Сокулук районунун Ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жол кырсыгына күнөөлүү айдоочу кармалды. Ал эки өспүрүмдү сүзүп кетип, алардын бири каза болуп, дагы бирөө ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
19-июлда саат 16:00 чамасында Сокулук районунда белгисиз КамАЗ прицеби менен Маловодное айылындагы кыш заводуна баратып 15 жаштагы велосипедчен өспүрүмдү жана 10 жашар баланы коюп кеткен. Кырсыктын кесепетинен алган жаракаттан улам 15 жаштагы өспүрүм аймактык ооруканада жашоо менен кош айтышкан. Экинчи бала учурда ооруканада жатат.
Жол кырсыгынын күнөөкөрү окуя болгон жерден белгисиз багытка из жашырып кеткен эле. «Сокулук райондук ИИБинин жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Ош облусунун Кара-Суу районунун 48 жаштагы тургуну колго түшүрүлдү»,- деп кабарлашты милиция кызматынан.