Көк-Ой айылында үй телефон линиялары орнотулуп, жергиликтүү тургундардын кубанып турган маалы. Мурун айыл тургундары Талас шаарына чалуу үчүн атайын кодду пайдаланышса, азыр түз байланышка чыга алышат. Шаардык линияларга кошулгандан баштап байланыш жандана баштаганын айтышат жашоочулар. Мурун Талас шаарына чалганда акча көп кетип, калк үй телефондорун пайдаланчу деле эмес. Мындан кийин акырындап Талас районунун аймагындагы бардык айылдарда телефон линиялары орнотулса, эл арзан жана жеткиликтүү байланыш менен камсыз болот.