Восток айылынын №3-мектептеги кыздар арасындагы мушташ боюнча кылмыш иши сотко берилерин ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Аламүдүн РИИБи 9-класстын окуучулары мушташканы боюнча кылмыш ишин козгоду. ИИМ мушташка катышкан кыздардын биринин энеси “милиция кызматкерлери бул ишке кийлигишпей коюшту” деген сөзүн төгүндөп чыкты.
Укук коргоочу Камил Рузиев Чүй облусунун Восток айылынын тургуну Зульфия Насырованын сөзүнө шилтеме жасап, "улутчулдук себептен жабыр тарткандыгы жөнүндө арызды милицияга берсе, алар ага көңүл бурбай коюшкан" деген. Укук коргоочунун айтымында, Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү Азамат Садырбаев "соттук-медициналык экспертизанын корутундусу жок" деп ишти токтотуу жөнүндө чечим чыгарган.