Жакында КРнын Футбол федерациясынын башкы катчысы алмашты. Мурун бул кызматты аркалаган Нуртазин Жетибаев Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясына кызматка орношконуна байланыштуу анын орду Асылбек Кадралиев менен толукталды. Асылбек мырза жаңы иш пландары тууралуу айтып берди.
– Жаңы кызмат ордуңуз кут болсун, Асылбек мырза! Бул орунга кандайча келип калдыңыз?
– Бул кызматка убактылуу милдетин аткаруучу болгонум тууралуу буйрук үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда чыккан. Ал эми 17-июлда кызматка кириштим.
– КРнын Футбол федерациясынын алдыдагы пландары кандай?
– Биринчи кезекте өлкөбүздөгү футболдун азыркы абалын изилдедик. КРнын Футбол федерациясынын АФК жана ФИФА менен кызматташуудагы долбоорлоруна көз чаптырып чыктык. Эми эл аралык уюмдар жана жергиликтүү бизнесмен, ишкерлер менен байланышты курчутуу концепцияларын иштеп чыгабыз. Футболду өнүктүрүүгө көп каражат керектелгендиктен, ушул планды ишке ашыруу аракетин көрөбүз.
– Жакшы. Айтсаңыз, бизде футбол деги качан өнүгөт? Азыр ФИФАнын рейтингинде 198-орунда турабыз. Эмне жетишпейт?
– Биздин футбол эмнеге артта калып калган? Буга миң түркүн жооп бар. Алгач мамлекет жана коомчулук ата мекендик футболго көңүл буруп, абалын талдап көрүшү керек. Эгер коомчулук көбүрөөк көңүл бурса, талап артып, кызматташтар да көбөйөт. Азыр биздин футболдук оюндарга бекер болсо да, бир жан басып барбайт. Бул маселелерди жакында чечкенге аракеттенебиз. Бул үчүн өлкөдө 4-бийлик ээлери делген ММКлар жардамга келишсе, футболду өлкөбүздө жайылтууга зор салым кошот эле.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg