Борбор калаанын чет жакасындагы №2-аялдар абагын көздөй сапар алдык. Аты жаман абактын ичинде аялзаты эмне жумуш кылып, кантип күн өткөрөрү мен үчүн кызык болду. Бул жакка келишибиздин себеби бар болчу. Анда ошондон кеп салалы.
«ЭРКИНДИККЕ ЧЫКСАМ, ТИГҮҮЧҮ БОЛУП ИШТЕЙМ»
Учурда бизде тигүү тармагы жакшы өнүгүүдө. Так ушул жеңил өндүрүштү колдоо максатында үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тарта Бишкек шаарынын №2-аялдар түзөтүү абагында тигүү цехтери оңдолуп-түздөлүп, ишке кирди. Баары жаңы, заманбап техникасы менен камсыздалып, 18-июль күнү ачылуу аземи болуп өттү. Мындай жакшы шартта кантип айымдар карап турушсун, тез эле ишке киришиптир. Алардын бири – Арымова Зауле аттуу айымды ат жалында кепке тарттым:
– Абакка эмне себептен түшүп калдыңыз?
– 4 жылга кесилгем, себебин айтпай эле коёюнчу.
– Эркиндикте жүргөндө да тигүүчүлүк шыгыңыз бар беле?
– Жок, мурда такыр тигип көргөн эмесмин. Бул жакка келгенден кийин тиккенди 3-4 айда үйрөндүм.
– Айлык акыңыз канча болот?
– Өзүбүзгө жетиштүү. Эң көбү 2000 сом, кээде андан деле аз алып калабыз. Мурун көп болчу, бирок эмнеге экенин билбейм, азайтып салышты. Акчабызга өзүбүзгө керектүү айна, самын, момпосуй сыяктуу майда-чүйдөлөрдү сатып алабыз.
– Эркиндикке чыкканда эмне жумуш кылсам деп ойлоп жатасыз?
– Буюрса, бир айдан кийин эркиндикке чыгам. Мурда базарда иштечүмүн, эми тигүүчү болуп иштесемби деген оюм бар. Себеби мага жакты.
«АБАКТАН ЧЫККАНДАН КИЙИН ИШ МЕНЕН КАМСЫЗДАСА БОЛОТ»
Маектешимдин каректеринен ишенимдин учкундары байкалып турду. Аны көрүп, менин да бүгүнкү иш-чара кандайдыр бир деңгээлде пайдалуу экендигине көзүм жетти. Абактагыларга так ушундай жеңил өнөр жай тармагын, цехтерди ачып берсе, айлык акыларынын жок дегенде жарымын банкта сактап, өздөрүнө берсе, балким, эркиндикке чыкканда күнүмдүк жашоосуна керектегенге жаратышмак. Ал эми бул абактан топтогон тажрыйбасын колдонуп, эркиндиктен иш таап кеткендер да көбөйүп, кайра кайтып келгендер азаят беле?.. Ал жагын тиешелүү кызматтагылар ойлонуп жатышкан чыгар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Туратбек Мадылбековду сөзгө тарттым:
– Ушундай өндүрүштөрдү башка абактарда да ачууга бизде мүмкүнчүлүк барбы?
– Мүмкүнчүлүк бар. Булардын тиккендери сапаттуу болсо, кардарлар көбөймөк. Абакта эмне деген кесиптеги адамдар отурбайт, агроному да, врачы да, экономисти да, баары бар.
– Абактагылардын айлык маянасын толугу менен өздөрүнө берип, эркиндикке чыккандан кийин ишке орноштуруу үчүн мыйзам чегинде кандай иштерди жасаса болот?
– Эгер бул жакта жакшы иштеп, өзүн үлгүлүү алып жүрсө, сертификат бериш керек. Мисалы, нанды бышыруу боюнча. “Кандай сапатта нанды бышырып жатат?” деп мыктыларына сертификат берсе, эртең, албетте, ал кишиге суроо-талаптар түшө баштайт. Эркиндикке чыкканда иш таап кете алат. Ал абактын жетекчилеринен да көз каранды. Жетекчилер барып, булардын иштерин компаниялар менен тааныштырып турса, суроо-талап көбөймөк.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg