Жакында ММКларда "орус эстрадасынын примадоннасы Алла Пугачёва мурас кагазын жазды" деген маалымат тараган. Анда "мураскерлердин тизмесине ырчы кызы Кристина Орбакайте менен анын уулу Никита Пресняковду жазып, ал эми жолдошу Максим Галкин менен экинчи небереси Денни Байсаровду кошкон эмес" деп айтылат. Бирок бул тууралуу Алланын элге жарыялайын деген ою жок болчу. Андыктан комментарий берүүдөн баш тарткан.