Адамдардын аң-сезими бузулуп бара жатканынын биринчи кабары ушул болсо керек, Көл өрөөнүн селт эттирген бул окуя кечээ жакында эле болду. 22 жаштагы жигит 13 жаштагы бир тууган карындашын зордуктап жүргөн экен.
СЕЙИЛ БАКТА ЫЙЛАГАН СЕКЕЛЕК
(Окуя тергөөнүн версиясына жана жабыркаган кыздын жакындарынын айтуусуна таянып жазылды)
Үстүбүздөгү жылдын 18-июнь күнү түнкү саат 11де жогорудагы кылмыш катталган. Окуя Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында болгон. Жумушун бүтүрүп, үйүнө бараткан Каракол шаарынын тургуну Гүлзада Тилек кызы “Жеңиш” сейил багынан секелек кызды карылуу эле жигит катуу сабап жатканын көрүп, “эмне болду экен?” деп ийин куушуруп өтүп кетет. Аңгыча аркасынан чуркап келген Кымбат аттуу кыз көзүнүн жашын көлдөтүп, жалынып жардам сурай баштайт. Кыздын көз жашын көрүп кайдигер кала албаган айым бейтааныш болсо да Кымбатты колдон жетелеп үйүнө алып кетет (каармандардын аты белгилүү себептер менен өзгөртүлдү). Мына ошондо гана секелектин ыйынын сыры ачылат.
Көрсө, кыз менен жигит бир туугандар экен. Айбек менен Кымбаттын ата-энеси ажырашып кетишип, эки бала эки жерде калат. Ошол кезде Кымбат курсакта, Айбек
7 жашта болгон. Айбек чоң ата-чоң энесинин, ал эми Кымбат таята-таенесинин колунда чоңоюшат. Кымбат 9 жашка келгенде апасы каза болуп, таенесинин колунда калып, 6-класска чейин Ак-Суу районунун Черик айылындагы мектепте окуган.
Жети-Өгүз айылында жашаган чоң ата-чоң энесинен кетип, өз алдынча жашоону баштаган Айбек 2011-жылдын декабрь айында карындашын издеп таятасынын үйүнө келет. “Өзүм багам” деп Кымбатты Каракол шаарына алып келет. Ошентип, көп жылдан кийин кезигишкен бир туугандар шаардан батир алышып, күн өткөрүп келишкен. Алгачкы күндөрү чындыгында эле Айбек карындашына жакшы мамиле жасап, шаардагы мектептердин бирине окууга киргизип, үстү-башын жакшылап карап турганын айтышат. Өзүнүн туруктуу иштеген жумушу болбосо да, майда-чүйдө жумуштардан тапкан акчасын карындашынан аячу эмес.
Каргашалуу бир күнү Айбек достору менен ичимдик ичип келип, Кымбатка асыла баштайт. Көз жашын көлдөтүп “эсиңе кел” деген өтүнүчүн укпай, алсыз кызды күч колдонуп зордуктайт. Ошондон баштап секелек үчүн азаптуу күндөр башталат.
Чыңырып ыйлап жаткан Кымбатты төшөгүнөн тургузуп, окуяны бирөөгө эле айтса, өлтүрүп коёрун айтып коркутат. Даттанары жок байкуш кыз эмне кылмак? Кымбат болгон окуяны эч бир жанга айтпайт. Бул көрүнүшкө “жинди суу” күнөөлүү дейин десең, ал күнү эле эмес, бул жоругун кийин да бир канча жолу кайталап, кичине кыздын денесин каалашынча уйпалаптыр. Кымбат ыйлап качканда аркасынан жетип, сабап, кайра алып келип максатын ишке ашырчу экен. Кымбаттын айтуусу боюнча, мындай иш төрт-беш айдан бери созулуп келген. Эгерде бейтааныш айым жолугуп калбаганда, аны үйүнө алып келип сурабаганда, бул окуя дагы канчага уланат эле, ким билет... Кыздын окуясын уккан айым дароо милиция кызматкерлерине телефон чалып, кылмыш иши козголгон.
“ТАТЫКТУУ ТАРБИЯ БОЛБОСО...”
Ысык-Көл облусунун Каракол ШИИБинин тергөөчүсү Элиза Шалбаева аталган кылмыш иши боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди:
– 18-июнь күнү түнкү саат 11де жашы жете элек кызды зордуктоо болгону жөнүндө маалымат түштү. Мен оперкызматкерлердин жетекчиси катары милиция кызматкерлерин чогултуп, окуя болгон жерге жетип бардык. Териштирүү учурунда айыпталуучунун өздүгү аныкталып, ал 1990-жылы туулган А.Т. аттуу жаран экени белгилүү болду.
Изилдөө учурунда Айбек күнөөнү толугу менен мойнуна алып, бирок эмне себептен мындай ишке барганын түшүндүрүп бере албады. Менин оюмча, Айбекке татыктуу тарбия берилген эмес. Айланасындагы достору себепкер болдубу, айтор, ичкиликке берилип, күнүмдүк жашоо менен жашап келген. Айбек сот болгончо эки айлык камакта болот. Кылмыш-жаза кодексинин 129-беренесинин 3-бөлүмүнүн 3-пункту боюнча (өспүрүм кызды зордуктоо) кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Мыйзамга ылайык, ал 7 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
АГАСЫ ЗОРДУКТАСА, АТАСЫ БАШ ТАРТУУДА
Кымбат 18 жашка чыга элек болгондуктан, сүйлөшүүлөрүбүздүн баары Кымбаттын таажездесинин катышуусунда болду. Атын атагысы келбеген мырза төмөнкүлөргө токтолду:
– Мен Кымбатты кичинесинен бери билем, себеби ата-энеси ажырашып кетишип, ымыркай кезинен эле тай жагында чоңойду. Анын атасын бир гана жолу көргөн.
– Атасы кандай ойдо болду экен?
– Окуя ачыкка чыккандан кийин бир туугандардын атасы Орусиядан келип, учурда Айбекти камактан чыгарууга, өзү менен кошо Орусияга алып кетүүгө болгон аракетин жумшап жатат. “Уулум Айбекти алып кетем, кызды билбейм” деп жатыптыр. Андан да күйгүзгөнү, Кымбатка кезигип, “кызым, агаңды аябасаң да, мени аячы! Арызыңды ал” деп жалынып жатат имиш. Ал эми кызды ким аяйт?
– Эмне себептен кызына мындай мамиле жасап жатат?
– Уулу өзү менен чоңоюп калгандан улам болсо керек. Кымбат атасынан алыс чоңойду. Андайды Кудай бербесин, мындай иш башка келсе, уулумду өз колум менен эле атып өлтүрмөкмүн. Эгер уулунун темир тор артында жатышын каалабаса, анда жазасын ата катары өзү берсин дээр элем. Экөөнө бирдей ата болгондон кийин ар бир баласына бирдей кам көрүшү керек да.
– Эми Кымбаттын келечеги кандай болот?
– Буга чейин Кымбаттын таянар тоосу, ишенери таенеси болуп келсе, азыр таенеси да катуу ооруп, төшөктө жатат. Таякелери бага албайбыз дешүүдө. Эми бул кыздын мындан аркы тагдыры эмне болот? Билим алууга мектепке бара албаса, ишенер тууган-уругу жок болсо, бечара кызды мындан ары кандай күндөр күтүп турат? Баарын убакыт көрсөтөр.
Эмне дейбиз, окурман, жаштайынан оор тагдырды башынан өткөрүп жаткан Кымбаттын көчөсүнө да бир күнү күн тийип, жаркырап тийген күндүн нурун жылмаюу менен караар деген тилектебиз.
Айзат Анарбекова
karakol@super.kg