Камалдин Токтосартов, Бишкек шаардык Кеңештин депутаты: «ГҮЛ ИДИШТЕРГЕ КОРОГОН АКЧАГА КОНУШТАРГА СУУ ЧЫГАРЫП БЕРСЕК БОЛМОК»

Көпчүлүк салмактуу саясатчылар карьерасын коомдук иштерден, шаардык Кеңештен башташкан. Алар сыяктуу шаардык Кеңеште депутат болуп, өзүн чоң саясатка таптап жаткан бирөө бар, Камалдин Токтосартов деген. Камалдин мырза учурда Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты, Каржы жана бюджет комитетинин төрагасы, шаардык Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын түптөөчүсү. Бул мырза менен шаар маселелери тууралуу маек курдук.

– Камалдин мырза, алгач өзүңүз тууралуу кеп кылсаңыз. Кантип депутат болуп, сая­сатка аралашып калдыңыз?
– Мен Бишкекте төрөлүп, ушул күнгө чейин борбор калаабызда жашайм. Орто билим алгандан кийин экономикалык жана юри­дикалык жаатында жогорку билимге ээ болдум. Кийин
УКМКда иштедим. 2006-жылдан баштап Эл аралык “Руханият” ассоциациясында биринчи вице-президентимин.
2008-жылы шайлоо башталар алдында “шаардык Кеңешке шайлоого катыш, сага ишенебиз” дегендер көп болуп, шайлангам. 4 жыл бою убактысын коротуп, көрүнгөн эле адам күйүп-бышып бекер иштебесе керек. Биз, жергиликтүү Кеңештин депутаттары, айлык албайбыз, мандатыбыз болгону менен, мыйзамда ал белгиленген эмес. Аткарган милдетибиз ЖКнын депутаттарыныкынан кем калышпайт.

– Сиз Бюджет жана каржы комитетинде төрагаcы экенсиз. Азыр шаардагы эң чоң ма­се­ле­лердин бири – жол. Негизи эле жолду оңдоо иштерине канча каражат бөлүндү эле?
– Быйыл бюджетти жарым жыл ке­чигип карадык. Шаардык Кеңештин депутаттары июнь айында гана бюджетти бөлүштүрүүгө киришти. Бул жылы шаарды өнүктүрүү үчүн 159 миллион сом гана бөлүнгөн. Ушул сумманын ичинде жол маселесин да чечүү керек. Бул акча анча-мынча тешиктерди бүтөп, бир-эки көчөнүн 2-3 гана чакырымдай жолун оңдогонго жетет. Ар жылы эмнегедир өкмөт тараптан бөлүнө турган акчанын суммасы ошол эле бойдон же азайып кетип жатат. Эгер көп эле суммада каражат бөлүнсө, Бишкек шаарын алдыга алып чыгып кете алмакпыз.

– Эгер казынанын абалы бул болсо, Бишкекти көрктөндүрүү үчүн 10 миллион сомдон ашык каражатка гүлдөрдү сатып алууга сиздердин комитет эмне үчүн макулдугун берди? Анын ордуна башка маанилүү иш жасаса болбойт беле?
– Болмок. Тургундардан келип түшкөн нааразычылыктарды мен дагы колдойм. Негизи, комитет жашылдандырууга деп бюджеттен каражат бекитип берген. Мэ­риядагылар гүл идиштерин, гүлдөрдү кымбат баада сатып алышыптыр. Биз бюджеттен ка­ражатты бекитип гана беребиз, мэриядагылар сатып алгандан кийин кайра артка өткөртмөк беле? Кийин сессияда гүлдөр тууралуу укканда депутаттар менен бирге вице-мэр Вячеслав Красиенкого нааразычылык жа­рыялаганбыз. Бюджетте акча жетишерлик болсо, Бишкекти гүлдөткөнгө не жетсин! Бирок андан маанилүү маселелер көп. Мисалы, жаңы конуштарда суу маселеси чечилбей келет. Өнү­гүп келе жатат деген Көк-Жар конушунда бир да бейтапкана жок. Бишкектин мэрия каржылай турган мектептеринде эмдигиче оңдоо иштери жүргүзүлө элек. Санай берсек, жасала элек иштер көп.

– Демек, шаар башчысынын ишин канааттандырарлык эмес деп баалайсыз...
– Баары эле мэр болом дегенде иш планы менен келет. Баарынын планы – “шаарды өнүктүрөм”. Ти­лекке каршы, көңүл жубатарлык жыйынтык көрбөй келе жатабыз. Иса Өмүркулов тууралуу айта турган болсом, жакшы эле иштеди. Бирок кемчиликтер жок эмес.

– Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы эң аз санда, ал эми шаардык Кеңеште канча депутат фракцияны түзөт?
– Туура, сиз белгилегендей, «Ата Мекендин» ЖКда 18 гана депутаты бар. Бирок аз болсо да жасаган иштери, көтөргөн демилгелери өлкө үчүн кандай пайда алып келип жатканы элге белгилүү. Шаардык Кеңеште «Ата Мекен» фракциясы 6 депутаттан турат. Биз да борбор шаарыбыздын өнүгүшү үчүн болгон аракетибизди жумшап келебиз. «Ата Мекен» партиясы шаар тургундарынын бир далай маселесин чечип, баш калаабыздын көйгөйлүү маселелерин өкмөттүн жана ЖКнын деңгээлине алып чыга алат. Маселен, №61-мектеп боюнча. Бул маселеде ЖК жана шаардык Кеңештеги фракциялар бирдей пикирди карманабыз. Рейдерликтин бир түрү катары баалайбыз. Өкмөттүн, анын ичинде тийиштүү министрликтин мектепти өзүн каржылоого өткөрүү чечимин кескин түрдө сынга алабыз.

– Маегиңизге рахмат. Иши­ңизге ийгиликтерди каа­лайбыз!

Айдай Асанбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
buduz-80
2012-07-30 10:22:53
булар кайдан Ата-Мекен болуп журот,мына сага заманан бору болсо бору бол,тулку болсо тулку бол деген ушул турбайбы,булар айлык албаганы менен канча собашка кылышат аны айтпайт,булар посредниктер да.
0
№ 508, 27-июль-2-август, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан