Актёр Жонни Депптин жакында эле 14 жыл чогуу жашаган жубайы актриса Ванесса Парадини таштап, актриса Эмбер Херд менен мамиле куруп кеткендиги жөнүндөгү маалымат коомчулукту таң калтырган. Эми Жонни кайрадан Ванесса менен балдарына кайтып келди. Ал жубайынан кечирим сурап, «Менин жүрөгүм дайыма сени менен» деген жазуусу бар алтын кулон белек кылды. Андан соң актёр үй-бүлөсү менен чогуу Франциянын План-де-ла-Тур провинциясында эс алганга да жетишти.