КАЛП АЙТЫП АТАККА ЖЕТКЕН МИЛА КУНИС

Тамашакөй, ачык-айрым жана жутуп ийчүдөй татынакай америкалык актриса Мила Кунис бүгүн «Дүйнө жылдыздары» рубрикабыздын коногу. Бизге бул актриса "Кара ак куу", "Достуктагы секс" тасмаларынан жакшы таанымал.

Аты-жөнү – Милена Марковна Кунис
Туулган жылы – 1983-жыл, 14-август
Туулган жери – Украина, Черновцы шаары
Жактырганы – Жан дили менен күлүү. «Чын дилден күлүү үчүн баарына даярмын» деген сөзү бар.

МИЛА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • Бала чагында Миланын көрүүсү начарлап, гетерохромия пайда болгон. Ошондон улам бир көзү жашыл, экинчиси ачык күрөң түстө болуп калган.
  • 80-жылдардын модасын жана музыкасын жактырат. Мадонна, Майкл Жексон анын кумирлери.
  • Жакын достору такыр Голливудга тиешеси жок адамдар. Кэт – тиш доктуру, Жули – мугалим.
  • Мила интернеттен балдар менен таанышканды жакшы көрөт. Бош убактысында дос кыздары менен жолугуп, интернеттен жигит издешет.

ТИЛ ҮЙРӨНӨ АЛБАЙ КҮНДӨ ЫЙЛАЧУ
Америкалык актриса Милена Марковна Кунис Украинадагы Черновцы шаарындагы еврейлердин үй-бүлөсүндө туулган. Кичинесинде байкеси Михаил жана анын достору менен көп ойночу. Ал учур тууралуу Милена мындайча эскерет: «Тентек болчумун. Талга чыгып алсам, алар «коркпой секир, биз тосуп алабыз» деп кыйкырышат. Мен болсо алардын тоспоорун билип туруп секирип кетем. Ал учурдан менде канча тырыктар калды, чиркин»!
1991-жылы Миланын үй-бүлөсү АКШга көчүп барып, Лос-Анжелеске отурукташып калган. Апасы Эльвира дарыкананын башчысы, атасы Марк жеке таксопарктын ээси. Ал эми агасы Михаил врач.
Лос-Анжелеске жаңы гана барганда бир да англисче сөз билбеген Миланы ата-энеси англис тилдүү мектепке беришет. Тилден кыйналган болочок актриса үйгө күндө ыйлап келчү экен. Ал учурдагы абалын Мила өзү жөнүндөгү эсселеринин биринде минтип жазат: «Элестетсеңер, 7 жашка чыкканда эле «дудук», «сокур» болуп калганыңды! Бул жакка жаңы келгенде өзүмдү ошондой сезгем». Актрисанын тил үйрөнүү жолу узакка созулган.

ТАСМАГА ТАРТЫЛУУ ҮЧҮН 6 АЙ БАЛЕТ БИЙИН ҮЙРӨНГӨН
Мила 9 жашында Беверли-Хиллз шаарында актёрлук чеберчилик боюнча сабак ала баштайт. Ошондон баштап эле анын жүзү жарнамаларда пайда болуп, алгачкы ролдоруна ээ боло баштаган. 1998-жылы кастингден өтүп, «70-жылдардын шоусу» («Шоу 70-х») сериалында роль жараткан. Негизи, бул ролго 18 жаштан улуулар алынышы керек болчу. Бирок 14 жаштагы Мила ушул өңүттөгү суроого «жакында туулган күнүм болот» деп гана канчага чыгарын жашырып койгон. Өз өнөрү менен ал режиссёрду таң калтыра алгандыктан, калпы чыккан күндө да бул ролду сактап кала алган.
2000-жылы «Гриффиндер» («Гриффины») мультсериалындагы Мегдин үнүн коштогон. Бул үчүн 2007-жылы «Энни» сыйлыгына татыган.
Кунис үчүн бурулуш жасаган «Учуу» («В пролёте») тасмасы болгон. Тасма дүйнөгө тарап, Кунистин ойногону сынчылар тарабынан оң баага татыган. 30 миллион долларга тартылган тасма 100 миллион доллар киреше алып келген.
Мила 2010-жылы Даррен Ароновскийдин «Кара ак куу» («Чёрная лебедь») тасмасында роль жараткан. Бул үчүн актриса 6 ай күнүнө 4 сааттык убактысын балет бийин үйрөнүүгө жумшап, арыктоо үчүн диетага отурган. Ушул ролу менен алгачкы жолу «Алтын глобус» сыйлыгына жана экинчи пландагы айымдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн «Киноактёрлордун гильдиясы» сыйлыгына татыган.

«МАКОЛЕЙ ЭКӨӨБҮЗ ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЖАШООНУ ЭРТЕ БАШТАП АЛГАНБЫЗ»
Жеке жашоосундагы таасирдүү жана узак сүйүү мамилеси катары актёр Маколей Калкин («Үйдө жалгыз» тасмасынын баш каарманы) менен жашаган 8 жылдык өмүрүн эсептейт. «Ал тамакты жакшы жасачу. Кечинде келгенде мени дайыма кечки тамак күтүп турар эле. Экөөбүз үй-бүлөлүк жашоону эрте эле баштап алганбыз. Кийин ажыраштык»,- деген актриса олуттуу мамилеге баруудан коркуп калгандай. Себеби учурда 28ден ашып калса да, үй-бүлө куруу жоопкерчилигине даяр эмес экендигин айтып келет. Жана да ал үчүн карьера эмес, үй-бүлө маанилүү экендигин белгилеп: «Жаңы тасмада роль алгандан көрө, сүйүктүүм жана балдарымдын жанында болууну каалайт элем»,- дейт. Журналисттер Мила тууралуу «Достуктагы секс» («Секс по дружбе») тасмасына чогуу тартылган Жастин Тимберлэйк менен жакын мамиледе» деген кабар тараткан. Бирок акыркы кездерде дагы бир атактуу актёр Эштон Катчер экөөнүн өбүшүп жаткан сүрөттөрү интернет булактарына кенен жайылды. Бирок Мила жогоруда аты аталган актёрлор менен жөн гана достук мамиледе экенин айтып келет. «Эштон экөөбүз «70-жылдардын шоусу» («Шоу 70-х») сериалына тартылгандан бери доспуз. Ал мени үйгө жеткирип барчу, балмуздак алып берчү. Ата-энем аны жакшы тааныйт жана ишенет. Эштон да, Жастин да менин досторум»,- дейт актриса бул тууралуу.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
PATRIOT.KG84
2012-07-30 22:39:55
секс по дружбе киносу аябай жагат
0
azapraza
2012-07-31 01:03:22
Seks po drujbe jakwy atkargan
0
Kg_boy3239
2012-07-31 06:36:00
тааныбайт экем
0
Perika
2012-08-01 13:09:01
koinogu sonunken
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан