш кылбасаңыз, жаңылышып калууңуз мүмкүн. Жекшембиде таасирдүү адам менен кезигүүңүз күтүлүүдө.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы үч күнү ишиңизде оорчулуктар жаралат. Кесиптештер арасында маселе чечүүдө бир пикирге келүү кыйынчылыкка турат. Бирок далилдүү жана ишенимдүү аракет кылсаңыз, сиздин оюңуз колдоого ээ болот. Жума күнү жеке жашооңузга тиешелүү чечимдерди кабыл алууга туура келет. Апта соңунда ишиңиз боюнча бут тоскон адамдар чыгышы мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө кесиптештер арасындагы кошумча ишти өз жоопкерчилигиңизге алсаңыз, соңуна чыгара аласыз. Бул сиздин кадырыңыздын жогорулашын шарттайт. Шаршемби – эңсеп жүргөн идеяңызды ишке ашырууга ыңгайлуу күн. Бирок ашыкча кыялдануудан алыс болуңуз. Жума күнү эс алууга камданып, дем алыш күндөрдү ден соолугуңузду чыңдоого көңүл буруңуз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул апта активдүү күндөргө бай болмокчу. Чөйрөңүз жаңы адамдар менен толукталат. Сапарга чыгууңуз да күтүлүүдө. Досторуңуздан түшкөн сунушка макул болуңуз, жыйынтыгы сизге да пайда алып келет. Жума күнү жубайлар же кесиптештер ортосунда келишпестиктер болуп кетүүсү мүмкүн. Апта соңунда сүйүктүүңүз менен эс алууга аракет кылыңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Достуктун аягы сүйүүгө айлануусу ажеп эмес. Шаршембиде ишкерлер мамлекеттик кызматкерлердин үстөмдүгүнө, кысымына кабылышы мүмкүн. Бул аптада бойдоктор таанышуудан тартынышпаса гана кыялындагы адамдын жанында боло алышарын айтышат жылдыздар. Эс алуу күндөрү маанайыңызды көтөрө турган жагымдуу кабар угасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жыйынтык чыкпай жатат дебестен, аракетиңизди токтотпой иш алып барсаңыз, ийгиликке жетесиз. Шаршембиде өз кызыкчылыгыңыз үчүн жакын адамыңызды таарынтып алышыңыз мүмкүн, андыктан ойлонуп иш кылыңыз. Жума күнү маселе жаратып албайын десеңиз, бейтааныш адамдардын чырына аралашуудан оолак болуңуз. Дем алышты жан дүйнөнү азыктандыруу менен өткөрсөңүз, жеңилдейсиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Кызматкерлер жана бизнесмендердин кирешелери көбөйүп, жумушунда жагымдуу окуялар орун алмакчы. Такталбаган маалыматтарга таянып чечим кабыл алуудан алыс болуңуз. Шаршембиде кыймылсыз мүлк сатып алуу оюңуз болсо, аны кийинкиге жылдырганыңыз оң.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Medina_solnyshka
2012-08-01 09:51:42
Укмуш го
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан