Алдыда эмне болорун эч кимибиз билбейбиз. Окуядагы каармандардын үйлөнүп жаткандагы сүрөтү мага башкача таасир калтырды. Анда “2007 год, 17 июня. Наша неповторимая свадьба. Тимур+Анара=ЛНВ” деп жазылыптыр. 5 жылдан кийин күйөөсү өмүрүнө балта чабарын Анара аттуу замандашыбыз ушул саптарды жазып жатканда билбеген чыгар.
“КЫЗЫМДЫ КОЛУМДАН ЖУЛДУРУП ИЙДИМ...”
Анара жолдошу Тимурдун колунан каза тапты.
Мындай кайгыны көтөрө албаган кыздын атасы
Рахим ага бул кандуу окуяны баяндап отурду:
– Кызымды колумдан жулдуруп ийдим... Анара үчүнчү кызым болчу. 1984-жылы төрөлгөн. Кызым мурун эмерек жасоочу жерде иштечү. Бул жигит ошол жерде айдоочу экен, таанышып калышыптыр. Тез эле “үйлөнөбүз” деп чыгышты. Анарага жакшы эле “кичине ойлончу, таанышканыңарга бир айча эле болду, анан үйлөнүп алсаңар кандай болот?” десек, “жок, сүйлөштүк, Тимур жакшы жигит” деп болбой койду. Кыздын көңүлү болсо, макул болот экенсиң. Ошентип, Анара менен Тимур 2007-жылы үйлөнүштү. 3 жыл жашап, кыздуу да болушкан эле. Тилекке каршы, кызы бир жарым жашында жүрөк оорусунан операция болуп, көтөрө албай чарчап калды.
Экөөнүн ортосунда чыр чыгыптыр, ошондон кийин күйөө балам кызымды таштап, Түркияга кетип калган. Телефон аркылуу “мага бул жак жакты, калам” дептир. Булар бир жылдан бери ажырашып жүрүшкөн. Анара мэрияда эсепчи болуп иштеп жаткан. Бир ай мурун Тимур Бишкекке келип, “мен сени өлтүрөм, мен сени талкалайм, түрмөдө отуруп келген досторум бар, ошолорго салып берем” деп кызымды коркута баштаптыр. Жазган СМСтери бар.
Тимур бир кыз менен түшкөн сүрөтүн көрсөтүп, “жакында ушул кызга үйлөнөм, экөөбүз ЗАГСка барып, мыйзам түрүндө ажырашалы” деп алдап, 10-июль күнү Анараны чогуу иштеген кызы менен алып кетет. Ал кыздын айтымында, Тимурдун жанында бир досу бар экен. Анан машинасын айдап тоону көздөй жөнөгөндө бир нерсени шекшигенби, айтор, кызым жанындагы курбусун “сен кала берчи” деп калтырып коюптур. Канча убакыт өткөнү белгисиз, кызым сиңдисине телефон чалганга, чогуу иштешкендеринин бирөөсүнө СМС жазганга жетишиптир. Байкушум эмне кыларын билбей, өзү жалгыз абалдан чыга албасын сезген окшойт. Жолдо баратып тигилерге билдирбей телефондон кичүү кызыма кайсы жерге жеткенин, кандай болуп баратканын айтып барган. Ошондо эле колу тилингенби, “колумдан кан агып, токтобой жатат” деп ыйлап, үнүн чыгарбоого аракеттенип телефон чалыптыр. Кичүү кызым аны угар замат такси кармап, артынан жөнөйт. Жолдон Байтик айылына тийип, Тимурдун туугандарына болгонун айтып берсе, алар “биз эч нерсе билбейбиз” деп коюшуптур. Анан кайра телефондон айтылган дарек боюнча Кашка-Суу айылы жактагы “Кыргызстан” санаторийине жетип барат.
“ЭЖЕМДИ АРАЧАЛАП КАЛУУГА АРАКЕТ ЖАСАДЫМ”
Ушул жерден көз алдында эжесинин өлүмүнө күбө болгон
маркумдун сиңдиси Бермет Абдиева окуяны мындайча улады:
– Мен барганда санаторийдин баш жагында, тоо этегинде бир БМВ машинасы турган. Таксист бери жакта калды, мен “ушул машина болуп жүрбөсүн...” деп жанына барып карап көрдүм. Алдыңкы терезесинен ичин карасам, айнектери караңгылатылган (тонировка) экен, эч нерсе көрүнбөйт. “Эч ким жок окшойт” деп кетип баратсам, ичинен "тарс" деген катуу үн чыкты. Ошол замат эшик ачылып, эжем акыркы күчүн жыйнаган окшойт, тышка атырылып чыкты. Артынан күйөөсү. Колунда бычак бар экен. Аларды көрүп чочуп кеттим. Эжем мен тарапка эки-үч кадам таштап, арыкка кулап түштү. Тимур артынан жетип барып, бычагы менен эжемди эки-үч жолу сайып жиберди. Мен чырылдап, экөөнү ажыратып, бычакты талаштым. Ошол учурда тиги коё берип жибердиби же мен колун кайрыганда бошоп кеттиби, айтор, бычак сууга түшүп кетти. Анан Тимур машинасына түштү да, айдай качты. Анын номерин окудум, бирок такыр жаттай албай калдым, өзүмдү жоготуп койгон экем.
Эжемдин көкүрөк тушу кан болуп, эки-үч жолу оор дем алды да, денесин бош таштап, эсин жоготту. Эптеп арыктан сүйрөп чыктым. Мен жардамга чакырып ыйлап жатканымда ары жакта турган таксист келди. Тигини кууганга жетишпей калдык. Эжемди таксиге салып, шаарга жөнөдүк. Башында жөн гана эси ооп калды экен деп ойлогом, көрсө, каза болуп калган экен. Биз келгенче эле колунун, бутунун тамырларын кескилеген экен, кан көп кетип калыптыр.
“ООБА, ӨКҮНӨМ, БИРОК ӨЛТҮРДҮМ”
Дагы бир жагдай бар. Ошол окуя болгон күнү Анаранын чөнтөк телефонуна “Салам, Анара Абдиева. Бул мен, Русь братан. Менин иничегим Тимурду башкага алмаштырганың үчүн мен сени өлтүргөндөн коркпойм. Жигитиң экөөң тең өлүмгө даярдана бергиле!” деп Тимурдун номеринен Русь аттуу бирөө СМС-кат жазган. Ал эми ага чейин Тимурдан “Өлүмгө даярдан, сени баары бир өлтүрөм!” деген мүнөздөгү бир нече СМСтер келген. Бул билдирүүлөр анын кызганычтан ушул жолго барганын билдиргендей.
Заматтын ортосунда өзүнүн да келечегине балта чаап, келинчегин күтүүсүз ажалга кириптер кылган Тимур Назаркулов менен темир тордун аркасында болсо да сүйлөшүп калганга үлгүрдүк.
– Эмне себептен бул ишке бардың?
– Жөн эле аны коркутуп коёюн дегем. Баары кокусунан болуп кетти. Кичине “Ягуар” ичип алган болчумун. Эмне кылып жатканымды билбей калыптырмын.
– Ошол учурда жаныңда ким бар эле?
– Жалгыз эле болчумун.
– Русь братан дегениң ким?
– Ал жөн эле тааныш байке. Ал күнү жанымда жок болчу, Анараны коркутуш үчүн эле ал СМСтерди өзүм жазгам.
– Кылган ишиңе өкүнөсүңбү?
– Ооба, өкүнөм.
“ӨЗГӨЧӨ МЫКААЧЫЛЫК МЕНЕН ӨЛТҮРГӨН”
Окуянын андан аркысын бул ишти тергеп жаткан
Аламүдүн райондук Ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү
Мирбек Сыдыков мындайча баяндап берди:
– Окуя болгон күнү “күйөөсү өлтүрүп койду” деп сиңдиси эжесинин сөөгүн алып келген. Ал мурдатан эле келинчегин “мен сени өлтүрөм” деп коркутуп жүргөн экен. Ал үчүн бизде жетиштүү далилдер бар. Ошол замат ыкчам иликтөө тобу менен жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлери иш алып барып, кылмышка шектүү Тимур Назаркуловду издей баштаган. Анын кайсы багытта баратканын билишип, алар катуу келе жаткан БМВны тосушкан. Ал токтобой кетет. Андан кийинки тозоттогу МАИ кызматкерлери тоссо да токтобойт. Кылмышка шектүү токтобой качып баратканда алар эки машинаны жолдун ортосуна токтотушкан. Тимур аны да сүзүп өтүп кеткен. МАИчилер кууп отуруп Александровка айылы тараптан кармашмакчы болгондо айыпкердин машинасы жардан ылдый кулап, өзү эшикти ачып секирип кеткен, бирок изин суутуп кеткенге жетишпей калган.
Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда. Кылмышка шектүү Тимур Назаркулов КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) 2-бөлүмүнүн 6-пункту (өзгөчө мыкаачылык) жана 10-пункту (хулигандык максатта) менен айыпталып, тергөө иштери башталды. Балким, жанында башка адамдар да болушу мүмкүн, баарын тактайбыз.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg