СПОРТ

Жергиликтүү кабарлардан

Ишеничти акташты

2-апрелде футбол боюнча улуттук курама командабыз Чакырык кубогундагы беттештерин өткөрүп, Бишкекке Непалдан учуп келишти. Кубандырганы, акыры жеңиш менен кайтып келишкендиги болду.

Катмандуга курама командабыз барары менен атаандаштарынын бири оюнга келбей тургандыгы белгилүү болгон. Айрым себептерге байланыштуу Ооганстандын курама командасы Чакырык кубогунун тандап алуу оюндарына келе алган эмес. Кызыгы, кыргызстандыктар калган эки каршылашы Непал менен Палестинанын командасын жеңе албаса да, өз тайпасында 1-орунду ээледи. Анткени “Непал”–“Палестина” тирешүүсүндө 0:0 эсеби катталгандыктан, бизге аталган эки атаандаш менен болгон оюндарда голдуу тең чыгуу жетишмек. Иш жүзүндө да ошондой болуп, эки оюн тең 1:1 эсептери менен аяктаган. Эки беттеште 2 голду тең Мирлан Мурзаев (10) пенальтилерден киргизген. Ошентип, ата мекендик футболчуларыбыз күйөрмандар күткөн жеңишти тартуулашты. Биздин көчөгө келген майрам качанга чейин улана тургандыгын убакыт көргөзөт. Эми Кыргызстандын курама командасын Чакырык кубогунун финалдык баскычы күтүп турат.

«Шумкар» – чемпион!

30-мартта бишкектик “Шумкар-95” командасы Байкоңурда өткөн эл аралык мелдештен абсолюттук жеңиш менен кайтып келди.

Өспүрүмдөр арасында Бишкектин соңку 2 жылдагы чемпиону «Шумкар» жаңы сезонду триумф менен баштады. Орусиялыктар уюштурган Байкоңур шаарынын сыйлыктары үчүн өткөн 1-эл аралык мелдеште жаш таланттарыбыз казакстандыктардын оозун ачырып, кыргыздын туусун бийик көтөрүп келишти. Команданын машыктыруучусу Андрей Кононовдун айтымында, чемпиондукка карай “шумкарчылар” 5 казакстандык жана 1 орусиялык команданы “талкалашкан”. Алсак, алар казакстандык “Аральскты” 1:0, “Кызыл-Ордону” 5:0, “Сыр-Дарыяны” 8:1, “Казолинск-1ди” 3:2, “Казолинск-2ни” 2:1 жана орусиялык “Байкоңурду” 2:1 эсебинде жеңишкен. Мындан сырткары, Ырысбек уулу Сыймык (7) “Мыкты бомбардир”, Тургунбаев Эркин (3) “Мыкты коргоочу” жана Александр Зайцев (8) “Мыкты оюнчу” наамдарына да ээ болушту. Ийгилик жаратышкан өспүрүмдөрүбүздү ата-энелери менен жакындары баатырларча чоң сыймык менен тосуп алышты. КМДТСАнын жанында жаш чемпиондор үчүн жылуу тосуп алуу уюштурулуп, алкыштар айтылып, салюттар атылды. Каармандардын ар бири кубоктон шампан ичишти. Бул жеңиш кичине масштабда болсо да, кыргыз футболу дагы бир жолу даңазаланганын тана албайбыз. Буюрса, аталган жаштарыбыз эртең мындан да чоң ийгиликтерди жаратарына ишеним чоң.

Кезек азия чемпиондугунда

29-мартта Бишкекте 3 күнгө созулган вале тудо боюнча Кыргызcтандын II ачык чемпиондугу аяктады.

“Стронг” бокс жана фитнес борборунда өт­көн мелдешке өлкөбүздүн дээрлик бардык аймактарынан келген эрежесиз эр урушчулар катышты. Ошентсе да митингдерге байланыштуу айрым аймактын өкүлдөрү борборго келе алышкан жок. Ошондой эле бул мелдешке Ормон хандын кубогунун жеңүүчүлөрү катышкан жок. Андыктан биз аталган мелдештин башкы демилгечиси, Эмил Токтогоновду кепке тарттык.
– Айтсаңыз, бул мелдештин өзгөчөлүгү эмнеде?
– Эң оболу башкы окуя деп мелдештин жаңы түзүлгөн КРнын Вале тудо федерациясынын желеги астында өткөндүгүн айта алам. Ошондой эле былтыркыдан айырмаланып бул жолу эрежесиз эр мушташка 17 жашка чейинки жаштар жана кыздар да катышты. Бул да болсо вале тудонун өлкөбүздө кеңири кулач жайып бараткандыгынын далили.
– Алдыда кандай мелдештер күтүп турат?
– Буюрса, май айында Бишкекте эрежесиз эр уруш боюнча эл аралык ири турнирди өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Бүгүн чемпион болгондор ошол мелдешке катышышмакчы. Жеке өзүм да майда Таиландда өтүүчү чыгыш уруш өнөрлөрүнүн азиялык оюндарына даярданып жатам.

БАРДЫК ЧЕМПИОНДОР

Аты-жөнү

Салмагы

Командасы

Юниорлор арасында

1.

Талант уулу Амангелди

50

“Муай тай”

2.

Азамат Токтогазиев

55

УДПКР

3.

Канат Молдогазиев

60

УДПКР

4.

Эрлан уулу Адилет

65

УДПКР

5.

Оморали уулу Садыр

70

«Барс»

6.

Мамат уулу Медет

75

Ош

Кыздар арасында

7.

Алина Карасартова

55

Кара-Балта

Чоңдор арасында

8.

Жусупбек уулу Бекназар

55

“Муай тай”

9.

Руслан Ниязакунов

60

“Стронг-профи”

10.

Жумабек Исмаилов

65

“Стронг-профи”

11.

Актилек Асанов

70

Ош

12.

Максат Каракеев

75

“Барс”

13.

Элсүйөр Калыков

80

Ош

14.

Мурат Маматкаримов

85

Араван

Орусияны багынтышты

Жакында Орусияда өткөн эрежесиз эр мушташ боюнча мелдеште кыргызстандык Кылыч Саркарбаевге тең келе ала турган атаандаш болгон жок.

Беттештер эрежесиз эр мушташтын “орусча мушташ” түрү боюнча Красноярск шаарында өткөрүлдү. Ага өлкөбүздүн намысын коргоо үчүн жалпысынан 10 спортчу катышып келди. Алардын арасында келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш спортчубуз Кылыч Саркарбаев (90 килограмм салмакта) жеңүүчү аталды. 22 жаштагы Оштун “Мухаммед Умар” спорт клубунун өкүлү атаандаштарына эч кандай мүмкүнчүлүк берген жок. Натыйжада, финалда каршылашы мушташуудан баш тартып койгон. Айта кетсек, Кылыч өлкөбүздө өткөн бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. Акыркы жолу ал Бишкекте жыйынтыкталган уруш түрүндөгү самбо боюнча өлкө биринчилигинде ийгиликке жетишкен. Ошондой эле аталган мелдеште Рашит Аманкулов (85) өлкөбүзгө коло медаль менен кайтып келди.

Туңгуч чемпиондор

24-мартта Ноорузга карата улуттук оюндар боюнча алгачкы республикалык турнир жыйынтыкталды.

Белгилеп кетчү нерсе, бул мелдештер улуттук оюндар боюнча мамлекеттик жаңы программанын негизинде уюштурулган алгачкы иш-чара болду. Тогуз коргоол боюнча 5 облустун жана борбор калаабыздын командалары Жусуп Баласагын атындагы КУУга чогулушту. Айлампа системасы боюнча өткөн таймаштарда баарынан көп 19 упайды Ысык-Көлдүн командасы топтой алды. Экинчи орунду Нарын облусунун спортчулары (15 упай менен) ээлесе, алардан бир упай артта калган Бишкек шаарынын командасы коло медалдарга ээ болушту. Эске салсак, ар бир команданын курамында 3 мырза жана 2 айым ойношту.
Көкбөрү боюнча таймаштар да айлампа системасында “Аккула” ат майданында өттү. Айрым себептерге байланыштуу чемпиондук үчүн 4 эле команда күч сынашты. Айтылуу “Бөрүлү” (ИИМ) бул жолу да теңдешсиз экендигин далилдеди. Кийинки орундарды “Дордой” (Нарын), “Рассвет” (Чүй) жана ГАИ (Бишкек) командалары ээледи.
Ордо боюнча таймаштарга да 4 команда катышып, оюндар КМДТСАда өткөрүлдү. Жыйынтыгында 1-орунга “Бишкек-1” командасы ээ болсо, экинчи жана үчүнчү орундарга Таластын жана Жалал-Абаддын командалары ээ болушту.

Бильярдда жаңы ысым

Соңку мезгилде бильярд боюнча өтүп келаткан ар бир мелдеш сенсация жаратып, улам жаңы ысымдардын пайда болуп жаткандыгы чындык. Жакында жыйынтыкталган КРнын чемпиондугу да булардан айырмаланган жок.

Спорт Ордосунда 64 кий чеберинин коштоосунда өткөн мелдеште бул жолу сенсация жаратуучунун ролун Жылдызбек Мамедов аткарды. Республикалык даражадагы мелдешке алгачкы жолу катышып жаткан Жылдыз финалга карай жүрүшүндө атактуу атаандаштарды жолдон адаштырган. Бирок чемпиондук үчүн чечүүчү беттеште бир аз тажрыйба жетишсиздик кылдыбы, айтор, жеңишке жетише албады. Анын айласын финалда өлкөбүздүн бир нече жолку чемпиону Зайлан Адамов таба алды (финалдык эсеп 5:0). КРнын БСФсынын вице-президенти Шейшенбек Байзаковдун айтымында, мелдештин байге фонду 20 миң сомду түздү. Кошумчалай кетчү нерсе, «Алтын кий» долбоорунун алкагында бир нече мелдештерди уюштурган Ильяз Адамов БФга жумушка орношту. Эми белгилүү шоумен машыктыруучулук менен да алектенип, жаш спортчуларды тарбияламакчы.

Базарбек Абдураимов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 335, 3-9-апрель, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан