ЛОНДОНДО ОЛИМПИАДА, БИШКЕКТЕ ЧЫР...

Ушуну менен Олимпиада оюндарын расмий түрдө 3-ирет кабыл алып жаткан Лондон Жер планетасынын спорттук борборуна айланды. Ал эми Бишкекте балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекованын соту болуп, аз жерден "Лондон-2012" Олимпиадасына барбай кала жаздады. Демек, "Лондон-2012" тууралуу тема уланат...

ОЛИМПИАДАЧЫЛАР МЕНЕН ТААНЫШТЫРУУНУ УЛАНТАБЫЗ.
(Өткөн сандарда калган 9 спортчу менен таанышкансыздар. Бул жолу акыркы 5 спортчуну назарыңыздарга салдык)

РУСЛАН ИСМАИЛОВ, ок атуу
КРнын Спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулган жылы – 1986-жыл, 22-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою –172 см, салмагы – 60 кг
"Бээжин-2008" Олимпиадасынын катышуучусу
Жетишкендиктери – КРнын жана Казакстандын көп жолку чемпиону

ЮЛИЯ АРХИПОВА, жеңил атлетика
КРнын Спорт чебери, Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулган жылы – 1984-жыл, 7-март
Туулган жери – Өзбекстан
Бою – 166 см, салмагы – 54 кг
"Бээжин-2008" Олимпиадасынын катышуучусу
Жетишкендиктери – 10 000 метрлик марафондо Казакстандын чемпиону (2006), КРнын көп жолку чемпиону

ЭРЖАН АСКАРОВ, жеңил атлетика
КРнын Спорт чебери
Туулган жылы – 1985-жыл, 29-сентябрь
Туулган жери – Талас облусу, Кара-Буура району, Көк-Сай айылы
Бою – 163 см, салмагы – 53 кг
Буга чейин Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – Бир катар өлкө чемпиондуктарынын, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү

РАСУЛ АБДУРАИМ, таэквондо
КРнын Cпорт чебери
Туулган жылы – 1988-жыл, 13-декабрь
Туулган жери – Чүй облусу, Панфилов району
"Бээжин-2008" Олимпиадасынын катышуучусу
Жетишкендиктери – Кореянын Ачык Чемпиондугунда 2004-жылы күмүш, 2005-жылы коло медаль тагынган

БЕКЗАТ ОСМОНАЛИЕВ, оор атлетика
Эл аралык класстагы спорт чебери
Туулган жылы – 1988-жыл, 28-декабрь
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Токтогул шаарчасы
Бою –160 см, салмагы – 60 кг
Буга чейин Олимпиадага катышкан эмес
Жетишкендиктери – КРнын чемпиону

ӨЛКӨНҮ “ДАҢАЗАЛАП” БҮТӨБҮЗБҮ ДЕГИ?
Кыргызстан кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиадага жолдомону 20 жыл күтүп, алгачкы жолдомону Айсулуу Тыныбекова алганда катуу сүйүндүк. Аны америкалык "Time" басылмасы "Лондон-2012де" көңүл имере турган 50 спортчунун катарына кошту. Ага карабай спортчу Олимпиаданын алдында сот залында болууга аргасыз. Эске салсак, ал быйыл жазында Бишкек шаарынын 17 жаштагы тургуну менен чатакташып кеткен. Бул маселе Олимпиадага кызуу даярдык көрүлө баштаганда көтөрүлүп, жабырлануучунун апасы Нуриля Кочкорбаева “кызымды сабады” деп сотко кайрылган. “Мындай спортчулар Олимпиадага барардан мурун мыйзам чегинде жаза алышы керек. Спортчу өзүн Олимпиадада физикалык жактан эле эмес, адеп, жогорку интеллектуалдык жактан да көргөзүшү керек”,- деген эле. Бирок Айсулуу бул ойду четке каккан.
Ленин райондук соту ишти эки ирет карап чыгып, акыркы 20-июлдагы отурумунда “спортчу Лондонго барып келгенден кийин калган ишти карайбыз” деген чечим чыгарды. Кыргызчылыгыбызга кейигендер көп. Кыздардын чатагын эле эмес, өлүмдү деле кээде кечирип коюп жатпайбызбы? Мекендин намысын коргоп бара жаткан спортчуну жалпы өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн кечирүүгө эмнеге болбосун? Же аны Олимпиадага жибертпей коюу менен иш чечилеби? Ушундай ойлор далай кыргыздын канында ойноп турат.
Окуя тууралуу Айсулуу жана спорт коомчулугу эмне дейт?

Айсулуу Тыныбекова, балбан:
“САБАСАМ, АНДА ТУРА АЛБАЙ КАЛМАК”
– Чак түштө көчөдөн 5 кыз, 2 бала тийишти. Ал жерден тиги кыз менен кичине жулмалашканбыз. Сабаган эмесмин. Сабасам, анда тура албай калмак. Сотко берди. Айласыздан биз да сотко кайрылдык, "Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратпагыла" деп. Көп тоскоолдук жаратышты. Сот иштеринен улам канча машыгуу, канча сборду калтырдым. Мен Лондонго ойногону же эс алганы эмес, Кудайдын буйруганы болсо, ийгилик жаратканы баратам.

Байгазы Кенжебаев,
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору:
“СОТ ЭМНЕ ДЕСЕ, ОШОНУ АТКАРМАКПЫЗ...“
– Бул маселе боюнча кайсы бир тарапка тартпайм. Окуя болгонун билерибиз менен кыздын апасынан кечирим сурап, түшүндүрүүгө аракеттенгенбиз. Иш сотко өткөн соң биз аралаша албайбыз. Эгер сот Айсулууну курама командадан чыгаргыла десе, айласыздан макул болмокпуз. Эми Олимпиададан кийин жакшы жагына чечилсе экен...

Мааракелик 30-Олимпиада чоң тарыхый окуя болот. Аны сыналгыдан Жер шарынын 4 миллиард кишиси көрөрү айтылууда. Сыналгы демекчи, бизден КТРК адаттагыдай түз эфирден алып берет. Спортчуларыбыз качан эрөөл майданына чыгарын төмөнкү жадыбалдан көрүп алыңыздар.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Балбан Айсулуу: "Сабасам, анда тура албай калмак"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
ХАНЗАДА
2012-07-31 13:08:49
Айсулуунун ордунда мен болсом деле озу биринчи катылган адамга жообумду бермекмин. эми ушул спортто бут тосуулар болбой койсо олобу, озу кыйратып деле ийгилик жараталбай жургондо бул жаатта. Озу тийишкен бала ыйлабайт дейт, андыктан сот адилеттуу болуп, туура адилет чечим Айчулуу тарапка оосун деп тилейм!
0
bektursun2010
2012-07-31 15:15:10
ийгилик.
0
Барс
2012-08-01 11:16:13
Алың ушул экен Айсулууга эмнеге асыласың! Өзү тийишкен бала ыйлабайт!!! Арсыздыкты коюп, апаңа айт, Айсулууну жайына койсун! Кыргыз кыраандарына олимпиадалык ийгилик!
0
tuigan.
2012-08-01 15:54:03
кыргыздар ушу бироо ийгилик жаратып койсо буттан тартып тушурот,неси болсо да айсулуга ийгилик
0
damirych
2012-08-01 20:42:02
эркек
0
nurgula
2012-08-02 06:28:19
Ак Жол !!!!!! Ийгилик менен кайткыла!!!!!!!!!!!
0
TolonturCN
2012-08-02 08:01:55
«Жакшы тилек, жаым ырыс» дейт, келиңиздер кандаштар, ЛОНДОНДО ОЛИМПИАДАсында дүйнө эли менен тең тайлаш болуп, кыргыздын туусун желбиреткен, кыргыз элинин баатырдыгын дүйнөгө көрсөткөн учурдагы дүйнө коомчулугундагы кызуу таймашка түшкөн спортчуларыбызга чын дилден каалооо-тилек, балатарыбызды берели. спортчуларыбыздын ийгилиги бүт дүйнө жүзүндөгү кыргыздардын ийгилиги. А
0
Sineglazochka
2012-08-02 21:12:50
Спорт турлору анын ичинде курош бул силерге оюнчук эмес.Анын кучун бут дене менен сезгенде гана чыныгы мастер атка татыйт.Аны сезе албагандар-мени урду-деп мурдунун суусун агыза беришет.Балбан кызыбызга ак жол.Спортчулардын баарына ийгилик.
0
perchik
2012-08-02 23:06:34
Кыргыздарды бут дуйно ушул спортчуларыбыздан тааныса жакшы болмок, жалан эле пикеттерибизден эле тааныбай. силерге ийгилик спортчулар!!!
0
Aromat-leta
2012-08-03 00:49:07
Баардык спортчуларга ийгилик каалайм, бар болгула. Кыргызстандын желегин желбиреткиле алыскы Лондондо...
0
cosmopolit
2012-08-03 16:49:08
Kyrgyzstanda sporttun baska turloru mashikkan sportcular koboyup, sportko oydoguday konul bolushso abdan sonun bolot ele...
0
ainur90
2012-08-04 00:23:02
iygilik saga KGZ sportchulari ALLAHIM koldosun ar dayim bashka kelgen ar kanday jamandiktardan saktasin
iyy aytkanday janagi saga tiyishken kizdi birotolo sabap salsan bolmok tim ele obujoktonup jon ketip barajatkan kizga tiyiship ...........
0
Isa_HandSome
2012-08-05 11:43:19
Биздин 'спортсменка' ойлогон да :' Мен бариибир путевка албайт болушум керек'деп. Бирок ю Ясмин да тийишкен деп жатышпайбы!
0
ulukbekkg...
2012-08-06 00:23:13
ээээээээ медаль жоооооооооооооооооооок!!!!!!!!
0
Tilekmatova
2012-08-10 02:08:01
Eeeeeeeeee eki ele sportsmen kaldy,hotya by biroon bir altyn algylachy(((orunga ilinbei kaldyk(((
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан